Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Той-аштарга канча каражат кетет?


“Азаттык плюстун” кезектеги сыналгы көрсөтүүсү Кыргызстанда той-аштарга канча каражат кетээрин иликтөөгө алат.

Кыргыздар аш-той берүүнү эмне үчүн салтка айланткан? Андан материалдык пайда табабы же моралдык каниет алабы? Көп ысырапкорчулукка жол берген аш-тойду ким кантип өткөрөт. Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө былтыр 40 млрд. сомдон ашык каражат жумшаганын Бишкек экономикалык институту аныктаган. Бул сумма - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. “Азаттык плюстун” кезектеги сыналгы көрсөтүүсү “Кыргызстанда той аштарга канча каражат кетет?” - деген суроого жооп издейт.

Программа ушул шаршемби, 30-сентябрда, күндүзгү саат 10.30да “Манас жаңырыгы” телеканалында тартылат. Программабызга катышып, сунуш-пикир айткыңыз келсе, кошулуңуз.

Ага чейин 0550-530-555; 0550-532-555; 0550-536-555 номерлерине чалып же jashtar@azattyk.kg дарегине кат жазып, байланышыңыз. Ой-пикир, сунушуңузду жарыябыздын астындагы шерине бөлүгүнө да калтырсаңыз болот.

Сиздерди ар дүйшөмбүдө Бишкек убактысы боюнча саат 21:00де шериктерибиз “Манас жаңырыгы” (Бишкек) жана “Керемет” (Ош) сыналгы компанияларынын каналдары аркылуу обого чыгып жаткан "Азаттык+" сыналгы берүүсүн көрүүгө чакырабыз.
XS
SM
MD
LG