Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Баш-көзү жок Баш мыйзам


Ала-Тоо аянтындагы шыпшайдар скульптуралар
Ала-Тоо аянтындагы шыпшайдар скульптуралар

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер негизинен чек ара, Американын аскер базасы, Ала Тоо аянтындагы айкелдер жагдайы, билим берүү тармагынын азыркы абалы, алтын кени ж.б. маселелер тууралуу жазды.

“Дело №...” жумалыгы өткөн жумада парламент депутаттары “Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү жана коргонуу жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алганын, бирок мыйзамдын 18-статьясындагы “ Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын талабы менен менчиктеги имараттар, транспорттук каражаттар жана башка мүлктөр ээлик кылууга берилет” деп жазылганы коомчулуктун арасында ар кандай ойлорго түртүп атканын маалымдап, бул боюнча айрым жарандардын пикирлерине орун берген.

КР Коргоо министрлигиндеги укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Курманбек Насиров: - Мыйзамда “ коргонууну камсыз кылуу максатында” деп так жана даана жазылып турат. А коргонуу деген согуш маалында гана болот. Демек согуш жүрүп аткан аймактагы, ошол райондогу аскер комиссариаты тарабынан каттоого алынган имараттар, техникалар ж.б. мүлктөр жөнүндө гана сөз жүрүп жатат.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Жеке менчикти коргоо конституция тарабынан бекемделген. Демек аны Кудайдын белеги катары бардык мамлекеттик институттар урматтоого тийиш. Эгер менин согуш үчүн жарай турган техникам болсо ойлонбой туруп Коргоо минитрлигине бермекмин, анткени мен үчүн Ата Мекен кымбат, бирок министрлик техниканы менден толук баасын төлөп берип сатып алуусу керек. НАТОнун күчтөрү да бир кезде Батыш Германияга кирип барып, бирөөнүн менчигин тепсеп, ок чыгарып жибергендиги үчүн менчик ээси Германиянын Коргоо министрлигин сотко берип утуп алган. Ошондон кийин наточулар уруксатсыз бирөөнүн менчигине кире албай калган.

“Жарандар коррупцияга каршы” борборунун укуктук эксперти Абдыкерим Аширов: - Биринчиден, бирөөнүн менчигин соттун чечимисиз эч кимдин алууга акысы жок. Ал эми мыйзамдагы аскердик максаттар үчүн деп жазылган нерсе конституцияны бузгандык.
Экинчиден, аталган мыйзмада материалдык жактан келтирген чыгымды төлөп берүүчү механизм каралган эмес. Өкмөттүн токтомуна шилтеме кылышууда. Андай болсо, чыгымды төлөп берүү үчүн ошол токтомго бюджеттен кандай каражат бөлүнөрү да жазылып коюуга тийиш.
Үчүнчүдөн, мындай нормаларды киргизүү жарандар менен аскер адамдарынын ортосундагы чыр-чатакка алып келет. Аскер адамдары күчү менен, кызмат абалы менен кыянаттык кыла баштайт. Узакка созулган соттук териштирүүлөр пайда болот. Мыйзамдаштырылган өзүм билемдик, рейдерчилик күчөйт...
Кандайдыр бир Улуу Ата Мекендик согуш жакындап келаткансып, кескин чараларга баргандык туура эмес.

“Адилет” укуктук клиникасынын деректири Чолпон Жакупова: - Кыргызстандын Баш мыйзамында мамлекет тарабынан менчиктин бардык түрү коргоого алынат деп жазылган. Жеке менчикти коргоо-рыноктук системанын башкы принциптеринин бири. Тилекке каршы конституциялык нормаларды каалагандай буза бермей биздин өлкөдө өнөкөт ооруга айланган. Ошон үчүн биздин коңшулар да бизге жараша мамиле жасап, бирде электр өткөргүчүбүздү, бирде чгаралардагы айылдарыбызды басып алып жатат.
А эмне үчүн укук коргоочу коомдор унчукпайт дээрсиздер? Анткени алар чарчап бүттү. Биз кыйкыра берип да, билдирүүлөрдү жасай берип да тажадык. Эркин жыйын өткөрүү мыйзамы тууралуу канча ирет кыйкырбадык, а натыйжасы эмне болду? Укук коргоочуларды каакы ордуна да көрбөстөн өздөрү каалаган мыйзамды кабыл алып коюшту. Кыскасы кандай каалашса, ошону жасашууда.

Ушул эле гезит Кыргызстандын чек ара кызматынын штаб башчысы Кубаныч Сарыбаев менен өзбек-кыргыз чек арасы боюнча маегин, Ала Тоо аянтындагы шыпшайдар скульптуралар, Бишкек мэри Нариман Түлеевдин өзүнүн эки орунбасары Андрей Филатов менен Элмира Иманалиевага жакшы көзөмөл кылбагандыгы үчүн сөгүш бергенин, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин Шыпшайдар, Жолой ж.б. тууралуу айтып бергендерин окууга болот.

“Боршайком каттаган күндөн тартып талапкерди колдоо үчүн 50 миң кол чогултуу мүмкүн эмес деп адистер айтышууда. Ошондуктан кол топтоо мөөнөтүн эки эсеге узартуу керек чыгаар. Себеп дегенде топтолгон колдун “тирүүсүнөн өлүүсү” арбын болору турган иш” деп кабарлаган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити: “Боршайкомдун маалыматы боюнча Ж. Назаралиев – 78332, Т. Сариев – 90 956, А. Атамбаев – 160 786, Н. Мотуев – 56 353, Т. Үмөталиева – 50739 кол топтогон. Талапкерлердин лидери К. Бакиев – 1млн. 134 миң 823 кол топтогон. Булардын канчасы чын кол, канчасы “жел кол” экендигин териштирип олтуруунун деле кажети жок. Талапкер болуш үчүн дегеле кол топтоо керекпи же жокпу, сыягы “өткөөл мезгил” өтүп бүтмөйүн бул механизм жашай берет окшобойбу” деп бяндады "Московский комсомолец Кыргызстан" гезити.

Гезит андан ары “Патриоттордун оюну” деген рубрика алдында эларалык “Манас” аэропортундагы аскер базасына атайын макала арнаган. Анда чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын авиабаза тууралуу жазгандары мисалга алынат. Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын кантип Бакиевге сүйлөшүүгө келгени талдоого алынат. Кыргызстан кура турган ГЭСтер үчүн жардам бермекчи болгон орус миллиарды жөнүндө сөз болот.

“ШКУнун бул саммитинде Кытайдын башчысы Ху Дзиньтао Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган темиржол курулушу үчүн 80 млн. юан берем деп жар салды. Ал эми “Манаста” болсо саммит ачылары менен аскербазанын эски колбашчысы кетип, жаңысы дайындалды. Президенттердин К. Бакиевге жазган каттары, алдын ала жолугушуу, сүйлөшүү... Мунун баары негизги иштердин кириш бөлүгү гана. Чындап келгенде маселе Медведов менен Обоманын жеке жолугушуусунда чечилет.

Акыркы жылдары оюндун шартын Америка эмес, тескерисинче Америкага Орусия кое баштады, а Кыргызстан эмне, Кыргызстан деген мына ошол эки оюнчунун колундагы өтө кымбат көзүр картага айланган. Ал эми “база калат экен дейт”, “база аскердик статусун жарандык статуска алмаштырат экен дейт” дегендер жөн эле сөз. Америкалыктар үчүн эң ириде Ооганстанга жүк ташуу эмес, дал ушул чөлкөмдө өз саясатын жүргүзүү үчүн орун-очок табуу башкы маселе. Кыскасы спектакль ойнолууда. Күтө туралы, көшөгө жабылгандан кийин колдор кимге көбүрөөк чабыларын көрөбүз” деп жазды "МК Кыргызстан".

“Политбюро” деп аталган рубрика алдында “Адилет” укуктук клиниканын деректири Чолпон Жакуповнанын оппозиция менен бийлик тууралу маеги жарык көргөн. Булардан тышкары алтын кени жана Макмал алтын кен комбинаты жагдайын баяндаган анын деректири Абдирайим Батырхановдун баяны, Кыргызстандын билим берүү тармагынын азыркы абалын чагылдырган макалалар, “Чындык жалгыз болот” аттуу тарыхты кайра жазууга арналган материал басылган.
XS
SM
MD
LG