Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Тимур Муканов - французча ыр жазган москвалык кыргыз


Москвалык кыргыз ырчы Тимур Мукановдун постери.
Москвалык кыргыз ырчы Тимур Мукановдун постери.

Орусча ыр жазган кыргыздар четтен табылат, кыргызча ырдаган орустар жок эмес, ал эми французча ыр чыгарып, аны өзү аткарган кыргыздан бирөө эле болсо керек. Анда таанышып коюңуздар: Тимур Муканов – москвалык шайыр, "Кэтр Сэң Гу" тобунун жетекчиси, акын жана композитор, котормочу жана актер.

Французча ырдаган кыргыз тууралуу мен мындан бир нече жыл мурда эле европалык белгилүү музыка таануучудан уккан элем. Чех үналгысынын "Чайхана" деген музыкалык берүүсүнүн алып баруучусу Петр Доружка Сибирдеги фестивалдардын биринен кайтып келгенден кийин Тимур Муканов берген компакт дисктен анын ырын угузганы эсимде.

Кийин Фейсбуктан анын ысмын көрүп калып, интернеттен тааныштык. Ага «Грин Уейвз» музыкалык компаниясынын куратору катары Татарстандын баш калаасында жүргөн жеринен телефон чалдым. Сөзүбүз албетте чү дегенде эле "кандайча француз тилинде ыр жазып калдыңыз?" деген суроодон башталды.

- Бул күтүлбөгөн жерден болду. Мен батыштык бир компанияда менеджер болуп иштечүмүн. Жакшы эле болуп келаткан, бирок бир күнү эле «бул иш мен үчүн эмес» деген сезим ойгонду. Ишимди таштап, эмне кылсам деп ойлонуп жүрдүм. Бир жолу үйдө отуруп, колума гитарамды алдым, анан өзүнөн өзү эле ыр чыга баштады. Кийин бир таанышым (Таня Уланова) концертиме келип, «эсиңдеби, беш жашта экенибизде сен мага «чоңойгондо гитара ойнойм, анан французча үйрөнөм деп айткансың» дейт. Балким бул ошондо эле ушул жолго түшөөрүм аныкталган.

Тимур Муканов

Тимур Мукановдун өз аты Таалайбек Кангелдиев, эжеси москвалык бир доктурдун кеңеши менен орустардын арасында жүрөт деп, атын Тимурга өзгөрткөн, ал эми Муканов - энесинин фамилиясы. "Кыска, бирок нуска" деп өзүн көркөм өнөр чөйрөсүндө Тимур Муканов деп тааныштырат.

Ошентип Кыргызстанда төрөлүп, Москвада өскөн Тимур Мукановдун бүгүн өзүнүн тобу бар, аты "Катр сэң гу", алган багыты – романтикалык софт рок. Топтун аталышы француз тилинде «400 табит» дегенди билдирет:

- Бул аталышты тандаганда француз тилине таянгам. Франциялык кинонун "Жаңы толкунундагы" көрүнүктүү режиссер Франсуа Трюффонун Парижде өскөн өспүрүмдүн жашоосу тууралуу «Катр санг ку» (Les Quatre Cents Coups) же «400 сокку» деген тасмасынын аталышынан бир добушту алмаштырып, «Катр сэң гу» деп атадым. Мени кичинемде эркелетип, Аку деп чакырышчу, ошондуктан, алгач тобумдун аты да «Аку» болчу, кийин өзгөрттүм, себеби топтун курамы алмашты, аспаптар өзгөрдү, мен ырдабай калдым, ырчы кыз-жигит кошулду.

6-июль туулган күнүн 8-июлда Москванын "Б-2" клубунда концерт менен белгилеп жаткан 49 жаштагы Тимур Мукановду бир көргөн киши анын бир кезде бизнес чөйрөсүндө чарк айланган менеджер болгонун элестете албайт. Чыгармачыл жашоонун мухитинде эркин сүзүүгө чыккан мезгил аралыгында музыкасы менен эл оозуна кирип, бир катар кинолорго да тартылган мекендешибиз ишкер чөйрөдөн баш тартканына өкүнбөйт:

- Өкүнбөйм, мен өзгөрдүм. Мындан 10 жыл мурда ортоңку катардагы менеджер элем, мингеним чет элдик унаа, чачымды кыска тегиздеп, костюм кийип, галстук тагынып жүрчү элем. Учакта бизнес класс менен учуп, кайсы бир жыйналыштарга барчумун, кайсы бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзчүмүн. Анан эле бир күнү, азыр да эсимде, Брюсселде европалык менеджерлердин жыйынында отуруп, «о жараткан, мен бул жерде эмне кылып отурам?!» деген ой кетти. Ошондо мен өзүмдү да, башкаларды да алдап жүргөнүмдү түшүндүм.

Азыр Тимур Мукановдун чачы ийнине түшкөн, башында - кара берет, мойнунда жарашыктуу кызыл шарф, кудум эле париждик

Тимур Муканов солдо "Кэтр сэң гу" тобу менен

интеллектуалды элестетет. 50-60 чакты ырын патенттеп койгон, бирок бир да компакт диски чыга элек. Бала чагынан кыргызча өскөн, орус, англис тилинен кийин эле французча эркин сүйлөйт; бул тилде түш эле жорубастан, ыр да жазып жүрсө да, алигиче Францияга бара элек. «Концерт уюштурган продюссерим жок, чыгармачыл адамга мындай иш менен алектениш кыйын экен» дейт.

Маектешибиздин атасы ал кездеги СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунда иштеген, кыргыз тилине которулган жардыктарды редакциялоочу. Ата-энеси кийин ардактуу эс алууга чыгып, акыркы күндөрүн Бишкекте өткөрүштү. Москвада өткөн балалыгын ал мындайча эскерет:

- Биз көчөдө орус балдар менен ойносок да, үйдө кыргызча сүйлөчүбүз. Биздин үй Москвадагы кыргыз аралы болчу - армияга бараткан туугандардан тартып, союздук маанидеги министрлерге чейин миңдеген кишилер келип турчу. Үйдө дайым кыжылдап киши көп, ашканда тамак бышып, дасторкон жайылып тураар эле.

Бүгүн шайыр мекенине дээрлик каттабайт. Кыргызстанда улам бийлик алмашканда жоро-жолдоштору камтама болуп, «Урук-туугандарың аманбы?» деп сурашат, кыргыздардын тизелебей, бийликтерди өзү менен эсептешүүгө мажбурлаган эрдигине суктанышат. Маектешибиз Кыргызстанга барыштын билети кымбаттап кеткендиктен, андан көрө Египетке деңизге барып эс алган арзан болуп калгандыгын жашырбайт.

Бирок орус жергесинде ордун тапкан кыргыз шайыры өзүнүн ата-тегин унутпай, кыргыз экенине сыймыктанат:

- Менин сыртыман карап, кээ бирлер бул чет элдик кытай, корей же жапон го деп ойлошот, бирок мен дайым кыргыз экендигимди айтам. Мен кыргызмын!

Тимур Мукановдун мааракелик консертинин жарыясы, 2010-жыл

Тимур Муканов тууралуу кошумча маалымат:

My Space сайтындагы видео

«Тирүү журналдагы» профили: http://garp2.livejournal.com/

«Тирүү журналдагы» девизи: "Je t'aime un peu... beaucoup... passionnément... à la folie... pas du tout !" - «Мен сени сүйөм, аз-маз... абдан сүйөм... жанымдай көрөм... акылымдан адаша турган болдум... сени сүйбөйм!»

XS
SM
MD
LG