“Күч органдарынын оппозицияга, аларга жан тарткан жарандарга жасаган мамилеси, эчбир мыйзамды көзгө илбеген зордук-зомбулугу, эскертүү-мескертүүлөрүнө караганда, бийлик кандайдыр бир провокацияны аң-сезимдүү каалап тургандай. Катуу кагылыш чакырар коомдун араңжан стабилдүүлүгүн бузуп, оппозицияны ойрон кылар шылтоо издеп аткандай. КСДП менен Алмаз Атамбаевге болгон бийлик чабуулу антип ойлоого негиз берет. Бакиев мырзанын шайлоо саясатына жасаган клизмасы азырынча ушундай. Шайлоонун мындай кайталанма шайтан оюндары Аскар Акаевдин “башын” жутту эле. Эми кимисиникин жутар экен?” деп жазды айтылуу публицист Алым Токтомушев “Жаңырык апта” гезитинин жаңы жарык көргөн санында.
Ушул эле гезиттен “Теңиртоолуктардын ишеними Атамбаевда”, “Шайлоо таза өтөрүнө ишенбейм”, “Губернаторлук орун 100 миң доллар экен”, “Лейлектиктер Атамбаевге ак дилинен добуш берет” деген аталыштагы интервьюларды, БЭКтин штаб мүчөсү, саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоевдин “Сак болгула, балит технология!” аттуу макаласын, маданият ишмерлеринин А. Атамбаев тууралуу айткан ойлорун окуй аласыздар.
“Айат пресс” гезити Улуттук университеттин доценти Ниязбек Асановдун “Атамбаевге ачык кат” деген ат менен талапкерге 14 суроо менен кайрылган катын, улуттук идея, коалициялык өкмөт жана оппозиция жаатындагы суроолорго жооп берген саясат ишмерлери Д. Сарыгулов, Ө.Текебаев, Б. Бешимов, Б. Абдразаков, И. Жунусовдун пикирлерин жарыялаган.
Гезиттин башкы редактору Жылдыз Мусабекованын коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевден алган маегинин аты “Кумтөр байлыгы шылуунга эмес, кыргызга кызмат кылсын” деп аталат. Белгилүү өнөржайчы Дүйшеев Кумтөрдү өздөштүрүү тарыхында 1-жолу адистердин ролун эске алып, 2007-жылы Атамбаев башында турган өкмөт чечкиндүү иш жасаганын, мунун өзөгүн "Центерра" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүп, салыкты жөнөкөйлөштүрүү болгонун кеп кылып, бүгүн эми ошол Атамбаевдин өкмөтү түзгөн келишимди жамандап жаткандардын айткандары саясаттын сасык оюну экендигин, эгер Атамбаев азыр оппозицияда болбой бийликте болгондо так ошол жамандагандар башкача сүйлөп турмагын белгилеген. Орозбек Дүйшеев андан ары президент Курманбек Бакиевдин: “Кумтөр боюнча чекит коюлат. Бул деген Исабековдун эмгеги эмес, жалгыз эле ошол патриот болуп, жалгыз эле ошол иштеп аткансып, телевизор кечке эле ошону көрсөтчү болду. Бул деген өтө эле ызакор депутаттын эмес, эң биринчиден өкмөттүн, мамлекеттин бекем позициясынын ийгилиги” деп айткан сөзүн орус тилинде шилтеме кылган.
“Азаттыктын” окурмандарына президент К. Бакиевдин ошол айткан сөзүнүн орусчасын да келтире кетели. (“По Кумтору будет поставлена точка. Эта не заслуга Исабекова, его бесконца показывает и телевизор, как будто он один работает, как будто он один патриот. Этот успех в первую очередь твердой позициии правительства, а не одного, самолюбленного депутата, именно твердой позиции государства”).
“Учур” гезити менен маектешкен генерал Исмаил Исаков: - Бакиевдин рекламасын караңыз, эч биринде Курманбек Бакиев деген жазуу жок. Жалаң Бакиев деп турат. Эл кимисине добуш берет? Анткени Бакиевдер көп да. Бул акция “Биз, Бакиевдер – баардыгыбыз Кыргызстанды бийлейбиз” дегенди билдиреби? “Бакиев” деп гана жазып коюшкан. Бирок ал – Жанышыбы, Максимиби, Адылыбы же Акматыбы? Белгисиз. Мен муну Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу орноду деп билем. Жадагалса Бакиев менен жолугушууга күч менен айдалып барган кызматкерлер ачык сөгүнүп жатышат. Ошондуктан БЭК эл менен бирдикте добуштарыбызды уурдатпаганга аракет кылабыз” деп айтты.
Бул санга Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун “Авторитардык режимге жете элекпиз” деген интервьюсу жарык көрдү. Акыйкатчы өз укуктарынан аша чаап, жарандардын укугун тебелеген Көл өрөөнүндөгү көрүнүштөргө байланыштуу жергиликтүү жетекчилерди жоопко тартып, тиешелүү жазаларын берүү боюнча президент К. Бакиевден суранганын, эгер президент буга чара көрбөсө, жылдык докладына киргизерин, андан бөлөк эчтеке кылалбасын айтып агынан жарылган.
“Асман пресс” гезитинин бүгүнкү санындагы өзөктүү темалардын бири Бахтияр Амиражановдун өлүмүнүн айланасындагы акыркы окуялар тууралуу ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин интервьюсу болду. Министр мырза Шаботоев менен Амиражановду издөө боюнча кандай иштер жүргүзүлгөндүгүнө кеңири токтолгон. Бул боюнча акыры уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү кармалганын, ишти иликтөөдө Амиражанов чынында эле Орусия менен Кыргызстандын аймагында жүргүзүп келген коммерциялык ишине байланыштуу кылмыштуу топтор мене чыр-чатакта болгону аныкталгандыгын айтып берген.
Кабарчы: - Атамбаев, Шаботоев менен Амиражанов эчак өлтүрүлгөн” деп билдирген эле. Андан бир жума өтпөй Амиражановдун атасы депутаттык мандатын таштады. Ага удаа эле табылган сөөк Амиражановдуку болушу мүмкүн деген маалымат таралды. Бул жөн эле дал келүүбү же атайын сценарийби?
М. Конгантиев: - Бул жөн эле дал келүү. Эгер алар билсе эмне үчүн буга чейин унчукпай келишти? Бүгүн саясатчылар адамдардын кайгысынан упай топтойм дебеш керек. Бахтияр Амиражанов уюшкан кылмыштуу топко мүчө болгон эмес.
Министр ошону менен бирге эле жакында ур-токмоктун уусунун каза болгон журналист Алмаз Ташиевдин өлүмү боюнча өзүнүн Түштүк аймагындагы орунбасары Раимбердиев иштеп атканын, бир милийсадан “А. Ташиевди мен урдум, дары-дармегин алып берем” деп жазып берген тилкатынын көчүрмөсү алынганын, эгер бул окуяга милийса күнөөлүү болсо ал жазаланарын, азыр тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлаган.
Буга удаа эле “Бетке айткандын заары жок, туугандар” деген ат менен президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин маеги да басылып чыккан.
“Аалам” гезити 1-бетин: “Шайлоого 7 күн калды”, “Журналист А. Ташиевди милиционер өлтүрдү”, “Профсоюзга мурда бир тыйын төлөбөгөн “Саякат” азыр миллиондогон киреше кийрүүдө” деген баш темалар менен ачты.
Гезит андан ары “Мен таза шайлоо үчүн” деген плакаттарды илгендиги үчүн УКК кызматкерлери “Мен ишенбейм” аттуу жаштар кыймылынын мүчөлөрүн коркутуп атканын, шайлоочулардын тизмеси дагы эле так эместигин, Кытайда уйгур туугандар өз жерине ээ болалбай, азаттык үчүн канын төгүп атса, биздин бийлик бутагында олтурган кыргыз аткаминерлери Үзөңгү-Кууш, Каркыраны сатышканын, эгер Нарындагы Арпа, Ак-Сай жайлоолору кытайга 49 жылга ижарага бериле турган болсо элдин көтөрүлүшү мүмкүн деген пикирин укук коргоочу Урмат Акунов билдиргенин маалымдады.
Журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы “Ала-Тоодон алтоо кетти. Алажайда кимисинин алдына кар себелейсиңер?” деп аталат. Макалада президентикке талапкерлер туурасында сөз жүрөт. Журналист Бактияр Шаматовдун макаласы “Профсоюздардын лидери Бакыт Иманалиевге кол салуу болду” деп аталып, 3нөн 4нө оогон түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан ага кол салынып, денесине бир топ залал келтирилгенин кепке алат. “Албетте күрөш бар жерде ар кандай айла-амал бар, бирок алар эч убакта белгилүү эреженин чегинен чыкпаш керек. Оюн эрежесин кармана албаган, кара күчсүз күрөштө билим, интеллект, жүйөлөр менен кармашканга чамасы чак пенделер түн жамынган каракчыларды жумшап, коркутуп, эркин сындырабыз десе терең жаңылышат” деп жазган автор, акыркы кездери күчөп бараткан адамдарды сабап кетүү, кол салуу көрүнүштөрүнө катуу жаза колдонуу керек деген бүтүмгө келген. “Мындайлардын кылыгы “хизбутчулардыкынан” да ашып түшүп жатат, эгер аларга катуу чара колдонулса өз кызыкчылыгын чоң муштум менен чечкиси келгендер катуу ойлонушат эле” деп кортундулайт макаласын автор.