Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ошто ЕККУ полициясын киргизүүгө каршылык күчөдү


Ош шаарынын борбордук аянтында үч жүзгө чукул адам чогулуп, ЕККУнун куралсыз полиция тобун түштүккө таптакыр жолотпоону бийликтен талап кылышты. Алар бул өтүнүч токтоосуз аткарылбаса, президент менен Өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташаарын эскертишти.

Буга улай серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Нааразылык акциясын уюштурган «Прогрессивдүү күчтөр альянсы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алымбек Капаров жердештеринин талабын мындайча ачыктады:

- ЕККУнун полициясынын пайдасынан зыяны көп. Ошон үчүн президент Роза Отунбаевадан суранып, атүгүл элдин атынан ал кишиден катуу талап кылаар элек. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция күчтөрүн бизге киргизбесин! Кыргыз жерин бөтөн адамдардын бутуна тебелетпесин! Кыргыз журтчулугун башка калктарга башкартпасын!

Акциянын катышуучулары бул өтүнүчтөрү токтоосуз аткарылбаса, президент менен өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташарын эскертишти. Ошондой эле алар бүгүнтөн баштап ЕККУнун куралсыз полициясынын түштүккө киргизилишине каршы элден да кол чогултуп жатышкандыгын ачыкташты.

Буга дейре Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов жана шаардык Кеңештин депутаттары ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө жолотпой тургандыгын билдиришкен. Бирок Ош облустук бийлиги азырынча бул боюнча пикирин айта элек.

Митингдин жүрүшүнө абай салган «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров акциянын айрым катышуучуларын улутчулдугу үчүн айыптап, ЕККУнун куралсыз полиция тобун киргизмейинче, өлкөдө тынччылык орнобой тургандыгын айкындады:

- Бизде мыйзам жок. Жалаң анархия үстөмдүк кылууда. Мындайча айтканда, ар ким билген намазын окуп атат. Кыргыздар өзбектерди күнөөлөп, а тескерисинче, өзбектер кыргыздарды айыптап, мамлекетте тынччылык болбой жатат. Менимче, Ош окуясынын чыныгы уюштуруучуларын таап, токтоосуз жазалоо зарыл. Кыргызстанда ошондой миссияны аткара турган азыр эч ким жок. Бишкектин күчү көп нерсеге жетпей калды. Оштогу жергиликтүү бийлик өз билгенин кылып атат. Андыктан, жумуриятыбызга ЕККУнун полиция күчтөрү кирип, мониторинг жүргүзүп, анан калыс корутунду чыгаруусу абзел. Анан ал бүтүмдү элге жайылтууга тийиш. Ошентип, өлкөдө акыйкатуулукту камсыз кылган орган калбагандан кийин эми алардын милдетин ЕККУ аркалоосу кажет.

Буга улай оштук серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө
XS
SM
MD
LG