Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Максим Бакиевдин “Капризи” жана башка Бакиевдердин коттеждери


Элдик ишеним убактылуу өкмөтүнүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке

КАЙРЫЛУУ


Урматтуу Өмүрбек Чиркешович, Биздин Сизге кайрылганыбыздын себеби: 2010-жылдын 7-8 апрелиндеги Бакиевдердин үй-бүлөлүк, диктатордук режимине каршы улуу кыргыз эли орду толбос жоготууларга дуушар болду. Ак үйдүн алдында боштондук үчүн курман болгон кырчындай жаштарыбыздын арбагына таазим кылабыз. Бакиевдердин өз элине кылган кыянатчылык бийлиги Ысыккөл районунун, Бактуу-Долоноту айылында дагы көп-көп толкундоолорго алып келди. Биздин Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан «Каприз» эс алуу жайы Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык экени жумурай-журтка маалым экени белгилүү. «Каприз» эс алуу жайынын жетекчилери, «Каприз» Максим Бакиевдики деп ачык-айкын эле элдерге айтышчу. Аны жалпы эл-журтубуз жакшы билет. Ошондой эле «Каприздин» территориясында Жаныш Бакиевдин, Марат Бакиевдин, Игорь Чудиновдун, Молдомуса Конгантиевдин жана башка мурунку бийликтин чиновниктеринин менчик коттедждери бар.

Ар бир көл жээгинде салынган пансионат, эс алуу жайларында 90 пайызы жергиликтүү эл иштеши керек эле, иштемек тургай оозунан кире албай калганбыз. Национализм бул «Каприз» эс алуу жайында абдан бек орногон. Анткени бул эс алуу жайында Бакиевдин бийлиги тарабынан жергиликтүү элге көптөгөн кысымдар кылынган, элдин кыжырлануусун күчөткөн, көл жээгинде туулуп өссөк дагы, темир тор менен тегерегин бүт курчап алып, эс алууга келген жергиликтүү элдерден дарбазадан кирүү үчүн гана 200сом өлчөмүндө акча алып турушкан. «Каприз» эс алуу жайында бирин-серин иштеген жергиликтүү атуулдарыбызга, «Каприздин» территориясында бир гана орус тилинде сүйлөш керек, болбосо жумуштан кетесиңер деген талап коюшкан, андай фактылар бар. Колунда диплому бар жумушка жөндөмдүү, жергиликтүү улан-кыздарга кызмат ордун берген эмес, болгону короо шыпыргычтан даараткана тазалаганга чейинки гана акыр-чикирге аралашкан айласыз көр оокаттын орду ыйгарылган. Айылыбыз чакан айыл болсо дагы билим деңгээли бийик жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн улан-кыздарыбызды четинен санаса жетишээрлик.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу төңкөрүш акыры убактылуу Элдик бийликти алып келди. Кут болсун. Бирок… Көл аймагында жер-жерлерде басып алуучулук кан күйгөндөгү элдин көйгөйүндөгү муздай тоңгон бийликке жек көрүү сезими орттой каптап аягы, талап-тоноо, каракчылык, марадёрствонун баш аламан булактарын дайра кылып агызып жиберди. Бакиевдин «Капризин» талап алабыз, өрттөп жиберебиз, быт-чытын чыгарабыз деген толкундоолор биздин айылыбызда да болбой койгон жок. Колдоруна эмне тийсе ошону көтөрүп алып, Максимдин «Капризин» көздөй багыт алышкан.

Аттуу баштуу айыл жаштары түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ошондогу эл толкунун токтотуп калды. Биздин райондун милициялары, «Каприздин» жетекчилери жана «Каприздин» охранасы жалынып жалбарып, бизди кайтарып берүүбүздү суранышкан. «Каприздин» администрациясына жергиликтүү эл өз нааразычылыктарын айтышып, эки тараптын макулдугу менен төмөндөгү талаптарга токтолгон:

1. 200 сом көлгө кирүү акысын жергиликтүү элден албаш керек тууралуу;
2. СБ охранасында айылыбыздын жаш жигиттери иштеши тууралуу;
3. Жетекчиси же жетекчинин орун басары да айылыбыздын жигиттеринен
болушу;
4. Менеджер, администратор, зав.склад ж.б. жумуштарында 80 % жергиликтүү
эл иштеши;
5. Сүт, эт, картошка ж.б. айыл-чарба продукциясын жергиликтүү элден алышы,
6. Айылыбыздагы Спорт Комплексибизди бүтүрүп бериши тууралуу;
7. Айылыбыздын инфраструктурасын жогорулатууга жардам берип турушу
тууралуу.

Ушул талаптар 2010-жылдын 17-апрелинде айыл жаштарынын лидерлери менен «Каприздин» Учредителдеринин ортосунда талкууга коюлуп ишке ашмак, бирок ушул күндө, эл менен сүйлөшкөн «Каприздин» директору да, андагы анын куйруктары да дайынсыз жоголуп байланышка да чыкпай койгону, айыл жаштарын дүрбөлөңгө салып олтурат. Алданып калган эл акыркы чечүүчү кадамга бараарына эч ким кепилдик бере албастыгы айдан ачык көрүнүп чыга келди. өрттөнсө «Каприз» өрттөнөт, өрттөн калганын убактылуу бийлик өткөрүп алат деген ураандар айтыла баштады. Күн-түн дебей өз менчигиндей кайтарган 50-60тан ашык айыл жаштарынын талаптары таш капты. Бүгүнкү күндө өз убадаларынан, сүйлөгөн сөзүнөн танып «Каприз» мурунку «Каприз» боюнча РОВДнын милиция кызматкерлери менен 3(үч)айга келишим түзүлүп, көзөмөлгө алынып кайтарууга берилгендигин кандай түшүнсө болот. Төңкөрүш күндөрү биздин милиция кызматкерлерибиздин баардыгы өз милдеттерин таштап, формаларын чечип үй-үйлөрүнө тарап кетишкен, аны айылдын тургундарынын баары билет. Биринен сала бири келип уламдан улам топтошкон, ууккан элдин уулдарына туруштук берип күнү-түнү ошол жерде турган жигиттердин азыркы абалы, үйүндө уктап жатып, эч нерсе билбеген-сезбеген милиция кызматкерлеринин «Капризди» кандайча ээлеп калышы, жаштардын арасында чоң жаңжалдын өртүн тутатуучу куралга айланып бара жаткандыгына ким жооп бере алат?

Биздин баамыбызда жалынып-жалбарып, кандай талап койсо да ошого макул болушкан «Каприз» ээлери азыркы учурда баягы эле Бакиевдердин бир бутагы алдында күн өткүрүүсүн баштады. Кыскача айтканда жаңы бийликтин башкаруу системасына кирип алган Бакиевдин адамдары аркылуу «Капризге» айтор кайра эле мурунку бийлик орноп калды. Ошол төңкөрүш күндөрүндө РОВДнын бир да милициясы келип абал кандай экенин, эмне болуп жатканын көрүп келмек тургай, сурап койгонго да жараган эмес, баары өз-өз үйүндө «эмне болсо ошо болсун» деген кайдыгер мамиледе жатышкан. Бүгүнкү күндө курал жарагын көтөрүп алышып, ээлик кылып эшикти тосуп олтурушат.

Урматтуу өмүрбек Черкешович «Жаңы бийлик Ата-Журт, Мекендин гүлдөп өсүүсү» үчүн биздин Ысыккөл областында, Ысыккөл районунда да көптөгөн жаш жигиттерибиз курман болушту. Алардын төгүлгөн каны, жетим-жесирдин көз жашы ким үчүн? Ошол убакта элдин мүлкүн, жерлерин жана карапайым элдин эмгегин жеген Бакиевдердин жана башка мурунку бийликтин чиновниктери үчүн акты беле? Бакиевчилер ушул убакта элдин каны менен жаралган бийликтин артына жамынып, ар кайсы региондордо өз мүлкүн тактап, баш кесер Бакиевдин мүлкүн ак этип, так этип кайтарып жүргөндөр бүгүнкү күндө Роза Отунбаеванын жана азыркы убактылуу бийликтеги УВДнын башкармасынын коттеджи бар экен бул жерде, туугандары келип кетишти деген сөздөрдү айтып, Революция лидерлерине көө жаап жатат.

Урматтуу Өмүрбек Чиркешович, Сиздерден чоң-чоң өтүнүчүбүз, ушул биздин «Каприз» эс алуу жайында болуп жаткан жергиликтүү Эл менен Каприздин ээлеринин ортосундагы келишпестикти, от чыгып кете элегинде, тез аранын ичинде чечип берүүңүздү суранабыз.
Жаңы бийликке ишеничибизди артып, Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз деп,

Бактуу-Долоноту айылынын жалпы эл-журту

XS
SM
MD
LG