Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

"Белгисиз маршруттун" барчу маршруту көбөйдү


Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасы эл аралык кинофестивалдарга чакырык алып, жаңы сыйлыктарга ат салышууда.

- Сиздин “Белгисиз маршрут” аттуу кинотасмаңызга Италиядан, ошондой эле Владивостоктон эл аралык кинофестивалдардан чакыруу келиптир. Ошол тууралуу өзүңүз кененирээк айтып берсеңиз?

- Ушул айдын 19нан 27не чейин Владивостокто “Тынч океан меридианы” деген эл аралык кинофестивалы өтөт экен. Ошого ошол кинодо аткарган Кангелдиев деген жаш актердун бири барып катышып келет. Анан дагы октябрь айында Римде өтө турган эл аралык кинофестивалга да чакыруу алганбыз, ага да катышмакчыбыз. Октябрдын аяк чендеринде “Россия улыбается” деген жаңы кинофестиваль ачылган экен, ошол жакка дагы конкурска өткөн экен. Ошол жакка дагы чакырууну күтүп атабыз азыр.

- Темир мырза, буга чейин “Белгисиз маршрут” кинотасмасы бир топ эл аралык сыйлыктарга татыктуу болду. Ушуну угармандарга дагы кененирээк айтып берсеңиз, кайсы сыйлыктарга татыктуу болду?

- Былтыр 2008-жылы Астанада өткөн Евразия эл аралык кинофестивалында атайын байгеге ээ болгонбуз, андан кийин Дүйшөмбүдө өткөн эл аралык кинофестивалда Баш байгени жеңип алганбыз. Андан кийин азыр Алматыда телевидениеге алышты, ошондой эле Түркияга алышты.

- “Белгисиз маршрут” кинотасмасында мурдагы жана азыркы мамлекеттик башкаруучулар каймана сынга алыган деген пикирлер бар. Буга сиздин жообуңуз кандай болот?

- Кинонун бир жери жакшы, ар ким өзүнүн ой жүгүртүү кудуретине жараша каалагандай тыянак чыгарып, каалагандай чечмелеп алышат.

- Темир мырза, алдыдагы чыгармачылык пландарыңыз кандай?

- Азыр биздин өлкөдөгү коомдо болуп аткан терс моралдык көз караштарды чагылдыра турган дагы бир фильмге даярдык көрүлүп атат. Ал жаштар темасы. Азыркы учурда ошого каражат издеп, техникалык даярдык болуп атат.

- Каражат демекчи, кыргыз өкмөтү кино тартууга канча бир миллион сом беребиз деген убада кылышты эле. Бул маселе кандай болуп атат, өкмөт каржылап атабы финансы жагынан?

- Тилекке каршы, биздин техниканын эскиргендиги жана каражаттын аздыгы колду байлаган маселе болуп атат. Мисалы бир жылга бөлүнгөн акча ашып кетсе бир киного жарайт, кээде жетпей да калат. Быйыл Болот Шамшиев азыр өзүнүн фильмин тарткан атат, мамлекет ошону каржылап атат. Азыр Жалал-Абатта тартуу учуру жүрүп жатат.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG