Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Бишкектеги Орозо айт намазы


Бүгүн 20-сентябрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында Орозо айт намазы окулду. Анын алдында Кыргызстан мусулмандарын муфтий, мамлекеттик катчы куттуктап өтүштү.

Мурунку айт намаздарынан айырмаланып, бул жолу чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилик өкүлдөрү куттук сөз сүйлөшкөнү жок. Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов оболу тек гана Түркия, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Украина мусулмандарынын муфтийлеринин маарек айткан куттуктоолору келгендигин жана бул айт намазга Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы жаңы элчиси, Түркия элчисинин дин иштери боюнча жаңы кеңешчиси катышып олтургандыгын эскертип өттү.

Куттук сөзгө жалгыз гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу чыгып, оболу быйылкы орозодо Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бардык дубандарда ооз ачыруу расмисин өткөргөнүн, жалпысы, ал расмиге 3,5 миңдей орозо кармаган адамдар жана аксакалдар катышкандыгын, мурунку жылдары президенттик иптарлык Бишкекте гана 100дөй адамга берилип келгендигин баян кылды.

Досбол Нур уулу айт намазга чогулгандардын барган сайын арбып баратканын да байкаган:

- Эгемендүүлүккө жеткенден кийин жыл сайын ушул майдандагы айт намазга келген жаштардын саны арбып баратат. Биз ага абдан кубанычтуубуз. Орозо айт майрамыңыздар кут болсун!

Айт намазда жаштар айрыкча арбын болду. Ошол жагын да эске алгандай, Равшан-ажы оболу айт намазга жыгылуунун эрежесин бир сыйра эскертип өттү. Анан сапан-сап айтылып, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен жамаат айт намазына жыгылды.

Намаз соңунда көзү өтүп кеткен кыргызстандык мусулмандардын арбагына багыштап Нуркамил-кары куран окуду.

Намазга кудум мурдагы айт-намаздарына катышканчалык эл чогулган. Мындай топту кээ бири 75 миң адам десе, кээ бири 100 миңге чыгарып ийишчү.

Бул жолу намазга келгендердин автомашиналары Сүйүнбаев, Жибек жолу, Чүй, Логвиненко көчөлөрүнөн ортого киргизилбегендигин, натыйжада шаар борборунда мурдагыдай пытыр-сытыр болбогондугун да белгилей кетели

XS
SM
MD
LG