Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Акин Токталиев: Меккеде түрмөнүн камерасында жашап аткандай болдук


Укук коргоочу Акин Токталиев Меккеге ажылык сапарга барып келди. Ал ажылык сапардын жүрүшүндө көргөн-билгенин “Азаттыкка” айтып берди.

- Ажылык сапардан келишиңиз менен, ниетиңиз кабыл болсун.

- Рахмат.

- Ушул касиеттүү Меккеге болгон сапарыңызда карапайым калк билбеген кандай окуяларга күбө болдуңуз?

- Биз төрт жарым миң киши Меккеге бардык. Ал сапарга барганда адамдын бүт руханий дүйнөсү өзгөрүлөт экен. Ал жакка барганда анча-мынча өзгөрүштөрдү айтсак да болот. Меккеде 2 млн. 300 миң (1,8 миллион -ред.) араб жашайт экен, 25 млн. (5,5 миллион - ред.) калк ар кайсы улуттан ошол жакка келип иштейт экен. Ошол жакта иштеп аткан кезде 2-3 мамлекеттик тил киргизебиз деп аракет кылышпайт экен.

- Сиз ажы болуп келдиңиз, ошол барган сапарыңыздарда биздин Кыргызстандын дин агенттиги дейбизби, же муфтият дейбизби, алар ажылык сапарды кандай уюштурушту?

- Ал жакта кандайдыр бир таптакыр бөлөк мамлекеттен келген кишилердей болуп жүрдүк. Түркиядан, Ооганстандан, Бангладеш, ар кайсы мамлекеттен келгендер баары уюл-уюл болуп туруп, бирдей жакшы шартта туруп атышты. Ал эми биз жашап аткан шартыбыз түрмөнүн камерасында жашап аткандай болдук, терезеси жок үйлөрдө. Бир бөлмөдө 8-9-12 ге чейин кишилер болуп жашап аттык. Күндүр-түндүр вентиляция, кондиционерлер иштеп атты. Кондиционерлерди өчүрүп койсоң так эле түрмөнүн камерасындай болуп мончо болуп кетет, күйгүзүп койсоң таптакыр муздак болуп калат.

-Мен алган маалыматка караганда, сиз гезитке ажылык сапарга барганда коррупция боюнча материал даярдап атыптырсыз. Коррупция Сауд Аравияда болдубу, же бул жактагы коррупция бекен?

- Сауд Арабияда коррупция такыр болбойт экен, ал жакта уурулук, кески деген эч нерсе жок экен. Коррупциянын баары Кыргызстанда болот экен. Эмне үчүн Кыргызстанда коррупция болот дегенде, бүт мамлекеттерде ыймансыз, динсиз, кудайга ишенбегендиктен коррупция башталат экен. Мурунку президентибиз Акаев да, азыр Бакиев да айтып атышат биз коррупция менен күрөшөбүз деп, булар аны менен күрөшпөй эле, коррупционерлердин башында өздөрү турушат экен. Эгер бүт мамлекеттин чиновниктерине ыйман сабагын киргизгенде коррупция деген кескин түрдө 80-90 пайызга жоголмок.
XS
SM
MD
LG