Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Жабык чек ара, чечилбеген көйгөйлөр


Убактылуу өкмөттүн кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылып калат деген үмүтү орундалган жок. Өкмөт башчынын орун басарларынын бири Ө.Текебаев бүгүн басма сөз жыйын учурунда Казакстандын аракетин экономикалык блокада деп атады.

Ө.Текебаевдин пикиринде, дүйнө Кыргызстандагы кырдаалды стабилдештирүүнү көздөп жаткан учурда ЕККУ уюмунун төрагасы катары Казакстан өз убадасын аткарбастан, кайра Кыргызстандагы бейстабилдешүүнүн фактору болуп жатат.

Текебаев белгилегендей, эгер чек ара дагы бир-эки ай жабык турса, Кыргызстанда социалдык жарылуу чыгышы мүмкүн. Анткени чек аранын жабыктыгынан улам экономикадагы кырдаал барган сайын начарлоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбековдун айтымында, казак-кыргыз чек арасындагы өткөөл бекеттердин мынчалык узакка жабылуусу соңку 20 жылдык тарыхта биринчи ирет орун алып жатат.

Казакстан чек арасын бир тараптуу түрдө 7-апрелден кийин жаап, мунун жүйөсүн коопсуздук чаралары, атап айтканда, Кыргызстандан курал өтүү коркунучу бар экендиги менен түшүндүргөн эле.

Казак-кыргыз чек арасындагы соңку кырдаалды чек арадагы "Ак жол" бекетине барган кабарчыбыз Акан Иманов баяндап берди.

- Бүгүн эртең менен "Ак жол" бекетинде чек ара ачылат деген үмүт менен барган 500дөй адам чогулуп, алар Казакстан тарапка өтө албаган соң туура эмес маалымат берген үчүн Убактылуу өкмөткө нааразы болушкан эле. Чек арада чогулган адамдар азыр деле барбы?

- Учурда кыргыз-казак чек арасы "Ак жол" чек ара бекетинде жүз чамалуу мигранттар турат. Бул жерде көпчүлүк бөлүгү эмгек мигранттары, ошондой эле Казакстандын базарларында иштеген Кыргызстандын атуулдары экен.

500гө чамалуу Кыргызстандын атуулдары чек арага келип, учурда тарап атышат. Учурда 100 чамалуу адам Казакстан тарапка өтсөк деген өзүнүн пикирлерин айтып атышат.

Негизинен чек арада Казакстандан Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстандын, Орусиянын жарандары өтө алышат. Ошондой эле ар кандай иш чарага чакыруу алгандар кагазын көрсөтүп өтө алышат экен. Ошондой эле Казакстанда мугалим, дарыгер жана башка кесипте иштеген кыргыз атуулдары өздөрүнүн чакыруу кагаздарын көрсөтүп, Казакстанга өтүүгө мүмкүнчүлүк алып атышат.

- Жүк тарткан унаалардын топтолгонун байкай алдыңызбы? Чек аранын эки тарабында андай көрүнүш байкалбайбы?

- Биз азыр Казакстандын чек ара тарабына көз салып атабыз, Казакстан тарапта да учурда 100 чамалуу жеңил унаалар жана оор жүк ташуучу унаалар турат. Ошол эле маалда Кыргызстан тарапта да 100 чамалуу жеңил унаалар турат, чек жакаларында оор жүк ташуучу унаалар да орун алып, бирок өтө албай турушат.

Азыр биздин жаныбызда Казакстанда бир нече жылдан бери эмгектенип жүргөн Амантур Турбеков турат. Сөз кезегин ушул адамга берейин.

- Амантур мырза, сизге чек ара барганыңызда казак чек арачылары кандай түшүндүрмө берүүдө? Өткөрбөөнүн себебин кандай түшүндүрүштү?

- Биз чек арага чейин барып көрдүк. Расмий түрдө бизде кагаз жок, ошондуктан өтпөйсүздөр деп баарыбызды кайтарып жиберди. Ал эми ары жагында да, бери жагында да теле-радио берүүлөр боюнча келген адамдар. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Таластан келгендер 700гө жакын адам болгон, азыр үй-жайы жок 100дөй адам калды.

- Чек арадан өтө албаганыңыз жеке турмушуңузга кандай таасир тийгизди?

- Күнүмдүк жеке турмушта күнүмдүк нан таап бала-чаканы багыш үчүн мен Казакстанда соода-сатык менен иштечүмүн. Бир айдын ичинде кедергиси тийип, анын үстүнө майлоочу майлардын да кымбаттаганына байланыштуу оор эле болуп турат. Чек ара тезирээк ачылса жакшы болмок.

- Акан, дагы кандай кошумча маалыматыңыз бар?

- Казакстандын Кыргызстанда эмгектенген атуулары чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтүп атышат. Бишкекте окуган Казакстандын студенттери чек арадан Кыргызстан тарапка өтүп, окуусун улантып, кечке маал кайра Казакстандын чек арасынан эч кандай тоскоолдуксуз өтүп атышат. Бирок бул жерде Кыргызстандын атуулдары чек арадан өтө албай жатканына нааразы болуп атышат.

- Чек арадан Кыргызстан тараптан Казакстанга жүк-наалар өтүп атабы?

- Жок, жүк ташуучу унаалар Казакстан тарапка өткөн жок. Казакстан тараптан Кыргызстан тарапка да өткөн жок.

XS
SM
MD
LG