Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Конституциянын жаңы долбоору эки тилде гана чыгышы керекпи?


“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” уюмдарынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 3-июнь, 2010
“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” уюмдарынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 3-июнь, 2010

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору кыргыз жана орус тилдеринде гана чыгышы керек”. Мындай ойлорун бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү 3-июнда маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Конституциянын долбоору өзбек тилинде чыга турган болсо, өлкөдөгү калган улуттардын укугу басмырланат.

Ошол эле учурда Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү Кыргызстанда өзбек улутундагы жарандар көп болгондуктан долбоордун калктын калың катмарына жетиши үчүн мындай иш жасалганын белгилешет. Ал эми кээ бир серепчилердин пикири боюнча Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышында саясий себептер да болушу мүмкүн.

“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” өңдүү бир катар жаштар уюмдары элдин калың катмарына жайыла турган Кыргыз Республикасыны Конституциясынын жаңы долбоору кыргыз жана орус тилдеринде гана чыгышы керек деген ойду карманышат. “Ак Шумкар Кут” уюмунун өкүлү Мирхамид Токтогул уулунун пикиринде, жаштар долбоордун үч тилде чыгаарына нааразы болушууда:

-Кайсы бир деңгээлде саясий упай топтош үчүнбү, же болбосо жагынуу ирээтиндеби, же чындап эле ынтымакка келтирүү ирээтиндеби - булар так белгисиз. Кыргызстанда уйгур деген улут бар, дунган улуту бар. Алардын да талабы бар, алардын да суроо-сопкуту бар. Ошон үчүн ушул сыяктуу аракеттерди биз чагымчыл аракет катары тааныйбыз. Биз долбоордун өзбек тилинде да чыгарылышы биринчи кезекте бул Конституцияны бузгандыкка жатат деп ойлойбуз.

Мындай ойго жаш активист Мавлян Аскарбеков да кошулат. Ал долбоордун үч тилде чыгышын саясий оюн катары баалайт:

- Кандайдыр бир саясий оюн болуп жатышы мүмкүн. Келе жаткан күздө бизде, буйруса, шайлоо болот. Ошол шайлоого кандайдыр бир топ топтоо, үн топтоо же кандайдыр бир саясий рейтингин көтөрүү максатында Текебаев Өмүрбек Черкешович ушундай туура эмес жолдорго түшүп жатат деген ойлор бар.

Жаштар кыймылдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын талап жана сунуштарына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жооп бериши керек. Мындан сырткары алар Кыргызстанда өзбекче билген адамдар айтылгандан алда ганча аз экендигин, долбоорду өзбекче чыгарууга муктаждык жок экенин белгилешет.

Ал эми Убактылуу Өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, долбоордун өзбек тилинде чыгышы эч кандай деле саясий максатты көздөбөйт:

- Өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда миллиондон ашык өзбек улутундагы жарандар бар. Ошондуктан алар да толук кандуу боло турган референдумга жаран катары катышып өзүнүн добушун бериши керек. Албетте юридикалык маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок мыйзамда, башка тилдерде чыгарууга болбойт деп жазылган эмес. Болгону гана бизде кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили расмий тил деп жазылган. Конституциянын жаңы долбоорунун үч тлде жарыяланышын Кыргызстандын келечегин көздөгөн кадам катары кабыл алыш керек.

Бирок кээ бир саясий серепчилер Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышында саясий себептер бар экенин, бул аракет кайсы бир адамдар тобунун өзбек улутундагы жарандардан добуш топтоого багытталганын баса белгилешет. Саясий серепчи Табылды Акиров бул багытта мындай оюн билдирет:

-Азыркы бийликтеги партиялар парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Ошондуктан бул нерсени кайсы бир деңгээлде өзбек калкынын да көңүлүн өзүнө тартып, алардын добуштарын алууга жетишүү аракети деп да айтсак болот.

Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышына Бишкектин тургундары кандай карашат? Деги эле долбоор кайсы тилде чыгышы керек? Бул суроо менен Бишкек тургундарына кайрылдык:

Руслан: Кыргызча эле чыгыш керек го...

Азат: Өзүбүз Кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин өзүбүздүн тилде эле болгону жакшы го. Орус тилди болсо расмий болгондуктан колдонууга болот.

Гүлмира: Орусча, кыргызча, англисче деп ойлойм.

Ал эми Бишкекте окуп жаткан өзбек улутундагы кыргыз жарандары Конституциянын жаңы долбоорунун өзбекче чыгышы долбоордун аймактардагы өзбек улутундагыларга жетиши үчүн пайдалуу экендигин айтышат. Студент Сардордун айтымында, долбоор өзбек тилинде чыкса жаман болмок эмес:

-Мен да өзбек улутундагы Кыргызстан жараны болуп, ошол Кыргызстанда жашагандан кийин, мыйзам укуктары бизге да тең байланышта бөлүнгөн үчүн өзбек тилинде чыкса жакшы болот. Албетте кыргыз тилинде чыкса жакшы болот, орусча чыкса да жакшы болот. Ал эми өзбекче чыкса андан да жакшы болот. Эмнеге дегенде Ош, Баткен жактарда өзбек туугандар көп.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору бир жарым миллион нуска менен өрөөндөргө 7-июндан баштап толук түрдө таркатыла баштайт.
XS
SM
MD
LG