Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

А. Абдрасулова: Милицияны саясатка аралаштырганды токтотуу керек


"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Жалал-Абаддагы соңку кырдаал жөнүндө "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.


- Жалал-Абадда түндө абал тынч болдубу?

- Жалал-Ададдагы кырдаалды угуп Таласка бара жаткан жерибизден комиссиянын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарына келгенге аргасыз болдук. Биз келген маалда обладминистрациясында жүздөй адам турган экен. Ошол эле убакта Жалал-Абад телерадиосунун имаратынын алдында дагы адамдар бар экен. Бирок кечкисин саат тогуздарда кайра карап чыкканыбызда эки жакта тең тургандар кетип калышыптыр, ал жерде милиция кызматкерлери, кароолчулары гана калган экен. Ошону менен түн ичинде абал тынч эле болду бул жерде.

- Жалал-Абадда милиция кызматкерлери дагы нааразылык акциясына чыгышты, эмне себептен ушундай кадамдарга барууга мажбур болушту деп ойлойсуз?

- Милиция кызматтарынын уставында жана милиция жөнүндөгү мыйзамда милиция эч кандай саясатка аралашпайт, митинг-пикетке чыкпайт деген тыюу салган пункттар бар. Ошого карабастан биз билген акыркы 15-20 жылдан бери эгемендүү убакта милиция кызматкерлери жалаң саясатка аралашып келишкен. Жалаң бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына Акаевдин убагында, анын режиминин кызыкчылыгына, Бакиевдин убагында Бакиевдин режиминин кызыкчылыгына милиция кызматкерлери аябагандай кызмат көрсөтүп келишти, себеби булар буйрукка баш ийип келишти. ОБСЕнин чоң бир элди үмүттөндүргөн программасы бар болчу милицияны реформалоо деген. Ошол программа дагы Кыргызстандын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлбөстөн, батыштан башкача бир программалар келип калган дагы, бул дагы эбегейсиз көп акча келгени менен милициянын түпкүлүгү жок.

- Милиция кызматкерлери эмне талап коюп атышат, алардын эмне мүдөөсү бар экен?

- Мен милиция кызматкерлеринин азыркы министрдин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов менен жолугушкан убагында көргөн жокмун. Бирок мен "Кылым шамы" такай эле милицияларды окутуу иштери менен алек болуп келгенин, өзүмдүн тактикам боюнча гана азыркы убактылуу өкмөткө тез аранын ичинде чечиле турган 3-4 ушул жагдайдан чыгуунун гана жолдорун айткым келет.

Эң биринчи, убактылуу өкмөт тез аранын ичинде өзүнүн концепциясын иштеп чыгып, милицияны саясатка жана үй-бүлөлүк кызыкчылыкка мындан кийин аралаштырбайбыз деп айтып чыгыш керек. Экинчиден, апрель айларындагы трагедиялуу окуяларда курман болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация жана жарадар болгон жүздөгөн милиция кызматкерлерине дагы медициналык жардам жана компенсация төлөнүш жагын тез карашы керек.

Үчүнчүсү, ОБСЕ ге айтыш керек милициянын реформалоо программасын өзгөрткүлө, биздин Кыргызстандын өзгөчөлүгүнө ылайык, биздин милиция кызматкерлери элге жакын боло турган, элге кызмат кыла турган программаны жүргүзгүлө деп. Төртүнчүсү - көпчүлүк адамдын айтуусунда тез аранын ичинде Ички иштер министерствосунун башына профессионал милициялардын жана ошол эле убакта карапайым элдин арасында өтө бир кадыр баркы бар, милиция менен элдин ортосундагы ажырымды жок кылып кете турган адамды алып келиш керек.

- Жалал-Абадда учурда ансыз деле абал курчуп турат, сиздердин баамыңыздарда коомдук коопсуздук кандай болууда? Милиция өзүнчө нааразылык акциясына чыгып атса, мурдагы президентти колдогон адамдардын тобу акцияга чыгып атса, коомдук тартипти ким камсыз кылууда?

- Мен ошол себептен жогорудагы сунуштарымды айтып жатам. Тез аранын ичинде ушуларды колдоого алса, убактылуу өкмөт тарабынан Жалал-Абадда, Ошто милиция кызматкерлери тайсалдап коркпостон, мына мен кечээ Бакиевдин, Акаевдин режими убагында дагы бизди токмоктойт экен, биз өзүбүз элге каршы чыгып калат экенбиз, биз кантип форма кийебиз деген ойлорду жок кылыш үчүн мен жогорудагы айтып кеткен сунуштарды аткарып, андан кийин милицияны чыгарыш керек.

Чынында Жалал-Абадда милиция иштебей жатат. Бишкекте милициянын жанында дружиниктер чогуу жүрүп бири-бирине жакындап атышпайбы, ал эми бул жакта ошондой иштерди алып баруунун өзү кыйын болуп атат, такыр милиция жок болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG