- Сиз өзүңүз баш болгон бир катар укук коргоочулар Кыргызстандын жаза өтөө мекемелеринде ачкачылык акциясы өтүп жатканы тууралуу кабарлашты. Бул маалыматка расмий жооп азырынча боло элек. Ошол эле мезгилде Ысык-Көлдөгү камак жайларында дагы мындай акция катталбаганын жергиликтүү укук коргоочулар билдирип атышат. Сиздин уюмда бул багытта акыркы кандай маалыматтар бар?
- Акыркы маалыматтар боюнча Бишкек шаарында орун алган 47-колония бар, ал жерде оорулуулар кармалып турат. Ошол жерде дагы ачкачылык акциясы улантылып жатканы боюнча маалымат бар. Андан башка биринчи жана үчүнчү колонияда дагы ушундай ачкачылык акция улантылып атат деп айтып атышат. Эми колониялар жабык жайлар болгондуктан аларга түздөн түз кирип, өз көзүбүз менен көрө албаганыбыз менен өзүбүздүн булактар аркылуу Кыргызстан боюнча дээрлик ГУИН системасына караган убактылуу кармоочу жайларда жана абактарда ачкачылык акциясы улантылып атканы боюнча маалыматтар түшүп атат.
- Качан башталган экен жана канчага чейин уланат экен?
- Биздин акыркы маалымат боюнча бүгүн эки сутка болуп, үчүнчү суткага карап атат. Ошондо дүйшөмбү күнү кечинде, же экинчи күнү эртең менен башталганбы деген оюбуз бар. Бизде дагы түздөн түз байланыш болбой атат түрмө менен.
- Сиздер кызматташкан расмий тарап маалымат алууга аракет жасап көрдүңүздөрбү?
- Бүгүн ГУИНдин башчысына барып сүйлөшсөкпү деп пландаштырып атабыз. Кечээки аракетибизден жыйынтык чыккан жок, ГУИН системасында эч ким бул маалыматтарды төгүндөп, ырастап берген жок, түшүнүктүү жооп ала алган жокпуз.
- Абак жайларда ачкачылык жарыялоо, албетте, бул жолку катталганы биринчи жолу болгон жери жок, балким акыркысы да болбошу мүмкүн. Мындай окуялардын келип чыгышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз. Дегеле түрмөлөрдө кризис болуп жатат деген пикирлер сизди канчалык деңгээлде ынандыра алат?
- Башканы айтпаганда, 2005-жылкы болгон окуя түрмөлөрдө, ГУИН системасында чоң кризис бар экенин көрсөтпөдүбү. Биз баарыбыз таң калдык түрмөлөрдө кайдан жүрүп курал-жарак, наркотиктер болуп жатканына. Түрмөгө баргандардын башкача жазылбаган мыйзамдар менен жашап калганын түрмөлөргө кирип-чыкканда көрүп атпайбызбы.
Түрмө эмес, убактылуу кармоочу жайларына да кирсек, ар бир камеранын өзүлөрүнүн кандайдыр бир жазылбаган мыйзамдары бар. Биздин Кыргызстандын мыйзамдары таптакыр иштебейт. Бул эмнени көрсөтөт, бул бизде чынында эле мыйзам иштебейт.
Экинчиден, мыйзамдарды туура иштете турган кадрлар жок МВД, ГУИН системаларында. Мен айтылып келаткан нерселерге кошулат элем, түрмө, ГУИН системасы айрыкча чоң реформага муктаж болуп атат.
- Реформа демекчи, реформа маселеси мурдагы бийликтин тушунда эле жабык мекемелерди реформалоо зарылдыгы эл аралык уюмдардын киришүүсү менен башталды деген да сөз айтылды эле расмий тараптан. Азыркы учурда деле реформага аракеттер көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Бирок көз карандысыз талдоочулар реформа керек, азыр реформа жүргөн жок түрмөлөрдө деп айтып атышат. Бүгүнкү күндө камак жайларында реформа жүргүзүш үчүн эмне керек?
- Эң биринчи, мурдатан айтып келаткан нерсеге кененирээк токтолгум келет, Кыргызстанда реформа башталып калды деп коет дагы, ошол эле системанын өзүнө табыштап коюшат. Мисалы ИИМде реформа болуп келатат. Бирок ким аны жүргүзүп атат? МВД өзүнө өзү реформа жүргүзүп атат. Качан эле адам өзүн өзү оңдоп коет эле, өзүнүн кетирген кемчилиги ар бир адамга, же ар бир структурага байкалбайт. Аны көз карандысыз жарандык коомдун өкүлдөрү менен ошолордун көзөмөлү менен кандай система болмоюнча комплекстүү реформа керек.
Ал эми ГУИН системасына эң биринчи жаны кадрлар керек. Булар жазага тартылды кандайдыр бир кылмыш иши менен, бирок ошол жактан оңолуп чыксын дегендей мамиле керек. Ушуларга бир гана жазалоо гана багытында эмес, буларды кандайдыр бир тарбиялоо, оңдоо, иши жокторго кесип үйрөтүү деген жагдайлар бүгүн четте калып калып атат.
Башкача айтканда мурда ИТК деп койчу, кандайдыр бир жумуштар менен алек болушчу. Азыр түзөтүүчү эле колония болуп калды. Экинчи жагы, мурдатан эле айтылып келген нерсе, ГУИН системасынын бөлүнгөн бюджети даректүү болуш керек, корголуп туруш керек. ГУИНге бөлүнгөн акчалар акыркы кездерде жакшы жетип калды деп атышат. Бирок дагы деле болсо биздин байкашыбызча ГУИН системасынын ичинде коррупция болуп кетип атат.
- Ошого карата байкоолор барбы, кайсы өңүттө коррупция болушу мүмкүн?
- Ал өзүнчө бир татаал механизм. Мисалы тамак-аш азыктарын алган убактарда калп эле кагаз жүзүндө иш аткарылды болуп кете берет. Ортодо акча жок болуп кетет. Аны аныкташ кыйын.
Экинчиден, түрмөдө отурган ар бир адам тирүүлөй эле акча. Себеби ар бир адамга күнүнө акча бөлүнөт. Ал айына, жылына бөлүнгөндө эбегейсиз чоң акчаны түзүп калат. Ошондуктан түрмөдө кээде айыбы бар болобу, жок болобу, же болбосо амнистияга илинип чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар адамдардын дагы ал жерден чыгып кетиши кыйын.
Ушундай эле жагдай балдардын колонияларында, атайын окуу жайларында болуп жатат. Айрыкча жетим балдар эмнегедир колдон колго өтүп айлана берген убактар болот. Анализдеп келсек эле ошонун артында акча турган болуп калат. Ар бир адамга мамлекет тарабынан акча бөлүнөт.
Түрмөдөн ким барып сурап атыптыр, сага бүгүн канча грамм нан, эт, май берилди деп, же болбосо канча сомдук дары-дармек бөлүнүп атат деген. Булардын баарын иликтеген эч ким жок. Иликтөөгө таптакыр мүмкүн эмес.
Булар дагы адам баласы, эркинен ажыратылганы менен булар укугунан жыратылган адамдар эмес, булардын дагы тамак жегенге, жашоого, адамдай жашаганга укугу бар деп ойлонгон система керек болуп атат.
- Маегиңизге чоң рахмат.