Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Кыргызстан Казакстандын 5-дөңгөлөгүбү?


Эс алуудан кайткан гезиттердин катарын «Жаңырык апта» гезити толуктады.


"Жаңырык апта" гезити алгачкы санын айтылуу Алым Токтомушевдин «Күз» деген макаласы менен ачты. Автор саясат салаасындагы, бийлик аңытындагы буга чейинки болуп өткөн окуяларды талдоого алып: «Мамлекеттин Курманбек Бакиев сыяктуу жетекчиси турганда Кыргызстан Казакстан үчүн 5-дөңгөлөк. Кааласа кошуп коет, кааласа алып салат. Чегараны акырындап бери жылдырып келатканын мындай кой, Каркыраны каратып туруп тартып алды. 4 килейген пансионат Нуракеге кудум устукан өңдүү тартылды. Орусияны да куру ооз калтырган жок. Канттагы авиабаза жайгашкан жерди 49 жылга арендага берди. Кезинде Аляска да Америкага ушундай жол менен кеткен. Шайлоонун күүсү менен Курманбек Салиевич убадаларды кудайды карабай урдурду» деп белгилеп, Кыргыз өкмөтүнүн жели чыкканын, эгер чыгалек болсо Орусия берген карыз түгөнөрү менен чыгарын, Бишкекке эптеп жанбагуу үчүн келген миңдеген үй-бүлө үстүндө үйү жок жаңы конуштан жаңы конушка куулуп, жокчулук жонун тилген алардын 50 миңдей баласы быйыл мектеп босогосун аттай албай калганын, Билим берүү министрлиги мектептер окуу китеби менен 70 пайызга камсыз кылынганына элди ишендиргени менен иш жүзүндө андай болбой атканын баяндоо менен президент Бакиев эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтына эргип чыга калып, «анжиян полькасын» бийлеп жибергенин окурмандардын эсине салган.

«Жаңырык апта» андан ары Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосунан 1000 гектар жер казактарга берилип кетиптир деген имиш тарап, ал азырынча Турсунбек Акунга жетти деп, «акжолчу» депутат «Нарынбек Молдобаев өкмөткө жагып калыптыр» деп, Маданият министри Султан Раев ээринен жылмышып, ордуна «артист» кличкалуу депутат Ибрагим Жунусов отурганы калыптыр деп, президенттик админстрациянын аппарат башчысы Каныбек Жороев Секретариаттын башына олтуруп, Оксана Малеваная УТРКга барат экен деп, бирок бийликтин бул жолку өзгөрүүсүнө Д. Үсөнов, А. Жапаров, М. Султанов сыяктуу байбачаларга орун жок болуп атыптыр, А. Мадумаров Бишкектин мэр кызматын мээлеп атса, М. Эшимканов Кыдыкбек Исаевдин Ысык-Көлдөгү ордуна кызыгып жатыптыр деп, ал арада кимге таарынганын ким билсин Н. Түлеев биротоло кызматтан бошотуп коюңуз таризинде отпускеге арыз жазып бериптир деп, ал эми Акүйдүн кара тизмесинде Адамжан Жолдошев, Өктөмхан Абдуллаева, Өмүрбек Бабанов, Мурат Суталинов, А. Карашев, К. Исаев, К. Масиров, У. Мелисбек бар экен деп маалымат жайды.

"Азыр чынын айталы, бийлик системалары иштебей калды. Баары эле «кимди кетирип, кимди кимге кошот, кимди алып келет?» деп эле бирин бири тктеп калышты. Албетте мындай учурда иш болбойт, ар ким өз артын тазалоо менен алек. Эгер реформа узакка созулса, экономикага, башкаруу системасына тескери таасири тиет. Ал жакта да тирүү адамдар иштеп атат, алар эртеңки күнгө ишенбесе, бул барып-келип эле деградацияга алып барат» деп айтты «Акшумкар» партиясынын башчысы Темир Сариев бүгүн жарык көргөн «Айат пресс» гезитине курган маегинде.

Ушул эле гезит менен аңгемелешкен «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев: «Оппозициянын соодасы бүттү дегендер терең жаңылышат. Биз социалисттик-демократиялык идеологияны тутунабыз, таяк жесек да, куугунтукталсак да өз көз карашыбыздан кайтпайбыз» десе, ЖК депутаты Ибрагим Жунусов: «Оппозиция жакшы нерселерди өзүнө буруп алганга дайыма аракет кылат» деп айтты. Акыйкатчы Турсунбек Акундун маегинин аты «Бийлик да, оппозиция да күчтүү болушун каалайм» деп аталат.

Жаңы санын алакандай кабарлар менен баштаган «Учур» гезити Жаныш Бакиевдин уулу Темир Сариевдин кызы менен сүйлөшүп жүрүптүр деп, депутат Бакыт Бешимовду партиялаштары таппай жатыптыр деп, кечээ эл аралык абройлуу Социнтерн уюмунун жетекчилигинен Ө.Текебавге кызмат тартуулоо чакырыгы келип, Өмүрбек мырза ойлонуп көргөнгө убакыт сураптыр деп, тунгуч президент А. Акаев китепканасынан ажырады деп кабарлады.

«Саясый эрөөл» деген рубрика алдында БЭКтин саясый кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен саясат иликтөөчү Марат Казакбаев эрөөлгө чыккан. Эрөөл багыты негизинен президент бакиевдин мамлекетти башкаруу системасын реформалайм дегени боюнча жүрүп, Т. Тургуналиев ажонун ал аракетин «эски чапанды кайрадан жамаачылап жатканга» салыштырып, деги эле Бакиевдин реформа жасайм дегенине ишенбей тургандыгын айтса, М. Казакбаев реформанын аткарылышы кадрларга көз каранды болорун, жаңыдан түзүлө турган Курултайга бейөкмөт уюмдардан Т. Исмаилова, А. Сасыкбаева сыяктууларды, оппозиция лидерлерин тартса иш оңунан чыгарын, реформа болуп эле атканын, бирок жарандар аны байкабай, сезбей жатышканын айтып, буга шаар көрктөнүп, жолдор оңолуп баратканын мисалга тарткан. Т. Тургуналиев Бакиев алдоо жолу менен упай топтоп, соодагерчилик жолуна түшүп алганын, азыр Акүй жасалма 3 партия даярдап атканын, анын бири жасалма оппозициялык партия болушу мүмкүндүгүн айтса, М. Казакбаев президент реформа жасабайт дегенге эч негиз жоктугун, реформа болуш үчүн баарыбыз колдоо көрсөтүүгө тийиш экендигибизди айткан.

Журналист Сабыр Муканбетовдун макаласы «Төкөр өрдөк… оппозиция желеги…» деп аталып: «Мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик «шайлоо» азыркы бийликтин админстративдик ресурска таянуудан башка аргасы калбай калгандыгын көрсөткөнүн, 23-июлдагы Бакиевдин жеңишин өлкөдөгү адекваттуу ой жүгүрткөн адамдар менен эл аралык коомчулук демократияга шек келтирип, феодалдык караңгылыкты карай артка чегинүү деп баалай баштаганын» сөз кылып, оппозициянын ойрону чыкты деген ой-пикирлерге кошулбастыгын, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров башында турган «эски гвардияны» турмуш зарылчылыгынын өзү саясый аренадан азырынча кетире албастыгына окурмандардын назарын бурган.

Ушул эле гезит «Жетим-Тоодон алтын табылышы мүмкүн» деген ат менен геология илиминин доктору Кубат Осмонбетов менен маектешкенде окумуштуу Жетим-Тоодогу темир кени 56-жылы эле белгилүү болгонун, адегенде анын кору 10 млрд. тонна делип, кийин 2,3 млрд. тоннага түшкөнүн, ал эми Торугартта көмүр кени барын, анын аркы бетин кытай тарап 90-жылдан бери эле казып келатканын, Аксай менен Арпада космостук аппаратты жасоого колодонула турган кремний кени бар экенин да байкаганын ж.у.с. кен байлыктарга байланыштуу маселелелер тууралуу баяндаган.

Белгилүү өндүрүшчү Муктар Өмүракуновдун «Мага жамандык кылгандарды аячу болдум» деген ат менен интервьюсу жарыяланды. Муктар ишкерликтин табияты жана ага өзүнүн мамилеси тууралуу кеңири кеп салган...
XS
SM
MD
LG