Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Диний эксперттердин өмүрү коркунучтабы?


"Ноокат тополоңу" боюнча 32 жаран хизбутчу деп айыпталып, түрмөгө кесилген.
"Ноокат тополоңу" боюнча 32 жаран хизбутчу деп айыпталып, түрмөгө кесилген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев Ош жергесине сапарында акыбал соңку мезгилде турукташып калгандыгын белгилеп, ошентсе да диний эксперттердин өмүрү коркунучка көбүрөөк кабылып жаткандыгына тынчсызданды. Мындай кооптонууга негиз бардыгын жергиликтүү диний эксперттер да ырасташууда.

Каныбек Осмоналиевдин көз карашында диний багыттагы гана эмес, башка тармактардагы эксперттердин да коопсуздугун камсыз кылган өзүнчө мыйзам жаратуу маселеси бышып жетилди.

Мамлекеттик мекеменин жетекчисинин кооптонуусунда жүйөө бардыгын жергиликтүү диний эксперттер да ырасташууда. Алардын бири Шамшыбек Закиров көп жылдар бою дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси болуп иштеген, укук коргоо органдары шектеген жүздөгөн материалдарга корутунду жазып, анын айынан айыпталуучулар тарабынан далай ирет коркутуп-үркүтүүгө кабылган. Былтыр аргасыздан иш которуп, учурда Ош шаарындагы бейөкмөт уюмдардын биринде эмгектенет.

«Ислам цивилизациясы» бейөкмөт уюмунун өкүлү Шамшыбек Закировдун баамында, бийлик канчалык жаап-жашырган менен диний акыбал түштүк жергесинде дале кооптуу бойдон калууда. Ошондуктан, мамлекет мындай учурда тажрыйбалуу эксперттерди жумушка чегерип, кырдаалдан чыр-чатаксыз жана жоготуусуз чыгуунун үстүндө ойлонсо пайдалуу болмок.

Анткени менен «диний экстремизм үчүн айыпталгандар жана алардын тууган-уруктары корутунду жазган эксперттерди опузалап, а түгүл өмүрүн кыюудан да кайра тартпай калышты» дегендерди шашылбоого чакыргандар да жок эмес. Мындай ойду тутунган айрым бейөкмөт уюмдардын пикиринче, дин агенттиги акыркы жылдары ашкере саясатташып, мамлекеттин жарандарын коркуткан куралына айланды.

Мисалы, «Акыйкат сот – чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапировдун айтуусунда, дин агенттигинин кызматкерлеринин» жана алар жалдаган эксперттердин бийликке жан тарткан чала сабат корутундуларынын негизинде бейкүнөө адамдар камалып кетүүдө. «Хизбут-тахрир» экстремисттик партиясынын мүчөсү деп узак мөөнөткө кесилген Ноокат районун 32 тургунун тагдыры буга ачык айгине.

Ушул жерде кошумчалай турган жагдай: былтыр Ош шаардык соту жергиликтүү эксперттердин корутундусуна ылайык «Акыйкат сот – чындык» бейөкмөт уюмунун башчысы Равшан Гапировду Интернет аркылуу тараткан баракчаларында өлкөдө тыюу салынган Хизбут-тахрир партиясын колдогон деп айыптап бир жылга эркинен ажыраткан.

Мамлекеттик дин агенттигинин Бишкектеги эксперттеринин корутундусун Ош облустук соту карап чыгып, укук коргоочунун аракетинде кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, толук актады. Бейөкмөт уюмдар белгилешинче, Гапировго окшоп укугун коргоого жарагандар саналуу гана. Көпчүлүгү эксперттердин жалган корутундусунун негизинде түрмөдө бейкүнөө олтурушат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев оштук укук коргоочулардын алардын дарегине айткандарын курулай доомат катары четке кагууда.

XS
SM
MD
LG