Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Ошто беш миң адам сууктун капшабында калды


Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы Манас-Ата кичи районунун 5 миңге чукул жашоочусу энергетикалык блокадага кабылганына 10 күн болду. Жергиликтүү тургундар жок карызды мойнубузга илип коюшту деп коңгуроо кагышууда.

Ош шаарына караштуу Манас-Ата кичи районундагы үй-бүлөлүк 9 жатакананын 5 миңге чукул жашоочусу он күндөн бери электр энергиясыз жансакташууда. Аймактын тургундары мэрия жана «Ошэлектро» ишканасы мурунку карыздарды мойнубузга илүүдө, андан көрө эсептегич коюп, жарыкты жандырып беришсин!» деп коңгуроо кагышууда.

- Миллиондогон карызды эч ким төлөй албайт. Бизге счетчик коюп берсин, ошол боюнча төлөйбүз. Мисалы, бир жатакана айына 12-13-15 миңге чейин төгөт. Кайда кетип атат ал акча? Мурунку карыздарды төлөгүлө деп атат азыр. Мен алганыма мисалы бир жыл боло элек, мен бирөөнүн карызын төлөбөйм да эч качан. Счетчиктин жогунан пайдаланып жеп атышат, - дейт "Манас Ата" кичи районунун жашоочусу Айнура.

Айласы куруганда сыртка казан асып, тамак бышырып жаткан Кенжегүл аттуу келин балдар сукка тоңуп, ооруга чалдыгышкандыгын, ал эми чоңдор моминтип өлбөстүн аракетин кылып жатышкандыгын туюндурду:

- Бул жерде аялдар акчасын чогултуп беребиз, өчүрбөй эле кой дегенине болбой өчүрүп кетишти. Жаш балдар бар, үшүп, ооруп атышат. Эптеп отун таап эшике от жагып тамак кылып атабыз. Газды 5-6 миң сом менен толутуруп берет экен, ага акча жок.

Манас-Ата кичи районундагы үй-бүлөлүк 9 жатакананын жарыксыз калгандыгын Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков тургундар «Ошэлектро» ишканасына 13 миллион сом карыз экендигине байланыштырды:

- Электр энергиясы товар болуп саналат. Муну эл түшүнбөй жатпайбы. Ошол себептүү Манас Ата кичи районундагы карызы көп жыйырма үй-бүлөлүк жатакананын тогузунун жарыгын өчүрүүгө мажбур болдук. Алардын мамлекетке бересеси 13 миллион сомдон ашып түштү. Бул көрсөткүч жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Мейли, ошончо акчадан кутулуш кыйын дейли. Учурда пайдаланган акысын да төлөшпөй мукуратышууда. Ушинтип көгөрө беришсе, жарыгын жандырбайбы,-деп кесе сүйлөдү вице-мэр Мухиддин Мамасадыков.


XS
SM
MD
LG