Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

«Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган…»


Кыргыз маданиятынын туу чокусу - "Манас" эпосу
Кыргыз маданиятынын туу чокусу - "Манас" эпосу

«Кыргыз мурасы жана келечеги» долбоорунун негизинде «Кыргыз цивилизациясы» институту ачылмакчы.

Ушул жылдын 11-июнунда кыргыздардын маданий мурасы, улуттук өз алдынчалыгын иликтеп чыгуунун жолдорун аныктоочу жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ кыргыз мурасы менен келечеги кандай иликтениши керектигин ырастаган бүтүмүн чыгарып, жаңы долбоордун маани-жайын көпчүлүккө түшүндүрүү иштерин баштады.

Жумушчу топтун жетекчиси, парламент депутаты Зайнидин Курмановдун ырасташынча, ушу азыр деле социалисттик өтүмдүү темаларда илимий эмгектер корголуп, элибиздин өткөнү менен бүгүнкүсү жыйынтыктуу изилдөөгө алынбай келатат.

- Азырга чейин 9-беш жылдык, 10-беш жылдыктар тууралуу кеп болууда. Азыр бизге маданий мурастар, аны кантип пайдалануу проблемасын иликтеген эмгектер керек. Буга чейин илимий эмгектер арбын жазылды. Аларды жалпылап, иретке салчу илимий борбор же түзүм жок.

“Кыргыз мурасы жана келечеги” долбоорун иштеп чыккан жумушчу топ мүчөлөрү ошол кенемтени жаңыдан түзүлчү “Кыргыз цивилизациясы” илимий борбору толтурат деген ишеничте. Топтун мүчөсү, профессор Айдарбек Көчкүнов улуттук мурасты бүгүнкү кыргыз табиятына ылайыкташтырыш керек, деп эсептейт.

- Себеби чынында эле кыргыз эли акыркы жүз жылда эле көрүнгөн мамлекеттердин системасында жүрүп, өзүнүн улуттук мүнөзүн, табиятын иш жүзүнө ашыра алган жок. Каалагандай мамлекет кура алган жок. Каалагандай иштей албай жатат.

Жаңы илимий борбор ириде мамлекеттик тил кадырын көтөрүү, улуттун кечээкиси менен бүгүнкүсүн илимий аңдоо, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын иш жүзүнө ашыруу милдеттерин өз алдына коюуда.

Кийинки кездери кыргыз тарыхын, көчмөн цивилизациясын көкөлөтүү тенденциясы күчөп, ага улай уруулук бөлүнүштү учурдагы мамлекеттик башкаруу саясатына аралаштыруу аракети жанданууда. Чыгыш таануучу Чынара Эсенгулдун айтуусунда, мындай тенденцияны жокко чыгарып, четке сүрүп таштоо кыйын.

- Түшүнүп эле турабыз биз. Муну кандай айтса болот? Ар кандай аспекттерин карап көрүш керек. Кыргыз маданиятынын көкөлөтө турган, баалай турган, башкалар менен бөлүшө турган нерселери бар.

Ушу тапта кыргыздар төртүнчү ирет өз алдынча мамлекет түптөө бактысына туш келгени менен, экономикалык-саясий толгон-токой проблемалардын төөбастысында калып, айкын өнүгүү жолун таба албай турганы да эч кимге жашыруун эмес.

- Дем жок болгону үчүн азыркы ахывалга келип жатабыз,- дейт жумушчу топ мүчөсү, философ Советбек Абдырасулов.

“Теңир Ордо” коомдук корунун негиздөөчүсү Дастан Сарыгуловдун пикиринде, көчмөн цивилизацияны терең иликтеп таануу мындан ары кандай жол менен өнүгүүнү биле албай турган отурукташкан калктар үчүн өзгөчө маанилүү.

- Бир кылым туш келди урунуп, биз ким гана болгон жокпуз. Коммунисттердин саясаты менен да жашадык. Өзүбүздүн тилибизди жеридик. Өзүбүздү басынттык. Өз мамлекетибизде өгөй болуп келе атабыз. Бул өнүгүү жолго алып келбейт. Биз ата-бабалардын улуу мурас жолуна кайрылмайынча, өзүбүз менен кошо кийин жарга такалып калган далай элдерди ээрчип кетмейинче, адамзат кыйноо-азаптан башы чыкпайт.

Быйыл президенттик шайлоо алдында чоң демилге катары көтөрүлгөн көчмөндөр цивилизациясы долбоору кыргыз цивилизациясына алмаштырылып, убакты-сааты эми минтип үч жыл менен чектелүүдө. Азырынча жаңы долбоорго канча каражат бөлүнөрү да белгисиз. З.Курманов долбоор бюджет эсебинен, эларалык уюмдардын каржылоосуна байланыштуу иштерин маалымдады.
XS
SM
MD
LG