Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

С. Аргынбаев: Бул бийликке жардам бериш керек


7- апрель күнү кечинде Петровкадагы тополоң боюнча айыпталып, бир жылдан бери камакта олтурушкан оппозиция ишмерлери убактылуу бошотулду.

Буга чейин маалымдагандай, Петровкадагы тополоңго байланышкан соттук териштирүү дээрлик соңуна чыгып, бирок сот төрагасы акыркы чечимди угуза элек болчу. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Петровка тополоңун уюштуруучулары катары камакта жаткан экс- депутат Э. Бөлөкбаевге, укук коргоочулар У. Рыскулов жана С. Аргынбаевге 8 жылдан сурашкан.

Ошондой эле бул окуяга катышы бар күрт улутундагы К. Каляшов, А. Хасановго 10 жылдан, окуянын баштоочусу катары айыпталып жаткан Э. Маматкановага 6 жыл сурашкан эле мамлекеттик айыптоочулар. Ал эми адвокаттар менен коомдук жактоочулар, “жети айдан берки соттук териштирүү айыпталуучулардын бир дагы күнөөсүн тастыктай албаганына карабай, мамлекеттик айыптоочулардын 8, 10 жылдан сурап жатканы саясий буйрук экенин дагы бир жолу далилдеп турат”,- дешкен.

7- апрель күнү Москва районунда митингчилер өз акимин шайлап алышкандан кийин сот төрагасы Ф. Марлестин кепилдиги менен камакта олтургандар убактылуу бошотулду.

Бирок тополоңго тиешеси бар деп оппозиция өкүлдөрү менен бирге камакта жаткан күрт улутундагылар бошотулган жок. Себеби сот төрагасы жакын арада соңку чечим чыгараары күтүлүп жатат. Ал эми камактан убактылуу бошотулган экс- депутат Э. Бөлөкбаев учурда утурумдук Каржы полициясынын төрагасы болуп дайындалды, укук коргоочулар У. Рыскулов, С. Аргынбаев болсо азырынча ден соолугун чыңдап жатышкандыктарын айтышууда.

Адвокаттар эми сот төрагасы Ф. Марлестен чечимди тезинен чыгарууну талап кылып жатышат. Бирок сот качан болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG