Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Жакшылык көктөйт, жамандык өрттөйт


Бүгүнкү гезиттер эмнелерди жазышты?

“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин макаласы менен бүгүнкү санын ачып: “Диктаторду кулатыш оңойго турган жок. Андан алынган бийлик эми деле болсо эл колуна жакшылап тийе албай турат, бирок алган багытыбыз оң жагында. Анан эле А. Мадумаровго жакпайт, Ниязовго жакпайт. Мамлекеттин бүтүндөй акчасын алып кеткен айбандардын бийлигин сагынып, ага кумар болуп турса, тигине Минск деген асмандын башында эмес, жакын эле. Ошол Бакиевине барбайбы да, чогуу-чаран “жыргап-куунап” жашай бербейби. Жок, бул жерде туруп алып былгытат да турат” деп жазды.

Андан ары Аракеев: ”Ушул азыр Убактылуу өкмөттүн саясатына каршы чыккандар - Бакиевди жактагандар деп билишибиз керек жана аларга каршы аеосуз күрөш жүргүзүү милдетибиз. Азыркы бийлик акырындап бүтүндөй дүйнөнүн колдоосуна ээ болуп жатат. Демек, мамлекетибиз калыбында” деп чекит коет макаласына.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Капсалаңдын башында кимдер?” деп аталып, түштүктөгү калабаларга “кимдер күнөөлүү?” деген суроого жооп издөөгө аракет кылат.

“Биз – эл, жаштар кечээ жаныбызды окко тосуп Бакиевдерди кетирдик. Бирок анын коррупцияланган, кландашкан системасын кетире алган жокпуз. Демек, ал системаны тазалап, канды толук жаңыртуу үчүн системалуу реформага барышыбыз керек, ал реформа -референдумдан башталат. Бүгүн куру чечен болуп, жаагын жанып, кооз сүйлөгөндөргө эл муктаж эмес. Эл деген Акаев, Бакиев убагындагыдай акчага сатыла турган мезгилден өткөн, арттагы 20 жыл элди катуу бышырып, суутуп, таптап, ойготуп койгон. Эми ошол элди бөлгөн, референдумга каршы чыккан, эски бийликти эңсегендерге жооп катарында референдумду өткөрүү керектигин айтып коелу” деп жазды “Форум” гезитиндеги “Эскинин кесепети, жакшынын шарапаты” аттуу макаласында Тынчтык Алтымышев.

“Көк асаба”
гезити “Кыргыз-өзбек тымызын тирешип келген. Ага от коюу үчүнчү күчкө оюн болду” деген жалпы теманын алдында түштүк жериндеги кайгылуу окуяны ар өңүттөн баяндаган макалаларга орун берди.

“Эр айым” коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупованын ошол окуяны өз көзү менен көрүп, аралашып жүрүп жазган макаласы да ушул гезитке басылды. Үзүндү келтирели: “Базар-Коргондо жашаган туугандарым айтышты: “кара кийинген немелер келип кыргыз-өзбек дебей эле атып кетишти” деп. Өзбектерди өлтүрүп, үйлөрүн өрттөп, кыргызга шылтап коюп атышат. Базар-Коргондун өзбектери түп-тамыры менен көчүп кетсе, Кочкор-Ата, Масы айылдарынын кыргыз-өзбектери бирге чогулуп, элдик кошундарды түзүп, айылдарды коргоого алган. Бул кандуу окуя - Бакиевдер, вахабисттер жана Кадыржан Батыров үчилтигинин жасаган наадандыгы болду. Мындан эки элдин карапайым адамдары гана жабыр тартып, кырылып калды. Өткөн 14-июнда эл облакимчиликтин алдына чогулганда 3 талапты, биринчиси- өзбек Кадыржан Батыровду кармап берүүлөрүн, экинчиси - бардык курал-жарактарды өткөрүп берүүлөрүн, үчүнчүсү- эч качан бийликке умтулбоо талабын койгон,-деп жазат Ракыя Жусупова.

“Алиби” гезити С. Бекботоевдин “Түштүк коогалаңдарына ким күнөөлүү?” аттуу макаласын сунуш кылган. Макаланын автору бийлик башынан эле Кадыржан Батыровдун тизгинин тартып койгондо бул кандуу окуя болбой калмак эле деген ойго басым жасаган жана Батыровдун буга чейинки жүрүштөрү кандай болгондугун баяндаган.

Адилет Айтикеевдин саясатчы генерал Феликс Кулов менен маегинин корутунду бөлүгү да ушул санда.

Жазуучу Асыкбек Оморовдун Тоолуу Алтайга барып келгендеги баян сапары жарыялана баштады.

“Кыргыз туусу”
гезити Убактылуу өкмөттүн төрайымынын Ошто, Жалал-Абадда болгонун, Казакстан Кыргызстанга зарыл жардамдарды берүүгө ниети бар экендигин, Америка Кошмо Штаттары окуялардын жүрүшүндө жабыр тартып, орун которгон адамдардын жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн 32 миллиондон ашуун доллар бөлгөнүн кабарлады.

Гезит бул санында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Бухара облусуна иш сапары менен барганда: “Мен чыр-чатакты этникалык топтордун жасашкандыгына таптакыр каршымын. Буга өзбектер да, кыргыздар да күнөөлүү эмес. Башаламандыкты тышкы күчтөр гана жасашты. Биз улуу элбиз, миң жылдар бою бирге жашаган кыргыз эли менен жалпы тил таап, өзүбүздүн маселебизди өз алдыбызча чече алабыз” деп айткан сөзүн жарыя кылган. Буга улай эле өзбек жазуучусу, кыргыздын далай акын-жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которуп келген Турсунбай Адашбаевдин “Бир кумалак бир карын майды чиритет” деген макаласы да басылган.

“Кыргыз туусу” гезитинин мындан кийинки рубрикасы “27-июнь- референдум” деп аталат. Анда мурдагы үй-бүлөлүк системанын пайдубалын түптөгөн референдумдардан бул референдумудун айырмасын, өзгөчөлүгүн түшүндүргөн кайрылуу менен маркум Дооронбек Садырбаев негиздеген “Кайран эл” партиясынын саясый кеңеши кыргыз элине үн салган. Кайрылуунун аты “Референдумду создуктурбай өткөрүү - тарыхый зарылдык” деп аталат.

“Жалпы журт Жалал-Абад, Ошту жалгызсыратпайт” деген жалпы тема алдындагы маалыматтарда бүтүндөй Кыргызстан боюнча жана чет өлкөлөрдөн келип жаткан гуманитардык жардамдар тууралуу сөз болгон жана жардам көрсөткөндөрдүн тизмеси жарыяланган. Кабарчы Кубатбек Осмоновдун репортажы “Мен көргөн Ош” деп атылып, фотосүрөттөр менен коштолгон.

Ушул эле санга журналист Жыпар Исабаеванын “Эки токоч көтөргөн кыз” аттуу макаласы тартууланды. Макалада Бишкектин Ленин районуна караштуу карылар үйүнө дайыма эле бир жаш кыз эки токоч көтөрүп алып, “ушуну алып коесуздарбы?” деп эле кире берерин, ал кыз Кыргыз мамлекеттик медакадемиянын 2-курсунун студенти Гүлнур Нуркалиева деген кыз экенин... Ал кичине эле сабактан колу бошой калганда балдары бакпай кеткен карыларга, жетим балдарга жардам бергиси келе берерин, жакшы сөз, жакшы мамиле менен адамдардын жүрөгүндөгү кайгы-муңду, убайымды азайткысы келерин айтып бергендерин окурмандарга баяндаган.
XS
SM
MD
LG