Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Нурлан Мотуев менен "Учур" гезитинин тиреши: талкаланган компьютерлер


"Жоомарт" кыймылынын лидери Нурлан Мотуев
"Жоомарт" кыймылынын лидери Нурлан Мотуев

25-мартта эртең менен “Учур” эркин гезитинин баш редактору Асланбек Сартбаев “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев редакцияга таандык төрт компьютерди белгисиз себептер менен талкалап кетти деп билдирген. Бул окуяны милиция жеринде текшерип, териштирип жатат.

2009-жылы шайлоодо президенттикке талапкер болгон Нурлан Мотуев “Учур” гезитинин эки компьютерин талкалап салганын "Азаттыкка" өзү тастыктады.

- "Учур" Кубанычбек Апас дегенди сүйлөттүрүп, жалган жалаа жаап эле, фамилиям популярдуу болгондугу үчүнбү, жөн сүйлөбөй каралашат дайыма. Анан булар анын айткан дегенин бүт ошол боюнча берип туруп, ылдый жагына псевдоним коюп коюптур Акыл Бактыбеков деген. Мен барсам мындай журналист жок экен, жок дейт. Башкы редактор кайда десем, ал да жок дешип оройлонуп кумурска келгенсип жооп беришти. Кыжырым келип туруп, билбесеңер жазбай жүргүлө, колу-бутуңарды сындырып коем, ал аңгычакты техникаңар сынып турсун деп эки компьютерин жерге чаап салганым чын, чындык бул.

- Төрт компьютер деп атышпайбы?

- Эми силер мындай дейсиздер, сотко бергиле тигинткиле, минткиле. Мен Кыргызстандын сотторунан түңүлүп бүткөм. Былтыр да ушул эле маанидеги ушундай эле каралоону “Пресс kg” жазганда, мен аларды сотко берип ал ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мурзалиева деген айым 6-7 айга созуп жиберген. Эмкиде тумшугуңар сынат же бир жериңер майып болосуңар дедим. Бизде чындык жок, болбосо башка эмне кылам. “Учур” бир эле жолу минтип калса бир жөн, былтыртан бери эле ачылгандан бери мага жалаа жаап келе атат.

- Мисалы үчүн ошол иш боюнча кылмыш иши козголуп, сизди кайра жоопко тартса эмне кыласыз?

- Жоопко тартса, Кыргызстанда чындык жок экенин дагы бир жолу далилдеп кетем. Мына ушундай өзүндү каралап аткан жалганчылар, эми тигил Апастын жалган жалааларын окусаңар күлкүңөр келет. Ал айткандай инсан болсом, мени былтыр мамлекеттик комиссия президенттик шайлоого киргизет беле. 22 кишинин ичинде Апас да бар болчу, ал кулап калып мен өтүп кетпедим беле. Бакиев баш, мен төш болуп президенттик шайлоого кирип, атүгүл долларлуу миллионер Жеңишбек Назаралиевди утуп чыгып, бешинчи орунду алгам. Апас болсо акчасы жок катыша албай калган. Мүмкүн ич күйдүлүктөн ушундай жалган жалаа менен берип атат. Тигилер болсо карап туруп акты кара кылып жазышууда. Күйөсүң да күйөсүң.

- Бул боюнча милиция сиз менен сүйлөшө элек да?

- Сүйлөшө элек, күтүп атам ушундай болорун билгем, билип туруп баргам.

- Өзүңүз айткандай президенттикке талапкер болдуңуз, чоң саясатта бул кылганыңыз башкача чечмеленет деп чочулабайсызбы?

- Кандай чечмеленсе ошондой чечмеленсин, каякка бармак элем. Менин ордума сиз эмне кылмак элеңиз, мейли чын эле, ушундай чын деп унчукпай калышым керекпи? Экинчиден, өздөрүнө айттым кулагына кум куюлгансып укпайт. Кайра шылдың кылгансып, эртеси кайра мазактап жазышат. Мен да журналистика мыйзамына ылайык жооп берейин десем ага да болушпайт. Булар мени куугунтукка алып алышты.

- Кайрылсаңыз орун бербей коюштубу?

- Дайыма эле бербей сүйлөшпөй коюшат.

“Учур” газетасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев өз кезегинде болгон окуянын чоо жайын төмөнкүдөй баяндады:

- Мен жумушта жок элем, анан Нурлан Мотуев келип эки журналисттин көзүнчө төрт компьютерди талкалап кеткен.

- "Эмне үчүн мени жаздыңар" десем мага эч кандай жооп бербей койду, анан ошондой кылдым деп актанып атат. Жооп берилди беле ага?

- Мотуевдин мүнөзүн элдин баары эле билет да, кандай жакшы мүнөзү бар экенин. Биздин офиске кирип келгенде эле, ай-буйга келбей менин кабинетиме жулунуп кириптир, мен жок болчумун. Менин кабинетиме кирип барып, компьютеримди ыргыта чааптыр, терезеге тийиптир, терезеден жарака кетиптир.

Андан чыгып эле журналисттердин үч компьютерин ошол замат столдун үстүнөн жерге чаап салып, анан чуркап качып чыгыптыр. Келгенде эле кыйкырып, сөгүнүп, ар кандай сөздөр болгон. Андан кийин эч кандай сөз болбой эле, ошол бойдон качып, эшикте унаасы даяр турат, ошол бойдон чуркап кетет.

- Сиздер тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылдыңыздар эле, кандай чара көрүлүп жатканы тууралуу маалымат барбы?

- Кечээ күнү милиция тартип коргоо органдары келишти, бул боюнча толук маалымат алып кетишти. Буга бир эле күн болгондуктан жыйынтыгы чыга элек, билине элек эч кандай.

- Кылмыш иши козголдубу же башка чарасы көрүлдүбү?

- Мага кечээ күнү кечке маал тартип коргоо органдарынын бирөөсү чалды, бул иш боюнча кылмыш иши козголот, мындан ары иш улантылат деп. Кечээ күнү сиздерге эки компьютер деп айтып атат. Ал эми "Акипресске" жана башка маалымат булактарына төртөөнү сындырдым деп атат.

- Арслан мырза, сиз ошол эле убакта телефон аркылуу да коркутуулар болгонун айткандай болдуңуз эле. Бул кандай коркутуулар, ким тарабынан?

- Ошол эле маалда милиция кызматкерлери биздин талкаланган компьютерлерди текшерип, ошолорду көрүп атышкан учурда мага Мелис Эшимканов чалды, азыркы бийликтин чиновниктеринин бири десек да болот. Биз ал жөнүндө коллаж жасаган элек, ал жөнүндө маалымат берген элек, бул ошого чычалап мага үстөмдүк сөздөрдү айтты.

- Эмне деген сөздөрдү айтты?

- Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал дароо эле учурашкандан кийин айтып баштады, мен сенин кабыргаларыңды сындырып, 5-6 ай ооруканага жаткырам, бул менин эркекче сөзүм, себеби “Учур” гезити жарым жылдан ашуун, бир жылдай убакытта мага тынчтык бербей эле сындап келатат деп. Ушундай өзү чычалап, ызаасы менен бизге коркутуп-үркүтүү жасады.

- Буга чейин ушундай коркутуулар болгон беле?

- Мындан 1-2 жыл мурда болчу, бирок бир жылдан бери мага мындай коркутуулар болгон эмес.

- Бул маселе боюнча дагы тартип коргоо органдарын белгилүү кылып койдуңуз да?


- Бул маселе боюнча эч кимге кайрылган жокмун. Бирок журналисттер, тилектештерим менен сүйлөштүм. Азырынча тартип коргоо органдарына билдире элекмин.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG