Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:15

Нарын калың кардын капшабында


Тянь-Шань тоолору
Тянь-Шань тоолору

Нарын облусунун тоолуу райондору капыстан жааган калың кардын капшабында калды. Кардын калыңдыгы Ак-Сай менен Арпада бир метрге чукулдады. Ал жакта калган чабандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларын тик учак менен жардамга жиберди. Ата-Башы жана Нарын райондорунда жыйнала элек эгинди кар басып калды.


Ак-Сай, Арпа сыяктуу бийик тоо арасынан түшө элек жүздөн ашык малчыларга жардам иретинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тик учак менен жөнөп кетишкени кабарланууда. Тик учак бийик тоо арасын айланып учуп, жардамга муктаж чабандарга азык-түлүк жеткирмекчи.

Облустун губернаторунун биринчи орун басары Эмил Абдраимов кыйынчылыкта калган аймакка кетер алдында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жардам биринчи ирет Ак-Сай менен Арпа тоолорунда калган чабандарга жөнөтүлүп жатканын билдирди:

-Ак-Сайда жааган кардын калыңдыгы 80 см, бир метрге жетет деген маалымат бар. Нарын районунан ал жакта 26 малчы бар. Ат-Башыдан Ак-Сайдан тартып Арпага чейин жайлаган жүздөн ашык адам бар. Этек жагындагы малчылар көчүп келип атат. Алкым жактарына машина жетпей, жолдорду ачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бүт болгон техниканын баарын тарттык, кызматтардын баарын жумшадык.

Губернатордун басма сөз катчысы Айсалкын Карасартованын айтымында, Ат-Башы жана Нарын районунун эгин талааларынын көбү кар алдында калды. Ат-Башы районунда эгин быша элек, ал эми Нарын районунда түшүм жарым-жартылай эле жыйналган болчу. Келген зыяндын көлөмүн атайын комиссия тактоого киришти.

Кардын салмагын көтөрө албай, электр зымдары дагы үзүлүп, бир катар райондор электр жарыгы жок калды. Нарын районунун Эки-Нарын, Ийри-Суу айылдарында кар калың түшкөн, ал жактагы жашоочулардын айтымында электр энергиясы дагы эле бериле элек.
Нарын шаарынын Городок аймагында көп кабаттуу үйлөрдө төрт күндөн бери электр кубаты жок.

Капыстан жааган кар отун-суусу камдала элек үйлөргө кыйынчылык алып келди. Нарын шаарынын вице-мэри Нурбек Молдокадыровдун айтымында, шаар жашоочулары үчүн бир да тоголок көмүр тартыла элек.

Шаардагы отун базада көмүр жок. Анын себеби көмүр ташыган Беш-Сары ишканасынын ордуна түзүлгөн мамлекеттик Кара-Кече ишканасынын айланасында иштер жогорку жактан чечилбей турат.
XS
SM
MD
LG