Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Сабатсыздыкка сапар


Бүгүн жарык көргөн гезиттер жакындап келаткан жаңы окуу жылы, мектептердеги акча алмайлар тууралуу да сөз кылышты.

«Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезити окуу жылы жакындап келатканын эске салып: «Бүгүн Кыргызстанда мектептерге балдарды акчасыз орноштурууга мүмкүн болбой калгандыгын жана анын баасы канча турарын «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жүргүзүп чыккан иликтөөлөрүн жүйөгө тартуу менен жазып чыкты. Ошентип, Кыргызстанда бүгүн акча бермейин балдарды орто мектептерге кийирүү мүмкүн эмес. Анын суммасы 5 миң сомдон башталат. Мындан тышкары ар бир окуучу ай сайын дагы 200 сомдон төлөп турушу керек. Ошону менен бирге окуучу мектепке тестирлөөдөн өткөндөн кийин гана кабыл алынат. Эгер баланын ата-энесинин паспорттук каттоосу мектепке жакын жердеги аймактан башка жерде каттоодо болсо ал баласын каалаган мектебине орноштура албайт. «Балдардын укугун коргоо лигасынын» иликтөө жүргүзгөн адистери Бишкектин мектептеринин аттарын атайылапбы, негедир атаган эмес. Маселен француз тилин үйрөтүүчү мектепке кирүү акысы 8 миң сомдон башталса, дагы ата-эне 10 миңден 20 миң сомго чейин акча төлөшү керектигин аныкташкан.

Кыргызстандын билим берүү жана илим минстри Абдылда Мусаевдин буйругу менен балдарды 1-класска кабыл алууда колдонулуп келген тестирлөө менен мыйзамсыз акча чогултууга тыйуу салынды. Бирок буга окшогон буйруктар жана толгон-токой токтомдор чыгарылганы менен мектептер баягы эле өз адаты менен жашай берет. Анын үстүнө Бишкектеги орто мектептердин деректирлерин чогулган жыйында өлкөнүн билим тармагына көзөмөлдүк кылган вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Кыргызстанда ата-энелерден чогултулуучу акчаларды мыйзамдаштыруу керек деп сүйлөп олтурбайбы. Муну менен вице-премьер-министр айым балдардын билим алуусун камсыз кылуу боюнча улуттук, улуттук тургай эл аралык мыйзамдарды одоно бузуп аткандыгы менен иши да болгон жок.

Ошентип, мамлекеттик мекемелер тарабынан мектептерге кирүү акысы, тестирлөө, ай сайын акы төлөө жана сөзсүз түрдө мектеп формасын кийүү деген атайын тоскоолдуктар аркылуу балдардын билим алуусуна барган сайын чектөөлөр киргизилүүдө. Барган сайын акча төлөй албаган ата-энелердин балдары өмүр бою окуй да, жаза да албаган сабатсыз жандардын катарын толуктоодо. «Биз Кыргызстандын келечегин мына ушундай жол менен куруп жатабыз» деп жазды «Аргументы и факты в Кыргызстане» жумалыгы.

Аталган жумалык андан ары мектеп формасынын маселесине да атайын макала арнады. Ата-энелердин айрымдарынын айтуусуна караганда, сөзсүз мектеп формасын кийиш керек дегендин өзү эле балдардын билим алуу укугун чектөө дегендикке жатат. Билим министрлигинин маалыматы боюнча сапатына жараша мектеп формалары 450 – 470 сомго чейинки баа менен сатылууда. Бирок 5-6дан же андан көп балдары бар айыл жерлериндеги ата-энелердин аны сатып алууга шаасы жетпейт. Форма кийбей келгендиги үчүн балдарды окутпай койуунун өзү алардын укугун одоно бузгандык болуп саналат. «Ансыз да ЮНИСЕФтин эсебине ылайык Кыргызстан боюнча окубай жүргөн балдардын саны ушу кезде 40 миңге жеткен. Эми форма кийирүү менен окубаган балдардын саны дагы 2-3 эсеге өсөт» деп айтты «Балдардын укугун коргоо лигасынын» ассисенти Айзат Көкүлова.

«Биздин оппозиция украиналык саясат иликтөөчүлөрдүн бири айткандай саясый оппозиция эмес, күнүмдүк көр-тирликтин оппозициясы». Чын эле бир карасаң оппозиция бийликтин өзүнүн күзгүдөн чагылып көрүнүшүнүн бири сыяктуудай элестейт. Айрым саясатчылардын айтымында, азыр ал өз ичинен тазалана баштады. Эми анын канчалык тазаланганын октябрь айына белгиленип аткан акция көрсөтөт» деп белгилеген «Московский комсомолец Кыргызстан» гезити айтылуу саясатчы Т. Тургуналиевдин аз күн мурда «Немис толкунуна» берген интервьюсун талдоого алган. Бириккен оппозициянын биринчи милдети азыркы президентти отставкага мөөнөтүнөн мурда кетирүү болгон, бирок оппозиция кет десе эле К. Бакиев өз эрки менен «мынакей» деп кете берет дегендик жаш баланын ойнуна окшогон нерседен бөлөк эч нерсе эмес деп жазды.

«МК Кыргызстан» гезити бензин кымбаттагандан кийин майлоочу жана күйүүчү майлар да кымбаттаганын, маселен ушул айдын башында Ысык-Көлгө барып келиш үчүн бир үй-бүлө орто эсеп менен 800 сом коротсо, ал дагы 100 сомго көбөйгөнүн маалымдап, эми бензин кымбаттады деген шылтоо менен алып сатарлар азык-түлүктүн баасын асманга көтөрүп жиберерине тынчсызданды.

Ушул эле гезит окурмандардын назарын кайрадан Кыргызстандын аймагына жайгашкан чет элдик аскер базаларына бурган. АКШнын транзиттик Борбору Кыргызстанга жылына 60 млн. доллар төлөп турарын, мындан сырткары америкалыктар өз учактары туруучу жайдын курулушу үчүн 36,6 млн. доллар, баңгизат ташуу жолдорун бөгөөгө каршы күрөшүү үчүн 21,5 млн. доллар, террорчулукка каршы күрөшүү үчүн 10 млн. доллар, экономиканы өнүктүрүү боюнча кыргыз-америкалык фонд түзүү үчүн 20 млн. доллар бөлүүдө. Дүйнөлүк жана улуттук финансы кризисинин алкагында мындай көлөмдөгү каражат Кыргызстандын жыртык-тешигин бүтөгөнгө жакшы эле салымын кошору айтпаса да түшүнүктүү. Негизги маселе америкалыктар берген акчаны жеп жибербей натыйжалуу пайдаланууда турат.

«МК Кыргызстан» ошону менен бирге эле орус аскер базасы аткарып келаткан иштер туурасында да баяндаган.

Гезит Кыргызстандын Ички иштер министрлигин эсеби боюнча акыркы кездери көчөдөн кол салмай күчөгөнүн, кол салгандар эми муштум эмес, курал колдонууга өтө баштаганына токтолуп, бул боюнча аталган министрликтин кызматкери Арман Насипкуловдун интервьюсун сунуш кылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG