Аталган көргөзмөнүн ачылышы 22-октябрда Бишкектеги Менеджмент жана дизайн университетинде өттү. Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын маданият министри Садык Шер-Нияз келип ачты.
Нафиз Шахин мырза өткөн жылдын октябрь айынан тартып Түркия элчилигинде маданият жана маалымат иши боюнча кеңешчи болуп иштеп келатат. Ал келгенден бери эле Кыргызстандын кооз жаратылышына суктанып, көп улуттуу калкынын турмушуна кызыгып, барган жеринде кызыктуу көз ирмемдерди сүрөткө тартып алууда. Ошол эмгектеринин ичинен тандалмалары көргөзмөгө коюлду.
Нафиз Шахин кесиби боюнча журналист. Азербайжанда маданият боюнча кеңешчи, Маданият жана туризм министрлигиндеги Көркөм сүрөт искусствосунун башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Көп жылдар бою Түркия Элдик бийинде окутуучулук ишин аркалаган. Анда “Анадолунун бийи жана ыры” деген көргөзмөсүн өткөргөнгө жетишкен. Жаратылыш, тамчы суу, дарактын кабыгы анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт. Буга анын Стамбулда өткөн эл аралык форумдардын биринде ”Тамчы суу жана дарак кабыгы” деген көргөзмөсү күбө боло алат.
Көргөзмөдөгү айрым сүрөттөр: