Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Турсунбек Акун: Торугартта мафия бар экен


Акыйкатчы Турсунбек Акун Кытай жерине барып, белгилүү манасчы Жусуп Мамайга жолугуп келди. Жолдо баратып чек ара жана бажы постторундагы мыйзамсыз жана бет чымыраткан иштерге күбө болгонун, Торугарт бажы постунда мурдагы бийликтен калган мафиялык топтор иштеп атканын "Азаттыкка" айтып берди.

- Турсунбек мырза, сиздер мына жаңы эле Кытайга барып келген экенсиздер. Эмне максат менен бардыңыздар эле?

- Эң биринчи, Кытайда билесиңер кыргыздын улуу “Манас” эпосу боюнча чыр-чатак болгон. Кытай Эл республикасы тарабынан ЮНЕСКОго катталып кетпеди беле, ошонун чын бышыгына жетүү үчүн Кызылсуу- Кыргыз автоном республикасына барып келдик. Жусуп Мамай аксакалга жолугуп келдик, аябай жакшы сөздөр болду. Биз аны толугу менен эртең саат бирде маалымат жыйында беребиз. Ал эми экинчи планыбыз - бажы пункту кандай акыбалда, Торугарт, Музтөрдөгү, Котурташтагы чек ара кызматы кандай иштеп атат. Биздин айдоочулар Топо деген жерге чейин гана кирет экен, алардын акыбалы кандай, адам укугу тебеленип атабы деп мониторинг жүргүзүү максатында бардык.

-Бажы посту боюнча кандай мыйзам бузууларды же туура эмес иштерди аныктадыңыздар?

- Бажы постунан Кыргызстандын атынан кытай жергесине Топо деген жерге чейин биздин айдоочулар кирет экен. Айдоочулардын көбү кыргыз улутундагылар, дунган улутундагылар дагы бар экен. Алардын укугу Кытай жарандары тарабынан, Кытайдын жергиликтүү бийлиги тарабынан тепселенип атат. Анткени алар саат ондон кийин эч жакка чыкканга уруксааты жок. Ал жактан катуу көзөмөлдөйт.

Мисалы кагып согот дейт, адам укугу тепселенген фактылар көп. Дунган улутундагылар кытай менен тили бирге болгондон кийин барып эле жүктөп алып кетип калат экен. Кыргыздар беш алты күн жатып калган каткан жүктөрдү эптеп жүктөп алып чыгышат экен.

Торугарт бажы постунун акыбалы кыйын, биринчиден суусу алыс, ташып келишет, жарыгы өчүп калат экен. Эң негизгиси бажыкананын үстүнөн суу агат экен, ремонт иштерине жетекчилик тарабынан көп маани берилбей атат. Дагы бир маселе, ал жерде айлык маселеси аягына чейин чечилген эмес. Толгон-токой фирмалар бар экен мурдагы бийликтин өкүлдөрүнөн турган, мафиялык группалар бар экен.

-Бул боюнча факты далилдерди топтой алдыңыздарбы?

- Эми биз азыр ушул боюнча иштеп атабыз, факты далилдерди Бажы кызматынын жетекчисине чыгайын деп атам. Эртең менен беште келдим, тактап туруп мониторинг кылып аягына чыгабыз. Кимдин фирмасы ал жакта, суук болсо төрт миң мертден алыс, айлыктары жанагыдай болсо.

Андан кийин Музтөр деген чек ара постуна келдик, ал жерде свет жок движок менен иштейт экен. Кыштын күнү бир метр кар жааптыр. 200 метрден суу ташып келет экен. Жанында турган жерден свет тартып бербей, Кытайга кетирип атат. Эми бул жерде проблемалар көп, балдар ошол жерден кыйналып иштеп атышат. Бул деген аябай суук. Биздин анан кытайлардын чек ара постун көрсөк, боор ооруйт, уят. Биз дагы өзүнчө мамлекетпиз, биздикин көрсөк киши ыйлай тургандай.

Анан айтып атат, жаңы жетекчилик келгенде аябай жакшы болот деп ойлодук эле, бирок эч кандай өзгөрүү жок дешип. Топодон келген айдоочу айтып атат, дагы начар болуп атат деп. Мен атайын группаны жөнөтүп дайыма мониторинг кылып, эми ошону катуу текшерейин деп атам. Фамилиялары дагы бар, полковник лейтенанттар, Бажы постунун начальниги, орун басарлары менен сүйлөштүм. Чек аралар менен такташкандан кийин беребиз.

XS
SM
MD
LG