Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Сингапур олимпиадасы Кыргызстанга ийгилик алып келди


Сингапурдагы олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн Бишкекте чоң салтанат менен тосуп алышты. Жаштардын биринчи олимпидасында грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медал, Шадыбек Сулайманов коло жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло медаль жеңип алды.
Сингапурдагы олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн Бишкекте чоң салтанат менен тосуп алышты. Жаштардын биринчи олимпидасында грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медал, Шадыбек Сулайманов коло жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло медаль жеңип алды.

Кыргыз спортчулары биринчи жаштар олимпиадасынан кайтып келишти.

Биринчи Жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Урмат Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло медаль жеңсе, дзю-до таймашында Болот Токтогонов коло медалга ээ болду. Кыргызстан бир алтын, эки коло медалдык көрсөткүч менен 204 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлеп, медалдардын саны боюнча Швейцария, Греция жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн алдыга озуп чыкты.


Сингапур олимпиадасы: Кайсы өлкө алдынкы катарда...

Сингапур жаштар олимпиадасында командалык эсеп боюнча Кытай курама командасы топ башына чыкты. Алар 30 алтын, 18 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп чоң көрсөткүчкө жетишти.

Экинчи орунга 20 алтын, 17 күмүш жана 12 коло медаль жеңген Орусия спортчулары жете алышты. Үчүнчү орунду Украина өлкөсүнүн жаш спортчулары камсыз кылышты. Алар 10 алтын, 9 күмүш жана 16 коло байгени утуп алышты.


Чоюн билек балбандар чоң көрсөткүчкө жетишти

Кыргызстандын пауэрлифтинг атлеттери Евразия биринчилигинде жалпы жонунан 35 медаль жеңип алышты. Анын ичинен 22 алтын, 8 күмүш, 5 коло медаль. Москва шаарында өткөн мелдешке 12 өлкөдөн, миңге жакын атлеттер келип мөөрөй талашышкан.

Кыргызстандын намысын коргогон 10 спортчу 35 медалды жеңүү менен бирге дүйнөнүн 21 рекордун жаңыртышты. Таймашта кыргыз спортчулары жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында күч сынашышты. Пауэрлифтинг спорту оор атлетиканын бир түрү болуп эсептелет. Анда спортчулар жатып жана отуруп ар кандай өлчөмдөгү оордукту көтөрүшөт.

Дзюдо балбаны дүйнө биринчилигинде алтын медаль жеңди

Канаданын Монреал шаарында дзюдо боюнча чеберлер арасында дүйнө чемпионаты аяктады. Анда кыргызстандык Таалайбек Масабиров 81 кг салмакта дүйнө чемпиону аталды. Ал биринчиликтин жүрүшүндө беш атаандашын женип, финалдык таймашта өткөн жылдын чемпионун утуп алган. Чемпионаттын аякташы менен АКШда өз чеберчилигин көрсөтүүгө чакырылган Масабиров жарат алуу коркунучун эске алып, чакыруудан баш тарткан.

Самбо балбандары Казакстанда үчүнчү орунга татыды

Казакстандын президентинин байгесине үчүн Уральск шаарында дүйнө Кубогунун этабы аяктады. Ага Германия, Грузия, Өзбекстан сыяктуу он чакты өлкөдөн спортчулар катышкан. Анда 57 кг салмакта Адилет Ботоканов, 90кг категорияда Болот Рахатбеков “коло” байге ээси аталды. Ошондой эле дагы үч спортчу беш мыктынын катарына кирсе, эки спортчу жетинчи орунга татыды. Учурда төрт спортчудан турган самбо чеберлери Бээжин шаарында өткөнү турган согуш өнөрүнүн биринчи оюндарына жөнөгөнү турушат.
XS
SM
MD
LG