Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Орус менен дос болсоң, Американы ала жүр


Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү эки гезиттин негизги темасы “Манастагы” аскер базасы тууралуу болду.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити “Эң жаңы кабар” деген тема алдында АКШ менен Кыргызстан “Манас” аэропортунда транзиттик бобор түзүү тууралуу макулдашышты деп маалымдады. Айрым маалыматтар боюнча жакын арада ратификациялоо максатында парламент бул документти тездик менен кароого өттү. Парламенттеги “булактын” билдирүүсүнө караганда аталган документте Ооганстанга согуштук эмес жүктөрдү ташуу каралган. “Манастагы” аскер базасында азыр АКШнын жана башка өлкөлөрдүн коалициялык күчтөрүнүн 1 жарым миңге жакын жоокери, согуштук-транспорттук жана май куя турган сомолеттору бар.

Америкалык аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда калышын жактап аткан ушул эле кыргыз парламенти ушул жылдын жазында АКШ жана террорчулукка каршы коалицияга кирген 11 өлкө менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, аскер базанын мындан ары Кыргызстанда калышынын зарылдыгы жок деген жыйынтыкка келген. Авиабазаны жабуу үчүн 6 ай мөөнөт берген. Ошентип аскер базасындагы америкалык акыркы самолет Кыргызстанды 18-августта таштап кетмек. Эми баары түп тамырынан бери өзгөрмөй болду.

Ушул эле гезит саммит артынан саммит өтүп, эски декларациялар жаңысы менен алмашып, келечекке укмуштуудай зор пландар түзүлүп, аймактык албан программалар кабыл алынып келатканына атайын макала арнаган. Шанхай Кызматташтык Уюмунун саясый талаасы барган сайын бири- бирине кине такмай аренага айланып баратканына токтолуп, Өзбекстандын президенти 2007-жылы Бишкекте өткөн саммитте биринчи жолу, чегара аркылуу агып өткөн дайралардын башында турган өлкөлөр анын төмөн жагында турган өлкөлөрдүн макулдугусуз ГЭСтерди куралбайт деп билдиргенин эске салган.

Бул жагдай тууралуу белгилүү энергетик, Борбор Азиядагы сууэнергетикалык ресурстарды жана сууну пайдалануу проблемаларын изилдөө институтундагы эл аралык коомдук фонддун жетекчиси Эрнест Карыбековдун пикирине орун берген. Карыбековдун айтуусунда Борбор Азиянын Бириккен энерготармагындагы башкы проблема аны технологиялык жактан туура эмес пайдаланып жаткандыктын кесепетинен келип чыгууда. Ошондуктан Токтогул суу сактагычы энергетикалык системада эмес, ирригациялык системада иштегенде туура болмок.

Тагыраак айтканда кышты-кыштай ГЭС суу менен “азыктанып”, ал эми сугат маалында жетиштүү суу иштеп чыгалбай калып жатат. Адистин пикиринде биздин электрэнергиянын экспорттук баасы ТЭЦ үчүн сатып алып келаткан коңшулардын газы, көмүрү жана мазуту менен барабар болууга тийиш. Ошондо суу да болот, ыйыкы-тыйкы да болбойт.

Америкалык база жөнүндө “Дело №..” жумалыгы да жазып, Москвадагы Карнеги борборунун деректири Дмитрий Трениндин айткандарын мисалга тартты. Тренин мырзанын оюнча, Бишкекке акча керек, акчаны соодалашуу жолу менен Маскөөдөн өндүрсө болот, анткени Маскөө менен соодалашуу үчүн Кыргызстандын колунда жападан жалгыз “валюта” бар, ал - “Манастагы” аскер базасы. Бирок Обаманын келиши менен баары өзгөрдү. Азыр Орусия АКШнын Ооганстанда жүргүзүп келаткан саясатынын ойрон болушун каалабайт. Ошон үчүн Маскөө Кыргызстандагы аскер базасы боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу максатында Вашингтонду кулак какты кылып олтурат. “Манастагы” база АКШ менен соодалашуу үчүн Маскөөгө да оңбогондой оңой курал болуп берди. Бүгүн биз ошонун натыйжасын – Орусия - АКШ – Кыргызстан - Ооганстан түзгөн келишимдин татаал түйүнүн көрүп турабыз. Аман-соо болсок “Манас” базасындагы карта оюнунун далайына күбө болобуз.

Саясат иликтөөчү Александр Князевдин билдирүүсүнө караганда база боюнча жаңы келишим даяр. Эми ага ылайык “Манастагы” аренда акысы үчүн АКШ жыл сайын 350 млн. доллар төлөп турмакчы. Бирок кыргыз атка минерлери америка тарап менен эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок деп кара жанын каккылаганга чейин барышууда.

Аскер эксперти Леонид Бондарец “Эми бизге америкалыктар мурдагы эле момпосуюн башка кагазга ороп туруп сунганы жатат. Базанын “статусу алмашты” дегенин түшүнсөм буюрбасын. Эгер чындап эле статусу өзгөртүлсө анда америкалык тейлөө пресоналы минимумга чейин кыскарып, дипломатиялык иммунитеттен ажыратылышы зарыл. Биргелешкен колбашчылыкта башкы роль кыргыз тарапка таандык болууга тийиш. Ошондой эле ташылуучу жүктөрдүн баарына кыргыз тарап көзөмөлдүк кылышы керек. Бирок мындай шартка америкалыктар макул болобу же жокпу, ал башка меселе” деди.

Гезит ошону менен бирге эле мындан 12 жыл мурда жолду ремонттоо, асфальттоо боюнча Италиядан 2 млн. долларга сатылып алынган машина иштетилбей, дат басып чирип баратканын жана жолдордун абалын баяндаган макалаларды окурмандаргасунуш кылды.

“Милиция бандиттерден жаман” деген аталыштагы “24 kg” маалымат агенттигинин интернет-суроолорун көчүрүп жарыялады. Суроого жооп бергендердин 80 пайызга жакыны өткөн жылга салыштырганда кылмыштуулук, айрыкча көчө кылмышы көбөйгөнүн айтышкан. Жооп бергендердин 40 пайызга жакыны кылмыштуулукту азайтыш үчүн жаштарды иш менен камсыз кылуу керектигин билдиришкен.
XS
SM
MD
LG