Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

К.Иманалиев: Курман болгондор эч убакта унутулбайт


Апрель ыңкылабында шейит кеткендердин жыйырма алтысы "Ата Бейитке" ардак менен коюлду.
Апрель ыңкылабында шейит кеткендердин жыйырма алтысы "Ата Бейитке" ардак менен коюлду.

7-апрелдеги кандуу кагылышта ок тийип, шейит кеткендердин атын түбөлүккө калтыруу үчүн мамлекет менен коомчулук биргелешип, бир катар иш чараларды аткарып жатышат. Бул жөнүндө "Азаттыкка" курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев айтып берди.

- Каныбек мырза, "Ата Бейит" мемориалдык комплексине 7-апрелде курман болгондордун канчасы коюлду?

- Тилекке каршы 86 болду. Бишкектеги №4 ооруканада, тилекке каршы, дагы бир жигитибиз кайтыш болуп калды. Дагы бирөөсүнүн аты-жөнү такталбай аткан, ал аксылык жигит болуп чыкты. Экөөнү коюп атабыз. Ушуну менен токтосо экен деп Кудайдан тилеп атабыз. 86нын 26сы "Ата Бейитке", алтымышы өздөрүнүн жерине коюлду.

- Ыңкылапта каза болгондордун үй-бүлөсүнө, ата-энесине, жакындарына убактылуу өкмөт кандай жардам көрсөтүп жатат?

-Бардыгынын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдон ишкерлер жардам берип атат, буга атайын фонд түзүлгөн. Беш-алтоонон башкасына, алардын даректерин таппай атабыз. Экинчиси, мамлекет тарабынан бир млн. сомдон бөлүнүп атат, 60ка жакыны алды, калгандары документтерин тактап атышат. Үчүнчүсү, атайын фонд түзүлүп, бир жылдын ичинде баарына бир жерден үй салып берүү боюнча Жарлык даярдалып атат.

Жумабек Токтогазиев деген кыргыздын патриот жигити 16 сотых жерди берди Жалдан, долбоордун жетекчиси болуп өзү көзөмөлдөйт. Экинчиден, маркумдардын атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия иштеп атат, кыркына чейин өзүнүн сунуштарын даярдайт. Үчүнчүсү, дагы бир комиссия өзүнчө булардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү боюнча иштеп атат. Балдарын ЖОЖдорго бюджетке өткөрүү жана башка пособие чектөө боюнча. Төртүнчү багыты, булардын кандай акыбалда курман болгонун иликтеп, укуктарын коргоо боюнча “Мекен шейиттери” деген демилгелүү топ иштеп атат. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнө кирип жолугушабыз дешсе, биз ошону иреттеп, ар ишемби күндөрү жолуктуруп киргизип турабыз.

- Шейит кеткендерди эскерип, алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча эмне иш чаралар көрүлүүдө?

- "Ата Бейиттин" өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам даярдап атабыз. Төрт маселе каралат. Мындан кийин биздин жоокерлер ушул жерге ант берип турушса деген оюбуз бар. Экинчиден, чет өлкөдөн делегация келсе, ушул жерге келип гүл коюп турушу керек. Үчүнчүдөн, ардак караул болот, ошолор ушул жерди күндүр-түндүр кайтарышат. Бул жерде Улуттук гвардиянын аскерлери бар экен, алар менен сүйлөшүп атабыз. Бул жер дайыма мамлекеттин камкордугунда болуш керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өтүндүк, 600 миң сом керек экен, үч жуманын ичинде мал тебелебеш үчүн корукка алышат. Бул жерге архитектуралык- мемориалдык комплекс куруунун долбоору даярдалып атат. Ата-энелери менен макулдашып, Азаттык күнү 31-августка чейин бүтүрүп алууга чамабыз жетет деп атышат. Андан башка Ала-Тоо аянтында монумент курулат. Бул боюнча сүрөтчүлөр союзу конкурс жарыялады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG