Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Мыйзамын мылжың болсо, кылмышың төбөгө чыгат


“Ачык саясат” гезити Швецияда жашап жүргөн Эдил Байсаловдун “Кыргызстандын саясый лидерлерин уурдоонун артында ким турат?” деген макаласын жарыялады. “Жаңы ордо” оппозиция Маскөөдөн жолу болбой, шылкыйып кайтты деп жазды.

“Ачык саясат” гезити бийлик куугунтугунан качып Швецияда жашап жүргөн Эдил Байсаловдун “Кыргызстандын саясый лидерлерин уурдоонун артында ким турат?” деген макаласын жарыялады. Анда депутат Шаботоев менен Амиржановду бийликтин бандиттери уурдадыбы же кылмышкерлер уурдадыбы, бүгүн булардын кимиси уурдаса да бири-биринен айырмаланбай калды деп айтылат. Өлкөдө ошентип максаттуу түрдө террорчулук маанай түзүлө баштады, эсиңерде болсо 2005-жылы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Р. Акматбаев тарабынан уюштурулган митингде андагы тигилген бозүйлөрдү көрүп алып, президент К. Бакиев ачык эле кубанган дейт Э. Байсалов. Ал эми Улуттук Коопсуздук Комитетинин башчысы М. Суталинов биз бул өңдүү окуялар менен аракеттенбейбиз деп билдиргени таң калтырат. Эгер Жогорку Кеңештин депутатынын, коомдук ишмердин дайынсыз жоголушу УККны тынчсыздандырбаса, мындай иштерге анын тиешеси жок болсо анда элдин акчасына жашаган бул сыяктуу органдын кимге кереги бар деп суроо коет Байсалов макаласында.

Ушул эле гезит өкмөт башчысы И. Чудинов кетип, ордуна Д.Үсөнов, ИИМ министри болуп А. Мавлянов, Каржы министри болуп А. Шадиев, ИИМ Академиясына М. Кайыпов, Чегара кызматына И. Исаков, Билим министри болуп Досбол Нур уулу, Мамкатчылыкка Ү. Сыдыков дайындалат экен деген имиштерди шардана кылды. Кезит каңшаары боюнча Акүй М. Садыркуловду элчиликке көндүрүп, ордуна А. Мадумаровду апкелгени жаткан имиш...

Өлкөдөгү жеңил өнөржай тармагынын учурдагы абалы тууралуу ой-пикирлердин топтомун жарыялаган гезитке КР өнөржай ишканалар Ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов жооп берген. Адистин айтуусунда Кыргызстан өз товарын негизинен Орусия менен Казакстанга экспорттойт, бирок жаздан бери карай Казакстан экспорттун көлөмүн 60 пайызга кыскартып салды. Кокус мунун артынан товар экспортун 100-120 пайызга чейин көтөргөн Орусия дагы аны 30 пайызга чейин кыскартып жиберсе анда чындап эле кыргыз өнөржай ишканалары кыйроого учурайт деп баяндалат.

“Жаңы ордо” гезити, оппозиционерлер жылуу имаратка чогулуп, бири-бирине комплимент эле айтышпаса, кеңири массаны көчөгө чыгарып, ири масштабдуу саясый акцияларды уштурушу мүмкүн эмес. Кыясы курултайдын кечеңдешине оппозициянын Маскөөдөн жолу болбой, шылкыйып, суз кайтышкандары себеп болду көрүнөт. Чоң саясый акцияларды уюштурууга Маскөөдөн да, Вашингтондон да спонсор табылбаганы дайын болуп калды деп жазды.

Гезит мындан тышкары дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан Орусиядагы ири курулуш объектилери токтоп жатканын маалымдап, ал жердеги эмгек мандикерлеринин көбү курулушта иштегендер экендигин, андыктан иши жок калган мекендештердин агымы кайра Кыргызстанды каптабас бекен, кризис биздин өлкөгө таасир тийгизбес бекен деген суроолорду койгондо ЖК депутаты Р. Тагаев, Маскөөдө иштеген кыргыздардын массалык түрдө көчүп келерине ишенбесин, бирок кризис экономикага таасирин тийгизерин айтса, ЖК депутаты И. Өмүркулов, түздөн түз таасири болбойт. Анткени баалуу кагаздар менен иштеген биржалар жок. Кыргызстанда жалпы эле фондулук рынок өнүгө элек. Бирок жарык өчүрүлө берип, ишканалар банкрот болуп, кээ бир ишкерлер капиталын башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатат. Бул жакшы эмес. Эртеңибиз белгисиз деп жооп берди.

“Агым” гезити “Ыңгайсыз суроолор” деген тема алдында саясатчы А. Атамбаевге кайрылып: “Өкмөт башында турганда “менин уруум тейит, андыктан Бакиевдер менен тууганмын” деп баткендик туугандарыңызга мактанып алып, кызматтан кеткенден кийин “бул бийлик Кокон хандыгын курганы жатат” деп жар салганыңыз абийирге жатабы?” деп, Энергетика жана отун ресурстар министри С. Балкыбековго кайрылып: “ Былтыркы кышта өзбектер менен казактар “силер сууну секундуна 850 литрден агызып жатасыңар, 650 литрден ашуун кое бербешиңер керек” деп зар какшап безилдешкен. Ошого карабай миллиарддаган куб сууну неге кое бердирдиңиз? Мунун натыйжасында “Шардарыя” суу сактагычында авариялык кырдаал түзүлүп, бийиктиги 10 метрге жакын муз тоңгонун кыргыздар билбесе, өзбектер менен казактар жакшы билет. Чын эле кышы бою аккан ошол сууга 1 тыйын акы алынбай бекер актыбы?” деп, “Жарыкты өчүрүүнүн негизги максаты сууну үнөмдөө деп элге түшүндүрөсүз. Бирок Токтогул суу сактагычында 3 айдан бери суунун бир карыш да көтөрүлбөгөнүнө не дейсиз?” деп, “Жарыкты өчүрүү 1-ноябрда токтойт деп элди ишендирип коюп, эми 3-ноябрга жылдырдыңыз. Бирок өчүрүү кышы бою улантыла берерин четке каккан жоксуз. Балкыбековдун кайсы сөзүнө ишенсек болот?” деп суроо койду.

Ушул эле гезит экс-президент А. Акаев орус элита өкүлдөрү менен жолугуп, азыркы бийликти ээрден шыпырып түшүрүү амалын көрүп атыптыр. Жаңы жылга чейин орус президентинин кабыл алуусунда болорун Маскөөгө барып кайткан оппозиция өкүлдөрү “эчкимге оозуңдан чыгарба” деп айта берип элге жайып жиберди деп, К. Кабилова жакында бир өлкөгө элчилик кызматка кеткен жатыптыр деп, Ү. Сыдыков үкөлөрү И. Исаков, Ош губернатору А. Карашевдин атасы Азим Карашев жана “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Д. Чотонов менен Кыргызстанды түрө кыдырып жүргөнүн, Базар-Коргондо болгондо “Текебаев мыкты экен, эмки президенттик шайлоодо мен Текебаевди колдойм” деп, Нарынга барганда “Мен түбү саякмын. Эмки президент саяктардан чыгышы керек” сүйлөптүр деп жазып чыкты.

“Кыргыз руху” гезити “Саясый божомол” деп аталган рубрика алдындагы макаласын “Ф. Кулов президент болобу?” деп атады. Кулов тагдыр чечер маселелерге келгенде Бакиевдин тигил же бул чечими үчүн шпаргалка болуп бергенин, К. Бакиев Ф. Куловго өзүнө ишенгендей ишенгенин өткөн жылдын апрелинде оппозицияны талкалагандан кийин даана байкалганын кеп кылды. Ошентип эчкимге ээ-жаа бербей чунаңдаган оппозицияны өзөртө сокту. Кулов мунусу менен К. Бакиевге өтө берилгендигин жана мыкты чекисттигин көрсөттү. Кыргыздар сөөккө жеткен жамандык кылган же сызга олтургузган кишисин “Кысталак калмак кылбаган ишти кылды” деп сыздайт, Ф. Кулов оппозицияга калмак кылбаган ишти кылды, бирок мындан улам биз Куловду калмак деп жатканыбыз жок, бул эзелки лакап кеп, Кулов эгер президент болуп калса Бакиев Акаевди жайына койгондой эле Кулов да Бакиевди өз жайына коет, чукубайт деп корутундулады.

XS
SM
MD
LG