Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Өзгөчө кырдаалдагы референдум


27-июнда референдум өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда да өткөрүлөт. Өзгөчө кырдаал бүткүл элдик добуш берүүгө тоскоолдук жаратпайт. Бул туурасында Адилет министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Убактылуу өкмөттүн 16-июндагы референдум өткөрүү тартиби боюнча декретине ылайык, эгер 27-июнда өлкөнүн кайсы бир аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип калса, референдум ага карабай өтө берет. Мыйзам боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар тизмедеги шайлоочулардын жарымы жана бирөө келгенде референдум өттү деп эсептелинет.

Адилет министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова референдум күнүнө чейин абал турукташа турган болсо, өзгөчө кырдаал киргизүү муктаждыгы жок болоорун белгилейт:

-Негизинен өзгөчө кырдаал 27-июнга чейин бүт райондордо, бүт шаар, айылдарда бүтөт деген үмүт бар. Бирок эгерде өзгөчө кырдаал сакталып кала турган болсо, анда шайлоо участтоктору баары бир иштейт. Өзгөчө кырдаалдын убактысы шайлоонун өтүшүнө эч кандай тоскоол болбойт, таасир этпейт. Анткени өзгөчө кырдаал сегизден сегизге чейин болсо, добуш берүү деле сегизден сегизге чейин болот.

Аида Салянованын берген маалыматына ылайык, учурда өз үйлөрүн таштап башка жактарга жер которууга аргасыз болгон жарандар жашаган жерлерине кайтып келип жатышат. Акыркы маалыматтар боюнча жети миңге жакын качкын өз үйлөрүнө кайтып келген. Убактылуу өкмөт качкындардын жашаган аймактарына келип добуш бериши үчүн аракеттерди кылып жатканын адилет министринин милдетин аткаруучу белгилейт.

Референдум күнү өзгөчө түштүк аймагында коопсуздукка катуу көңүл бурулат. Ички иштер министринин Коомдук коопсуздукту сактоо боюнча башкы башкармачылыктын башчысы Эркин Баев билдиргендей бул күнү жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, шайлоо участокторунда тартипти сактоо үчүн өлкөнүн дээрлик бардык күч стуруктуралары иш алып барат:

-Референдум күнү шайлоо участокторундагы коомдук тартипти, атуулдардын, шайлоочулардын коопсуздугун сактоо үчүн Ички иштер министрлигинин жетиштүү өздүк курамы жана күч каражаттары бар.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын берген маалыматтарына ылайык Референдумду өткөрүү үчүн Кыргызстандын аймагында 2280 жакын, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстан жарандары үчүн болсо 23 өлкөдө 38 шайлоо участоктору ачылган. БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдиргендей, 2 миллион 700 миңден ашык шайлоо бүллетендери даярдалып, коопсуз деп эсептелген шайлоо участокторунда референдум күнү добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогондор үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү да башталды:

-Кээ бир жерлерде, биз айрым иш-чараларга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мисалы бүллетендерди таратуу боюнча, конфликт жүрүп жаткан аймактарда бүллетендерди таратууну кечеңдетишке аргасыз болдук. Бирок референдумга жакын биз аларды жеткирип беребиз. Андан сырткары чет өлкөлүк байкоочуларды аккредитациялоо жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 95 байкоочу бизден аккредитация алды. Алардын көбү кыска мөөнөттөгү байкоочу болуп, референдум күнү гана байкоо жүргүзөт.

Бүткүл элдик шайлоого даярдыктар жүрүп жатканы менен кээ бир серепчилер Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялардан улам референдумду өткөрүү эртерээк деген пикирлерин айтышат. Өлкөнүн түштүгүндө качкындардын дагы да болсо жашаган жерлерине кайтпай жатышы бүткүл элдик шайлоонун мыйзамдуулугун азайтышы мүмкүн деген пикирлерди кармангандар да бар. Саясий серепчи Марс Сариев билдиргендей референдум өткөн күндө да, анын мыйзамдуу деп эсептелиниши күмөн туудурушу мүмкүн:

-Эми абал түштүк жакта аябай эле кыйын. Менин оюмча референдум өткөрөбүз дешсе, түштүк жакта чагым чыгып кетиши мүмкүн. Азырынча эл дагы качып лагерлерде турушат. Анан эл ушунтип кыйналып жатканда референдум менимче туура эмес. Өткөн референдум деле менин оюмча легитимдүү деп кабыл алынбайт.

Ошол эле учурда Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 15-июндагы маалымат жыйынында Кыргызстанда референдум белгиленген убакта өтөөрүн, эл түшүнүү менен колдоп, референдумга катышаарына ишенерин билдирген.

XS
SM
MD
LG