Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Аптанын маданий окуялар күндөлүгү


Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун “Манастан”, “Семетейден” айткандары Англиядан китеп болуп басылып чыкты. Орус кинорежиссерлору Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасын тасмалаштырган жатышат.

  • 26-27 жана 28-май күндөрү Бишкектеги Б-Арт Борборунда Токтоболот Абдымомунов атындагы мамлекеттик драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын студенттери Нью-Йорктогу “Ла МаМа” театрында эки ай бою даярдап келген “Эр Төштүк” спектаклинин премьерасы коюлду. Эки театрдын байланышы кыргыз элинин кенже эпосторун театр сахнасына алып чыгуу максатында алдыда дагы уланмакчы.

  • Улуттук китепканада төкмө акын жана манасчы Сапарбек Касмамбетовдун манасчылык өнөрүнө арналган “Манас” жана манасчылар – дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы” аттуу эл аралык кеңешме өттү. Англиядан манасчынын “Манастан” жана “Семетейден” айткандары компакт-дисктери менен китеп болуп чыгып жатат. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун англисче басылып чыккан китебинин бетачары жана 75 жылдык мааракеси күзгө жуук Бишкекте жана Лондондо белгиленмекчи.

  • Жума башынан Кыргызстанда АКШнын азыркы даректүү киносунун фестивалы өттү. АКШнын элчилиги жана Кыргызстан киноматографчылар союзу азыркы Америка жөнүндө, анын турмушунун чындыктары тууралу голливуддук эмес режиссерлордун фильмдерин көрүп чыгышты. Америка тууралу чындыкты чагылдырган кинофильмдер 28-майга чейин Кино үйүндө бекер көрсөтүлдү.

  • Өткөн аптада Бишкекке Орусиянын кинорежиссерлорунун тобу келди. Алардын келишинин максаты – Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булуту” чыгармасы боюнча кинофильм тартуу. Кинорежиссер Нурдин Карагулов орус киночуларына бул тасмадагы айрым ролдорду ойноо боюнча кыргыз актерлорун сунуштады жана алдыда аталган тасманы тартуу үстүндө пикирлешишти.

  • 27-майда Кыргызстанда биринчи ирет Китепкана күнү белгиленди. 2002-жылдын мына ушул күнүндө Кыргызстанда биринчи коомдук китепкана ачылган болчу. Быйылкы жылы Улуттук китепкананын негизделгендигине 75 жыл толду.

  • 28-майда Кыргызстанда Арс-Полония музыкалык фестивалы башталды. “Поляк биримдиги” өткөрүп жаткан кароо-сынактын башкы максаты – 18 жашка чейинки жаш таланттарды колдоо. Аталган фестивалдын алкагында Улуттук филармонияда кытайлык кыргыз кулуну Улуттук Консерваториянын композиторлук факультетинин бүтүрүүчүсү Мамбет Тургандын концерти өттү. Мамбет Турган Консерваторияда 5 жыл бою бекер билим алды.

  • 29-майда Бишкек гуманитардык университетинин 30 жылдыгы белгиленди. Мында учурда жаштарга 16 тилде билим берип жаткан 9 факультет иштөөдө. Окуу жайдын 30 жылдык мааракесине Кыргыз өкмөтүнөн, айрым министрликтерден жана Кытай, Япон, Корей, Орусия элчиликтеринен өкүлдөр катышты.

  • 54 жазуучудан турган топ кечээ жакында пленум өткөрүп, жазуучу Абдрахман Алымбаевди союздун төрагасы кылып шайлады. Ал эми төрага орунбасарлыгына жазуучу Кален Сыдыкова келди. Учурда жазуучулардын Омор Султанов жана Абдрахман Алымбаев жетектеген эки тарабы тең Улуттук жазуучулар союзунун кенсесинде отуруп жатышат.
XS
SM
MD
LG