Жоробек Осмонов “Кыргыз басмасөз” АК директору Аскар Нышановдун арызы менен зөөкүрлүк кылды деп айыпталып 19-ноябрда камакка алынган. “Басма жаңылыктары” бирикмесинин өкүлдөрү өз кезегинде Ж. Осмоновдун эч кандай айыбы жок экенин, ал тек гана күркө чатагынын курмандыгы болуп жатканы жөнүндө коомчулукка билдиришүүдө. Ж. Осмонов айыпталып жаткан окуяга күбө болгон Жамиля Абдразакова аны жалган жалаа менен камалды деп айтат:
-Бул 13-июлда болгон окуя. Аскар биринчи баштап тигил байкеге асылып жиберген. Атаңдан улуу кишиге эмне асыласын деп аялдар ажыратьып калганбыз. Эми ошону “хулиганство” деп жаптыртып (каматып) атат.
Биздин маектештин айтымында, кеп бул жерде эки адамдын эмес, эки ишкананын ортосундагы чырдан келип чыгууда. “Кыргыз басмасөз” ишканасы көптөн бери “Басма жаңылыктары” ишканасынын 150 дөй гезит саткан күркөсүн талашып соттошуп келатат. “Басма жаңылыктары” Бишкекте гезит саткан менчик күркөсү бар 150гө жакын адам бириккен ишкана. Алар өз убагында “Кыргыз басмасөз” ишканасынан күркөлөрдү сатып алып менчикке чыгарып алгандыктарын айтып келатышат. Ушул жылы жайында Бишкекте “Басма жаңылыктары” бирикмесине караштуу күркөлөрдү көчүрүп кетүүгө келген адамдар менен күркө ээлеринин ортосунда кагылышуу болуп, милиция кызматкерлери кийлигишип, чатакты токтоткон.
“Басма жаңылыктары” бирикмесиндеги ишкерлер менчикке чыккан күркөлөрдү Президенттин иниси Жаныш Бакиевге таянган күчтөр "жаңы кожоюн" болуп чыгып, күчкө салып тартып алууга аракет кылып жатат деп арызданышууда.
- Бизди киосканын ичине камап коюп, кран менен көтөрүп кетип атканда Аскар деген эки-үч машина жалдап туруп, бүт колдорунда детектив агентигинин - Жаныш Бакиевдин балдарынын күбөлүктөрүн көрсөтүп жатышпайбы,-деди Жамиля Абдразакова.
Күркө ээлери Президенттин күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиевге эки жолу даттануу жазышкан, бирок андан жооп болгон эмес. Эми сотто менчик күркөлөрүнөн ажырап, жетекчиси камалып отурган адамдар бийликке ишеничи түгөнүп, Кыргызстандан көчүп кетүүгө ниеттенип жатышат. “Бизди үй-бүлөбүз менен башка мамлекетке көчүрүп жиберсин бизди ушундай басмырлай бере турган болсо”,- дейт Жамиля Абдразакова.
Президенттин чөйрөсүнүн таламын талашкан күчтөр өз кезегинде жер, мүлк чатагына аралашкан ар кыл топтор, адамдар азыркы бийликке жамынып, атын сатып, пайдаланып жатканын эскертип, күркө чатагында күнөөнү бийликке оодара салуудан мурун анын ак-карасын ажырата иликтөөгө чакырышууда.
- Асыресе, мындай адамдардын көпчүлүгү түштүк тараптан, президенттин туулган жеринен, ичкиликтердин ичинен учурай калып жатканы өкүнүчтүү иш. Жүрүп жүрүп жер жер талаш, чоң-чоң ишкана-мекемелерди менчиктештириште, жер сатуу, ар кандай нерселерге адистешкен адамдар ушунча майдаланып, эми гезит саткан чакан күркөлөргө чейин, ларекторго чейин Бакиевдердин атын сатып отурушу абдан уят иш. Алар бийлик алдында, мамлекет алдында жооп бериш керек, - дейт “Ак Жол” гезитинин жооптуу катчысы Бектуруш Табалдиев.
Бишкекте жана бүт республикада совет бийлигинин тушунда гезит-журнал сатуунун бирдиктүү тармагы мамлекеттик “Кыргыз басма сөз” ишканасынын колунда болгон. Эгемендик жылдары аталган ишкана жеке менчик колго өтүп, рыноктон өз жолун издеп жашап калган. Айрым маалыматтар боюнча бул ишкананын Бишкекте эле эки жүздөн ашык күркөсү бар эле. Кийин бул ишкана 120дай күркөнү аны иштетип жүргөн адамдарга сатып жиберген. Күркөнү сатып алган адамдар өз кезегинде биригип, “Басма жаңылыктары” деген бирикме түзүшкөн. Азыркы чыр-чатак гезит күркөлөрүнүн мурдагы менчик ээси “Басма сөз” ишканасы менен күркөлөрдү сатып алдык деп жаткан адамдардын ортосунда чыгып жатат.
Гезит саткан күркөлөрдү талашкан эки тарап бир топ убакыттан бери соттошуп чечише албай келатышат. Бул ишти Бишкекте сот тогуз жолу карап, акыры ишти “Кыргыз басма сөз” ишканасынын пайдасына чечип берген. Жеке менчик күркө ээлери сот чечимине нааразы болуп жогорку сот инстанцияларына кайрылган жатышат.