Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Тариф саясаты элдин жанын кашайтты


“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар отун-сууга тарифтердин кымбатташына нааразылыгын билдиришип, журналист А.Ташиевди өлтүргөн милиция кызматкерлеринин шарттуу кесилиши соттордон адилеттик кетип, мыйзамдуулуктун сакталбай калышынын ачык көрүнүшү деп кабатыр болушууда.

Учурда отун-сууга тарифтердин кымбатташына байланыштуу “Эл үнү” программасына кайрылган угармандар “чар тарабынан” кымбатчылык кысып келатканын айтып, бийлик башындагыларга нааразы болушууда.

Нарындык Алыбай аксакалдын пикиринде, президент Курманбек Бакиев жылуулукка тарифтерди көтөрүүдөн мурда “жети өлчөп, бир кессе” болмок.

-Электр кубатына, сууга, жылуулукка бааны көтөргөндү президент К.Бакиев былтыртан бери укпай, көрбөй кайда жүрдү? Былтыртан бери бааны көтөрүү боюнча кеп жүрүп жатса, баякүнү телевизордон уктук, Бакиев бала бакча ачып атып,”Жылуулукка тарифтердин көтөрүшүн текшертип туруп, керек болсо токтотуп коем дейт. Тарифтерди туура эмес көтөргөндөр болсо жазаланат”,-дейт. Бул баягы Бакиевдин жерге түшүп калган “авторитетин” эптеп чогултуунун, аброюн көтөрүүнүн амалы да. Кыйын болсо ошол былтыр эле тыяк-биягын жакшылап анализдегиле? Элдин акыбалына карап бааны көтөргүлө, десе болмок.

Бишкектеги ардагерлер, мугалимдер, катардагы кызматкерлер, айыл тургундары дагы отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшүнө нааразылыгын билдиришүүдө.

Анипа: -Данияр Үсөновго менин суроом бар эле. "Түндүкэлектр ишканасын" керек болсо 1 долларга сатымын” дегенин радиодон уктум. Эмне "Түндүкэлектр" ишканасын Данияр Үсөнов өзү керт башы менен курду беле? К.Бакиев бийликке келгенден бери Данияр мырза төрт жолу кызматка келип, үч жолу кызматтан кеткен. Мен мунун жүрүм-турумунан, кел-кел десе келген, кет-кет десе кеткен мүнөзүн жоопкерчиликсиз деп салыштырам. Роза Отунбаеванын сөзүнө кошулуп, Данияр Үсөновдун кызматтан кетүүсүн каалайт элем..

“Эл үнүнө” кайрылгандардын бир даары өтүп бараткан аптада Ноокат райондук соту журналист Алмаз Ташиевди өлтүргөн эки милиция кызматкерин беш жылга шарттуу кескенине тынчсызданышып, соттордун ишине сын-пикирлерин айтышты.

Калбүбү: - Ноокат райондук сотунда журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу милициянын эки кызматкеринин үстүнөн жүргөн соттук териштирүү мыйзамга ылайык келбейт. Акыркы мезгилде Кыргызстанда сот системасы абдан булганыч, жаман оюндарды ойногн системага айланып кетти. Баткен облусунун райондорунун биринде укук коргоо органдарында иштеген бир киши, автоунаасы менен бир кишини өлтүрүп алып, ордуна “ушул киши өлтүргөн деп өзнүнүн жакын тууганын соттотуруп, эки жарым жылга шарттуу түрдө кестиртип койгон. Бирок ал адам укук коргоо кызматында дагы эле иштеп жүрөт. Мына ушундай иштерге барган сот жана милиция органдары элди эч качан акыйкатчылыкка жеткирбейт.

Кубанычбек Алымжанов:Ноокатта акимиаттын айнегин сындырып койдуңар деп отуздан ашык кишин жыйырма жылга чейин кести эле. Эми Алмаз Ташиевдин өлтүргөн эки милицияны беш жылга шарттуу кескени, бул соттордун такыр калыссыздыгы.

Гүлнара:Ноокаттагы милицияларга чыккан өкүм тууралуу угуп алып,мен ушундай ойго келдим да.”Адамды өлтүргөн экөөнү беш
Милициянын тепкисинен көз жумган Алмаз Ташиев
жылдан шарттуу кесип, эмне үчүн генерал И.Исаковду өзү министр болуп турганда кайра катырп берген үйү үчүн 8 жыл берип жатат. Соотордо акыйкаттык жок.

Укук коргоо органдары болсо журналист Алмаз Ташиевге байланыштуу иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгүн, күнөөлүүлөр жасаган айыбына жараша жаза алышканын белгилешүүдө.

Жума күнү Өзгөндөн угармандар телефон чалып паспорт бөлүмүндө жарандык паспортторун үч айдан бери ала-албай кыйналып жүрүшкөнүн кабарлашты.

Өзгөндөгү паспорт бөлүмүнүн башчысы Курстанбек Бекешов үч айдан бери паспорттордун үлгүлөрү чыгарылбай, убактылуу Бишкектен жөнөтүлбөгөндүктөн улам паспорт берүүнүн мөөнөтү узарып кеткенин, кечээтен баштап (24-фералдан) жарандык паспорттор бериле баштагынын, анча-мынча проблемаларды тез арада чечишерин “Азаттыкка” билдирди. паспорт дөгү бир учурга күбө болдуңуздар.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз карашыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз, 0312- коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG