Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Мураталы ажы Жуманов: Дин боюнча жаңы мыйзам жаман эмес


Курман айт күнү Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов таң эрте “Азаттык” менен маек курду.

- Мына бүгүн эски өкмөт аянтында айт намазы окулган жатат. Ошон үчүн адегенде биздин угармандарга Курман айттын мааниси жана анда тилек- ниеттер тууралу кыскача маалымат берсеңиз.

-Бисмиллахи-рохмани-рохим! Урматтуу мусулмандар! Баарыңыздарга биринчиден мен, Кыргызстандын муфтийи катары терң ыраазычылык билдирип, ушундай жаркыраган майрам күндө эртең мененки танкы учурда "Азаттык" үналгысы аркылуу баарлашып, сүйлөшүп куттукташып жатканым үчүн ыраазымын.

Сиздердин баарыңыздарды майрамдык маанай менен, Курман айт майрамы менен, ыйык майрам менен чын ыкыластан, чын дилден баарыңыздарды куттуктаймын, айтыңыздар маарек болсун.

Урматтуу мусулмандар, бүгүнкү күн майрам күн, мусулмандардын эң ыйык майрамы. Бул Курман айт деген өзү себеби, өз доорунда Ибрахим Алейхи-Саламдан калган чоң ыйык тарых. Ушул пенделердин Кудай Таалага сыйынуусу, пенделердин жеке напсинин, жеке кызыкчылыктын кулу эмес, Кудайдын кулу экендигин далилдеген күн.

Мына Ибрахим Алейхи-Салам өз доорунда ушуну далилдеп, өз уулун Кудайдын жолуна союга толук, эч экиленбестен макул болуп, ыраазы болуп жараткандын ыраазылыгын тапсам болду, ушул мага чоң бактылуулук деген максатта өз уулун сойгонго аракет кылган.

-Орозо айт күнү Ноокат районунда тополоң чыгып кеткенинен уламбы, бүгүнкү Курман айт күнү айрым диний уюмдардын өз талабын койгон аркеттери болот деген имиш чыкты эле. Ошон үчүн, намаз аянттарда эмес мечиттерде окулсун дегег талап болбоду беле. Ошондой кооптонуулар болбос үчүн муфтият кандай аракет көрдү.

-Муфтият бүгүнкү күнү жер-жерлердеги имамдар, казылар менен толук аракетин көрүп жатат. Кудай буюрса эч кандай кооптонуулар жок. Бүгүнкү ушул айт күнүнө карата жаман пикирдегилерге Кудай өзү ынсап берсин.

Анан мурда да Бишкек шаарынын эски аянтынан башка жерлерде мечиттерде окулуп келген. Азыр дагы ушундай талаптарды койгонбуз, баары мечиттерде окулат. Бир гана Бишкек шаарынын эски Ала-Тоо аянтында гана аянтта окулат. Башка тараптардын баардыгында мечиттерде уюуштурганбыз, Кудай буюрса жакшы өтөт деген үмүттө турабыз.

-Ошол жерден бир пикирди сурабай койо албай турам. Жогорку Кеңеш кабыл алган дин жөнүнөгү жаңы мыйзамга кол койбоого президентти айрым эл аралык уюмдар чакырды. Алар айткандай мыйзам чынында эле дин тутуу эркиндигине чектеп жатабы, талаптары чынында эле катуубу?

-Эми Кыргызстанда сексен пайыздан ашуун мусулмандар жашайт. Айрым майда- майда агымдардын өкүлдөрүнө чындыгында бул мыйзам жакпай жатат себеби, алар өз максатына бул мыйзам аркылуу жете албастыгына көздөрү жетип жатат. Ошол себептен президентке кол койдурбаганга аракет кылган күчтөр дагы бар деп угуп жатабыз

Мен ойлоймун, бул айрым бир аз адамдардын же бир анча мынча майда агымдардын кызыкчылыгына эмес коомчулуктун, көпчүлүктүн, анан айрыкча мына салттуу диндердин кызыкчылыгына кызмат кылыш керек. Менимче, бул мыйзамга кол коюп берсе, бул мыйзам иштесе дин багытында жакшы эле болот деген ишеничте турабыз.

Айрым майда агымдардын өкүлдөрүнө чындыгында бул мыйзам жакпай жатат, себеби алар максатына бул мыйзам аркылуу жете албастыгына көздөрү жетип жатат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG