Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Кыргыз жараны Өзбекстандын түрмөсүндө кыйноодон көз жумду


Назым Мамадалиевди мына ушинтип мыкаачылык менен кыйнашкан.
Назым Мамадалиевди мына ушинтип мыкаачылык менен кыйнашкан.

Базаркоргондук Назым Мамадалиев Өзбекстандын түрмөсүндө каза болду. Аны туугандары милициянын ур-токмогунун уусунан каза болгонун ырасташууда. Өзбек тергөөчүсү өз кезегинде кыргызстандык жарандын оорудан көз жумганын айтууда.

Базар-Коргон районунун тургуну Назым Мамадалиев 1-майга караган түнү Өзбекстанда каза болгон. 29-апрелде оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага дейре Фергана шаарындагы убактылуу тергөө абагында, кийин эмгек түзөтүү түрмөсүндө жаткан.

Эжеси Минура Мамадалиеванын ырасташынча, иниси Өзбекстандагы абакта токмоктун уусунан өлдү. Бирок Минурага иниси менен сүйлөшүүгө Назымдын өлөөрүнө эки күн калганга дейре тыюу салынган.

Ооруканада инисинин көгала денесин алгач көргөндө ал чыдай албай кыйкырып ийген. Назым тамакты тандап иччү, бир-эки жолу ашказаным ооруду дегени бар. Бирок кургак учук, же боору ооруган эмес:

-Белинен ылдый жагы көк-мөк, карап болбойт. Медсестра да кайсы жерине ийне саям деп чырылдап ийди. Кол-буттары көгөргөн. Бирдемеден корккондой, атын айтсам, селт-селт этип чоочуп турат. Инимди эзип салыпсыңар го, алып кетем дедим, карап турган милицияга. Колундагы кишенди чечишпей, ала барган тамагымды колум менен жегиздим. Күзөтчү жогунда "сени катуу токмоктошуптур, сыз жерде олтурган окшойсун ээ" - деп сурасам, Назым «ооба» дегендей башын ийкеп, көзүнөн бир-эки жаш мөлт-мөлт кулап кетти. «Мени мойнуңа аласың, кагазга кол коесуң, деп эки күн катуу кыйнашты" деп айтты. Милиция келип калбасын деп, улам каалга жакты карай берди. Милициянын көзүнчө денеси эмне үчүн көгөргөнү тууралуу сөз чыгарган жок, - дейт инисинен айрылган Минура Мамадалиева энеси Назымдын өлүм себебин али уга электигин кошумчалап.

3 балалуу Назым Мамадалиев жоголгон паспортуна аныктама алуу үчүн 13-апрелде Өзбекстанга барган. Ошо күнү аны Фергана шаардык ички иштер башкармасына караштуу кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, убактылуу тергөө абагына алып барып камашкан. Кийин эмгек түзөтүү түрмөсүнө которушкан.

Эжесинин белгилешинче, ал өзбекстандык Саит Акташинский аттуу киши менен оозеки келишим түзүп, Фергана шаарындагы кинотеатрдын имаратын шериктери менен оңдогон. Деректир Акташинский эмгек акысы үчүн имараттын темир-тесектерин берген.

Натыйжада ал экөөнө «мүлктү ыйгарып алган» деген кине менен 2007-жылы Өзбек республикасынын Кылмыш Кодексинин 167-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Акташинский 5 миллион, Назым Мамадалиев 31 миллион өзбек суму өлчөмүндө зыян келтирген деп айыпталышкан. Былтыркы болгон суракта Мамадалиев ал айыпты мойнуна алган эмес.

Фергана шаардык прокуратурасынын улуу тергөөчүсү Музаффар Мирзажанов Мамадалиевдин түрмөдө уруп-согулганын четке кагып, аны куру доомат эсептейт. Тергөөчү «Азаттыктын» өзбек кызматына кыргызстандык жаран кургак учук жана боордун өтүшүп кеткен оорусунан көз жумгандыгы тууралуу билдирген. Өпкөсүнүн жарымы жоктугу жана дарылануу маалында каза тапканы соттук-медициналык текшерүүдө ырасталган.

Кармалган кишиге жырткычтык менен мамиле кылганды адам укугун коргоо тармагында он үч жылдан бери иштеп келаткан Азимжан Аскаров да көргөн эмес. Коңшу өлкөлөрдүн мыйзамдарында кармалган кишини үч саатта өкмөт эсебинен адвокат менен камсыз кылуу жагы каралган.

Бирок Назым Мамадалиев чет өлкөлүк жаран жана жанында каражаты жок экени эске алынбай, эжеси акысын төлөгөндөн кийин жактоочусу сегиз күндө бир ирет суракта кошо болгон. Кылмыш иши атайылап ачылган. Болбогон кылмыш ишин кыргызстандык жаранга оодара салуунун аракети жасалган.

30-апрелде укук коргоочу Мамадалиевдин курсагынан кан сызылып чыкканын, анын сөөгүн Базар-Коргон районуна алып келишкенде бөтөлкө тыгылгандай көтөн жагы айрылып кеткенин көрүшкөн.
Мыкаачылыктын жүрөк айланткан көрүнүшү

Мындай өкүмзордукка чыдабаган Азимжан Аскаров өзбек бийлигине кайрылаарын билдирди:

-Жабырлануучулардын өтүнүчү боюнча президент Ислам Каримовго, Өзбекстандын башкы прокурору менен акыйкатчысына жана Фергана облустук прокуратурасына кайрылуу даярдадым. Анда өлүмгө тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койдук. Назым Мамадалиевди өтө катуу токмоктошкон. Бүткүл айыпты ага жабууну көздөшкөн.

Өзбекстанда адам укугу дегеле эске алынбайт. Кайгыга баткан Минура Мамадалиева өйдө каратпай, ооз ачтырбаган өзбек бийлигине нааразы.

-Прокуратурадагылары бизде адам өлтүргөндү да чекесине чертпейт. Жакшы мамиле кылышат, дешет. Урбаган болсо, инимди денеси өзүнөн өзү көгөрбөйт да. Доктурлары айткан имиш, цeрроз печень болгондо көгөрөт деп. Мен буга ишенбейм. Көзү өткөнчө алып кетейин десем, уруксат беришпеди, - деп, улутунду Минура Мамадалиева.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG