Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Аптанын маданий окуялары


Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз.
Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында “Айкөлдүк - дүйнөгө карай жол” аттуу кайрымдуулук концерти өттү.

Аны “Артэрия” маданий борбору уюштурду. Аталган борбор буга чейин да бир ирет ушундай маанидеги концерт өткөргөн. Эми алдыда чет элдик режиссерлордун жардамы менен спектакль сахналаштырууну көздөөдө.

Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз "Түрксой" уюмунун чакыруусу менен Стамбул шаарына жөнөп кетти. Аталган министрликтен кабарлашкандай, министр Түркияга иш сапарынын алкагында «Кероглы» операсынын бет ачарына күбө болот. Ал эми аталган операга түрк солисттери менен кошо кыргыз артисттери да катышкан.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Исрадин Аманбаевдин обондуу чыгармалары орун алган китеби жана обондору кирген «Кайдасың сен Нестан-Дарежан» аттуу ыр альбому жарык көрдү.

Сүрөтчүлөр Алмагүл Бөлөкова жана Догдурбек Нургазиев Германиянын 3 шаарында жеке көргөзмөсүн уюштурат. Ал жакка кыргыз сүрөтчүлөрү 15 иш алып барышат. Барган-келген жол кире чыгымдарын сүрөтчүлөр өздөрү табышат. Ал эми көргөзмө жайлардын ижара акылары үчүн айрым эмгектерин калтырышат.

Кыргыздын бир катар режиссерлорунун тасмалары Швейцарияда өтүүчү эл аралык Локарно кинофестивалында көрсөтүлөт. Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшованын айтуусунда, аталган фестивалга Европа өлкөлөрүнөн белгилүү продюссерлер келишет. Ал эми баш байгеге 50 миң доллар коюлган.

Сентябрь айында 67-эл аралык Венеция кинофестивалы өтөт. Фестиваль Дарен Аронофскийдин “Кара ак куу” тасмасы менен ачылат. Фильм бири-бирине каршылашкан бийчилер тууралуу баяндайт.

Декабрь айында Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияда жаш композиторлордун сынагы өтөт. Сынактын калыстар тобунун курамын белгилүү композиторлор түзөт. Ал эми иш-чаранын экинчи туру концерт түрүндө болот.

Анталияда жыл сайын июль айында эл аралык опера жана балет фестивалдары өтөт. Ал эми ал фестивалдардын көрүүчүлөрү 80 миңге жетет. Түркиянын тарыхындагы эң эски деп эсептелген эл аралык “Алтын апельсин” фестивалы бул жылы сентябрь айына пландаштырылууда.
XS
SM
MD
LG