- Айтсаңыз, азыр жагдай кантип атат, ууланган адамдардын саламаттыгы кандай?
- 12-майга карата козу карын менен уулангандардын саны 15 кишиге жетти. Анын ичинен жетөөсү балдар. Алардын ичинен эки киши набыт болду, 10 жашар бала жана 37 жаштагы аял. Жалпысынан бүгүнкү күндө бул Бишкек шаарынын тургундары жана Аламүдүн, Сокулук райондорунун тургундары болуп саналат.
Азыркы күндө дарыланып жаткан кишилердин акыбалы туруктуу деп эсептесек болот. Реанимациялык бөлүмдөн жөнөкөй бөлүмгө которулду. Жалпысынан симптоматиялык дары-дармектерди алып жатышат. Толук айыккандан кийин буларды үйлөрүнө жиберебиз.
- Учурда жапайы уулуу козу карынды пайдаланууга жолтоо боло турган кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?
- Акыркы бир топ жылдар бою биздин Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунун айрым райондорунда май, июнь айларында жаанчыл болгондон кийин жаандан кийин козу карындар көбөйүп чыгат. Бүгүнкү болгон окуяларды токтотуу максатында атайын токтом чыгарып, базарларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында козу карынды колдонууга тыюу салдык. Андан сырткары эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анткени уулуу козу карындарды уулуу эмес козу карындардын айырмасын билбегендиктин негизинен келип чыгып атат мунун баарысы.
- Буйрукту сиздер бердиңиздер, анын аткарылыш механизми кантип көзөмөлдөнөт?
- Аткарылышын көзөмөлдөгөн жер-жерлерде өзүбүздүн кызматкерлер бар, ошолор бүгүнкү күндө ички иштер кызматкерлери менен бирдикте рейддерди жүргүзүп, базарларда жана көчөлөрдө саткан кишилерге тыюу салып, эгер билип калса козу карынды алып жок кылуу максатында иш чараларды жүргүзүп жатышат.
- Буга чейин фактылар барбы, козу карындарды терип келгендерди кармап алып койгон?
- Ар бир күнү алып атат. Кечээ эле Бишкектен 30 килограммдай козу карынды колдон алышып, анын баарын азыр топтоп атабыз. Бирок базарларда бүгүнкү күндө тыюу салынган.
- Ошону болтурбаш үчүн, дегеле акыркы жылдары өзүңүз дагы айтып атабыз абдан өнөкөткө айланып баратат да. Бул адамдардын саламаттыгына абдан катуу зыян келип аткандыгына күбө болуп атабыз. Ошондойлорду болтурбай коюу, зын келбегидей иштерди жасаштын эмнеден көз каранды?
- Негизинен элге түшүндүрүү иш керек. Козу карын терген кишилер билиш керек, кайсы түрү уулуу, кээде уусуз козу карындарды сактоо эрежелерин бузса ошолор дагы ууга айланып калышы мүмкүн. Бүгүн муну тыюу салуу жолу менен токтото албайбыз, ошондуктан сезондун астында эл арасында түшүндүрүү иштерин жасаш керек дагы, ар бир атуул өзүнүн ден-соолугу үчүн күрөшүшү керек.
- Түшүндүрүү иштери ким тарабынан жүргүзүлөт?
- Мисалы бүгүнкү күндө ММКлар аркылуу гезиттерге атайын статьяларды чыгарып атабыз, пресс-конференцияларды өткөрүп атабыз, радио, башка ММКлар аркылуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз.
- Билим берүү мекемелери менен кызматашуу барбы бул өңүттө?
- Албетте, мисалы мектептердеги атайын диктанттарды жаздыруу, же жогорку окуу жайларында сезонго жараша окуу программаларына киргизип, атайын сабактарды өтүү жагын колго алуудабыз. Буларды негизинен айрыкча жаш балдар терип атышпайбы. Терип алып кетишет дагы анан билбестиктен жеп алып атышат. Биринчи бешинде болгон окуяда дагы жаш балдар барып теришкен дагы, аны эки үй-бүлө бөлүп жешкен. Ошонун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.
- Маегиңизге чоң рахмат.