Ош облустук бийлиги маалымдашынча, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Таза суу” долбоорунун алкагында 2001-2008-жылдар аралыгында аймактагы 121 айыл ичилүүчү суу менен камсыз кылынды. Бирок материалдык-техникалык базанын жоктугунан улам учурда бул бекеттердин басымдуулугу кыйроо абалында турат.
Суу департаментинин Ош облустук координатору Курбанаалы Азимов курулган системанын мынчалык бат бузулушунун башка себептерин да атады.
-Ушул айылдардын суу системасынын долбоорлору өтө шашылыш жана сапатсыз бүтүп калган. Экинчи электр энергиясынан акчасынан эконом кылабыз дагы, булактардан арзан суу алабыз деген идея жүрөт, дагы алыскы булактарга суунун башын байлашкан. Ошонун кесепетинен суу булактарынын жокко эсе болуп соолуп кетиши болду дагы, биздин бир топ долбоорубуз суусуз калды.
Ош облустук прокуратурасы кабарлашынча, чала бүтүп тапшырылган суу бекеттерине байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон. Анын бирөө кыскартылган. Бешөө сотто каралып, тиешелүү кишилер жоопко тартылган. Алардан жалпысынан 23 миллион сом чыгым өндүрүлгөн. Мындан тышкары наркы 15 миллион сомго бааланган «Таза суу» долбоорун бүтүрбөгөн «Пласт-Полимэр» жана «Спецмонтаж» ишканаларынын жетекчилерине издөө жарыяланды.
Жергиликтүү бийлик белгилеген ушундай олуттуу мүчүлүштөргө карабастан Азия өнүктүрүү банкы программаны каржылоону улантууну чечти. Мындан ары долбоор «Таза суу» эмес «Тунук Суу» деп аталып, беш жылга каражат ажыратылды. Бул туурасында «Тунук суу» долбоорунун түштүктөгү өкүлү Таалайбек Жоробеков төмөнкүлөрдү билдирди.
-Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион доллар грант берип атат. Донорлордун талаптары бар 85% берет экен, 15% же эл каржылаш керек же мамлекет каржылаш керек деген суроо туулду, бирок ошону кыргыз өкмөтү 15% өздөрү каржылай турган болду.
Ош облусунда таза суу системасына кошулбаган 120 айыл бар. Анда 250 миңден ашуун киши жашайт. Таалайбек Жоробековдун айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын грантынын эсебинен 2017-жылга дейре көрсөтүлгөн калктуу конуштарды ичилүүчү суу менен толук камсыз кылуу чаралары көрүлүүдө.
Кара-Кулжа районунун тургуну Акимжан Ташкараев «Тунук суу» программасы деле «Таза суу» долбоорунун кейпин киет деп кооптонууда.
-Бир топ депутаттар ушул убактагы министр аралашып кетип, менин айылымды киргизем, менин айылым кириш керек деп мына ушундай абалга туш келип калдык.
Акимжан Ташкараевдин көз карашында ар бир районго суу бекеттерин көзөмөлдөөчү техникалык сервис уюштурмайынча, мээнет текке кетээри анык.
Ар кыл тармактын өкүлдөрүнөн куралган расмий топ «Тунук суу» долбооруна кошулчу айылдарды иликтеп кайтышты. Топтун мүчөсү, санитария жанга гигиена боюнча адис Төлөгөн Абдуллаевдин айтуусуна караганда, Ош облусундагы таза сууга муктаж кыштактарда акыбал оор бойдон калууда.
-Текшерип көргөнүбүздө балдардын арасында 60-70% ичинде курт чыккан, бул он баладан алты жетисинин ичинде энтербёз, льямблёз деген өтө коркунучтуу оорулар бар да. Бул белгилери жок бул ошол баланын ичинен күчүн алып, алсыз кылып ошондуктан азыр биздин балдарыбыз балким армияга жарабай жатат. Бул мындай айтканда "бомба замеделенного действия" деп коют да. Биз өзүбүздүн келечегибизге балта чаап атабыз.