Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Алыңа карап иш кыл, атыңа карап ышкыр!


Гезиттер эмнелер жөнүндө жазышты?

“Форум” гезити баяндамачы Баратбай Аракеевдин “Шашпа бака, саз биздики…” деген макаласын тартуулады. “Эгер Бакиев, Акаев бийлигине кызмат кылгандардын баарын сыдырып салсак, анда мамлекеттин ойрону чыкпайбы. Демек алардын бийлигинде жүргөн менен иштин көзүн билген, алдым-жуттуму азыраактары кадимкидей эле иштеши керек. Кандай бийлик болбосун саясат менен иши жок, бирок иштин майын чыгарган азамат кыз-жигиттерибиз арбын. Азыр бир топ райондордо: “ Мен Бакиев бийлиги менен катуу күрөшкөм, ошондуктан бул креслого олтурууга акым бар” деп олтуруп алган оппозиционерлер бар. Болуптур акысы бар экен дейли. Бирок башкарууну билбесе, мамлекеттик иш жөнүндө кенедей түшүнүгү болбосо, окшуюп олтура береби, элди мээкайык кылып” деп жазган автор Ысык- Көлдүн Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Кубанычбек Авдувалиев, Ысык-Көл губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов өңдүүлөр ушу тапта кандай иштеээрин билбей кыйналып жаткандыктарын кабарлады.

Гезиттин бул санында айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев Кыргыз тилинин тагдырына токтолуп, эне тилибиз иш жүзүндө мамлекеттик тилге айлана электигин, андыктан “Бардык мамлекеттик органдар иш кагаздарын мамлекеттик тилде өткөрөт” деген жобо киргизилишин жактайт. Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Мамлекеттик тилге маңкуртчулук мамиле жасалбашы керек” деп аталып, Өмүрбек Текебаев башында туруп даярдаган Башмыйзамдын кыргыз тилине жасаган мамилесин сынга алат.

Дагы бир белгилүү коомдук ишмер Аликбек Жекшенкуловдун гезитке берген маеги “Эптеп референдум өткөрүп ала коюунун арты жакшы болбойт” деп аталат. Талкууга коюлган Конституция туурасында баалуу кеңештерин айтат. Жешкенкулов түштүктөгү элди элге тукургусу келип жаткандар тууралуу “Мурунку бийликтин куйруктары менен Убактылуу өкмөткө кирбей калгандар, тагыраак айтканда карапайым калктын ийгилигин көрө албагандар” деп баалап: “Мен түштүктө иштеп, түштүктөн депутат болуп шайлангам. Элди жакшы билем. Мыкты эл. Элдин жападан жалгыз күткөнү мамлекеттин тынчтыгы. Карапайым калкка саясатчылар менен бийликтегилердин кооз сөздөрүнүн кереги жок. Аларга кызматкерлердин калыстыгы, тазалыгы, мекенчилдиги керек. Анткени акыркы беш жыл ичиндеги мамлекетибизде жүрүп келген саясат элдин көзүн ачып коюптур, көз карашы абдан өсүп, жетилип калыптыр” деп белгиледи.

Андан ары Жешенкулов өзүн жалган жалаага жыккан жаза дагы эле алына электигин, анын актоочулары Бишкектин 1-Май райондук сотуна барса, баягы эле аны соттогон соттор жогор жактын буйругун күтүп олтурушканын, сураштырса: “Жекшенкуловдун ишин кое тургула, 19-майдан кийин карагыла” деп айтты дешкенин маалымдады. Буга улай эле “Акыйкат” Республикалык партиясынын жаштар канатынын Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө Кайрылуу каты басылып чыкты. Кайрылууда Бакиев бийлигинин азабын эң көп тарткан Жекшенкулов экендигин баяндап келип: “Убактылуу Өкмөттүн ушул убакка чейин калыссыз, коррупцияга малынган, Бакиевдердин буйуртмаларын аткарган соттор менен иштешип жатканына нааразыбыз” деп билдирип, Жекшенкуловду 15-майга чейин актап чыгууну талап кылган.

Ушул эле санга “Элдик кеңеш” деп аталган топтун Кыргыз элине Кайрылуусу да жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган макалалар менен жаңы санын ачып, Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун маегине окурман көңүлүн бурган.

“Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үй курулат” деген теманын алдындагы макалада Убактылуу Өкмөттүн учурда жасап аткан иштери кенен баяндалган.

“Кыргыз туусундагы” “Эгемендиктин ээси, бийликтин башкы булагы – эл” деп аталган макала Башмыйзамдын сунуш кылынган редакциясын талкуулоого багышталып, ага бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар катышкан.

Ишенбай Абудразаков Башмыйзам тууралуу: “Негизинен президенттин ыйгарым укуктары кыскартылган менен система президенттик-парламенттик башкаруу шекилде калыптыр. Президент жалпы элдик шайлоого чыгат экен. Демек анын укуктук легитимдүүлүгү парламентикке барабар” десе, профессор юрист Бекбосун Бөрүбашев: “ Президенттик башкаруу системасын негиздеген же аралашма системаны сунуштаган долбоор чыкса жакшы болот эле” деп, эксперт Кубан Өмүралиев: “Губернатор болбосо да айыл өкмөтүн эл шайлап калган. Ошону кайра алып салышты. Элдик бийликти ушундан баштасак. Анан акырындап акимди, губернаторду шайлоого өтсөк болот” деп, экс-спикер Алмамбет Матубраимов: “Мен бул Конституцияга түп тамырынан бери каршымын. Облус, район дегендерди жоюп, айыл өкмөттөрүнө чоң бийлик бериш керек. Коррупция негизи ошол жерде. Чет элдегидей милийсасын да, салыкчысын да айыл өкмөттөрү өздөрү шайлап алышсын” деген ойлорун айтты.

Талкуу менен кенен таанышкысы келгендер “Кыргыз туусунун” бүгүнкү санын сатып алышса болот.

Гезиттин андан аркы макалалары Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин каармандыгына арналган даректүү баяндардан турат.

“Алиби”
гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Көчмөндөр демократиясы” Кокон хандыгына каршы” деген аталыштагы макаласы менен жаңы санын ачты.

“Обончулар же “Ата Мекен” кейпин кийгендер” деп аталган макалада, “особый отряддан” турган обу жок аялдардан турган ажаан топ, бүгүнкү кырдаалдан пайдаланып, арам акча табуу амалына өтүп: “Биз Ата Мекен партиясынын өкүлдөрү болобуз. Сыйыңар менен чыгып кеткиле, болбосо…” деп Ош, Жалал-Абад тарапта даң салып жүргөнү жазылат. Учурунда Бакиевдер үчүн балит оюндарга аралашкан, ыйман-ызаат дегенден ажыраган мындай нарксыз ургаачыларды катуу тыйуу керектигин жергиликтүү бийликтегилерге кулак кагыш кылган гезит.

Публицист Кален Субановдун сандан санга жарыяланып келаткан макаласы “Кыргыз алтынын” иликтөөгө алса, журналист Людмила Жолмухамедованын макаласы “Спирт дарыялары бюджетти кыйгап агып жатат. Эмне себептен?” деп аталып, өлкөнүн алкоголдук рыногун иликтөөгө алган.

Журналист Зайырбек Бактыбаевдин макаласы “Кийинки президент түндүктөн да, түштүктөн да эмес, Путинден” деген ат менен жарыяланды. Автор “Кыргызстандын кийинки президенти ким болот?” деген суроого жооп издеген. “Кыргызстанда Роза Отунбаева баштаган элдик бийлик кызматка келгенине байланыштуу аны “Роза ыңкылабы” деп атап алышты” деп жазган автор орус тилдүү маалымат булагынын бири “Кыргызстандын 3-президенти СССР КГБсында иштеген адам болот, ал президенттик шайлоо башталып, талапкерлер бирин бири шыбай баштаганда пайда болуп, жеңишке жетишет” деп жазганын шилтеме кылып, өзүнүн буга карата ой жорууларын ортого салган.
XS
SM
MD
LG