Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Шайтан шапар тебе баштады


Баяндамабыз орус тилдүү эки гезиттен болмокчу.

“Президенттик шайлоого эки жума калды. Өлкөнүн белгилүү саясат талдоочулары бул ирет шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого админстративдик каражаттар колдонулбайт деп айтышууда, бирок "Московский комсомолец Кыргызстан” гезитине белгилүү болгондой Данияр Үсөнов Бишкек шаары боюнча шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жоопкер болуп дайындалып, аткаруу бийлигиндегилер менен кеңешмелерди өткөрүүгө киришти” деп билдирди.

“Ал эми мындан бир канча жума мурда мамлекеттик кызматта иштегендердин ар бирине Курманбек Бакиев үчүн жок эле дегенде 5 кишинин тизмесин өз жетекчиңерге бересиңер деген тапшырма берилген дешет. Үгүттөөчүлөрдүн ичиндеги “текшерүүчүлөр” азыркы президентке добушубузду бербейбиз дегендердин үйлөрүнүн даректерин каттоого алышууда. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилерге 23-июль күнү ким үчүн добуш бериш керектиги даана айтылды. Ошону менен бирге эле айрым мекеме-ишканаларда иштегендерди өлкөнүн “башкы талапкеринин” шайлоо фондусу үчүн 3 миңден 5 миң сомго чейин жыйнап келүүгө мажбурлап жатыптыр деген имиштер да каңгып жүрөт” дейт гезит.

“МК Кыргызстан” ошондой эле Кыргызстанда бир кант заводунун эмгек жамааты - бардыгы 100 киши Орусиянын Калининград обулусуна биротоло көчүп кетүүгө камынып жаткандыктарын кабарлап, жакында Кыргызстандык кызылчачылар үй-бүлөсү менен Калининград облусунун аймакты өнүктүрүү министрлигине арыз жолдошконун билдирди. Арыз жолдогондор аталган облус аймагында кызылча өстүрүүгө даяр экендиктерин айтышкан. Калининград облусунун өкмөтүнө Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров кайрылып, кызылчачыларды кабыл алуусун өтүнгөн. Маселенин төркүнүн билгендени кийин облус губернатору Георгий Боос өз карамагындагы чиновниктерге кант кызылчасын айдай турган жер жана кант заводун кура турган аянт табуу боюнча тапшырма берген. Гезит макаласынын аягын “колдо бар алтындын баркы жок” деген ушул, орус бийлиги иш берип, жер берип тосуп алып атса, биздикилер камырап да койбойт, минтип олтурса Камабар-Ата ГЭСинин куруучулары да бир күнү Орусияга ойт берип баса берет эмеспи” деп жыйынтыктаган.

Нурлан Исмаиловдун макаласы “Шериктештер” деп аталып, постсоветтик аймакта пайда болгону калган экономикалык интеграциялык бирикме – Бажы шериктештиги жөнүндөгү маселени талдоого алган. “Бул шериктештик Орусия, Беларус, Казакстан тарабынан түзүлүүдө. Буга Кыргызстан деле кирсе болмок, бирок Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мындай уюмга кирүүгө акысы жок. Эми шериктештиктин документтерин мыйзамдаштырары менен Казакстан чегара жана бажы көзөмөлүн катуулатат. Албетте бул биздин экономикабызга тескери таасирин тийгизет. Казакстандан келе турган көмүр, эгин, ун кымбаттайт. Экономикалык жактан бөлүндү болуп калган Кыргызстан ушундан эле 10 млрд. чыгым тартат. Эми мындан кантип качса болот? Тилекке каршы муну ойлогон бийлик жок. Анын бардык аракети эптеп бийликти сактап калуу жана өлкөдө туруксуздукка жол бербөө болууда. Бирок бул маселеге кошкөңүл кароонун азабы эртедир-кечтир өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө тийбей койбойт” деп жазды.

“Дело №...”
гезити Кыргызстанга Маскөөдөн В. Путиндин орунбасары – Орусия Федерациясынын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация келатат деп кабарлады. Мындай маалыматты жумалык “24 kg” маалымат агенттигине Ак үйдөн билдиришкен дейт. Айрым маалыматтарга караганда делегациянын курамында Орусиянын 20га жакын жогорку чөйрөдөгү таасирдүү кызматкерлери, арасында коргоо министри Анатолий Сердюков бар. Орусиялык меймандар кечке жуук президент Бакиев жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгү менен жолугушмакчы. Күн тартибинде кандай маселелер каралары белгисиз. Баса, Игорь Сечиндин бул иш сапары күтүүсүз жерден чыга калганын айтышууда. Тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык жана аскердик кызматташтык, ошону менен бирге эле “Манас” аэропортундагы жаңы түзулгөн Транзиттик борбор, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн Орусия бөлө турган кредит тууралуу сөз кылышары турган иш деп кеп кылды жумалык.

Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы жабылабы? Жакында КР билим берүү жана илим министрлиги кара тизмеге кирген университеттердин аттарын шардана кылды. Мындайлардын катарына Москва мамлекеттик экономика унивесритетинин Бишкек институту, Кыргыз-Казак академиясынын кибернетика жана маалыматтар технологиялык институту, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аксы педагогикалык факультети, Ала-Бука гуманитардык педагогикалык жана Кызыл-Кыя экономикалык институту кирген. Аталган окуу жайларынын баары 1-сентябрдан тартып жогорку окуу жайы деген даражаларынан кол жууп, колледждерге (техникумдарга) айланат. Министрдин орунбасары Б. Кубаевдин айтымында, глобалдык тазалоого университеттер эле кабылбастан, окубай, эт менен челдин ортосунда жүргөн студенттер де кабылууда. Үч айдын ичинде эле окуудан чыгарылгандардын саны 13 миңге жеткен.

Милийса кызматкерлери менен милийса академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда мушташ чыкканына макала арнаган “Дело №...” гезити жаңы эле лейтенанттык погонго ээ болгондор диплом майлап, дүүлүгүп алып шаардын көчөлөрүндө ызы-чуу түшкөнүн, жол эрежелерин бузганын, Совет-Киев көчөлөрүндө машиналардын тыгындысын пайда кылганын, акырында аларды тыйганы барган милийсаларга баш бербей, келекелеп, шылдыңдашканын, окуя акыры мушташка айланганын талкууга алды...

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун айтуусунда, аталган фактылар далилденсе жаш офицерлерге катуу жаза колдонулат. “Албууттанган жаш лейтананттар кармалгандай болгон, бирок алардын жогорку чөйрөдөгү атакелеринин кийлигишүүсү менен ошол замат эле кое берилди. Мына, бизди коргой турган милйсалардын жүзү” деп жазды.
XS
SM
MD
LG