16-августта EurasiaNet.org интернет-басылмасы Кыргызстандын айрым расмий адамдарынын «патриоттук» маанайы жөнүндө жазды. Анда өкмөттүк адамдар менен өздөрүн «патриотмун» дегендер, өздөрү коррупция менен мыйзамсыздыкка батканына карабай, «өлкөдөгү бардык проблемаларда эл аралык уюмдарды күнөөлөп жатышат» деп айтылат.
Мисалы, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров өткөн аптада: «Эл аралык уюмдарга ишенип болбойт, анткени алардын Оштогу жергиликтүү өкүлдөрү - өзбектер», - деп айткан.
Расмий адамдардын мындай билдирүүлөрү ашкере улутчул топторго «эл аралык коом өзбектерди колдоп, кыргыздарга каршы кыянаттык кылат» деген сыяктуу жалган белгилери абалды андан бетер татаалдаштырат, деп жазылат макалада.
Ал эми Британиядагы «Телеграф» (Telegraph.co.uk) гезити Оштун жергиликтүү өкмөтүнүн июндагы коогалаңда талкаланган шаарды калыбына келтирүү пландары жөнүндө жазган.
Макалада «Үйлөрүнөн ажыраган өзбек тегиндеги жарандар кайсыл жакка көчүрүлөт? Эмне үчүн алар курула турган көп кабаттуу үйлөргө баргысы келбейт? Расмий адамдар бул боюнча эмне дешет?» деген өңдүү суроолорду койгон.
«Көп кабаттуу үйлөргө турак жайлары өрттөнүп кеткендер көчүрүлөт. Эгер ал жакка көчүүнү каалашпаса, мурдагы үйлөрүн өздөрү оңдоп алышсын, - деп айткан Оштун вице-мэри Таалай Сабиров. Жергиликтүү бийликтин өзбектерди көчүрүү пландары эл аралык уюмдарды тынсыздандырат, деп айтылат макалада.
13-августта EurasiaNet.org түштүктөгү коогалаң өзбек-кыргыз аралаш никелүү үй-бүлөлөргө кандай таасир эткени жөнүндө жазды. 10 жылдан бери кыргыз жубайы менен бактылуу жашап келген өзбек тегиндеги Алишер Сулайманов коогалаңдан кийин аялы жана тогуз жашар баласы менен көрүшө албай жатканы жөнүндө арманын айтат. Макала мындай аралаш үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү оор абалда калганын, эки жактын тең туугандары каршы турганынан көбүнчө жубайлар ажырашып жатышканы баяндайт.
«Глобалдык үндөр» (Global Voices) деп аталган интернет-баракча Кыргызстанда күчөп бараткан улутчулдук жөнүндө жазып, аны алдыдагы парламенттик шайлоодогу таймаштын негизги темасы болуп калат деди.