Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

"Кош жылдыздар" сахнада


Бул жумада Бишкекте “Кош жылдыз” аттуу концерт өтөт. Анда ар кыл чөйрөдө иштеген белгилүү инсандар эстрада ырчылары менен сахнага чыкмакчы.

“Кош жылдыз” долбооруна ишкерлер, саясат, маданият, илим-билим багытында эмгектенген инсандар тандалып алынган. Алар талапка ылайык кыргыз эстрада ырчылары менен биргелешип дуеттерди аткарышат деп билдирди, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Тамара Жаманбаева.

Мисалы, Чолпон Баекова Сыймык Бейшекеев менен, Турусбек Мамашев Жанета Бобкова менен, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Кенжебаева Расул Маматкулов менен, депутат Бегаалы Наргозуев Жайнагүл Калчаева менен ырдашат.

Долбоордун катышуучуларынын катарында ошондой эле Кыргыз циркинин жетекчисинин орун басары Кадыр Таджиев да бар. Ал эстрада ырчысы Асель Турдалиева менен дует аткарат.

- Мага долбоорго катышпайсызбы деп айтышканда, сахнага Асель Турдалиева менен чыгаарымды билип макулдугумду бердим. Буга чейин ырдачу эмесмин, андыктан коркуп жатам.

Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликова дагы учурда даярдыктарды көрүп, ырларды жаздырууда. Ал белгилүү ырчы Алтынбек Сапаралиев менен сахнага чыгат. Галина айымдын айтуусунда, ал буга чейин эле бир катар кыргыз ырларын билчү.

Долбоордун шарты боюнча катышуучулар элдик обончу жана композиторлордун классикага айланган ырлары, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты композициялардан аткарышы керек. Концерттин экинчи бөлүгүндө акыркы жылдардагы жаңы жазылган чыгармаларга кайрылышат.

“Кош жылдыз” долбоору үч тур менен өтөт. Ар бир турда тандалып олтуруп, соңунда атайын түзүлгөн калыстар тобунун жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат. Уюштуруучулар кабарлагандай, учурда сынактын байгелери аныктала элек. Ал эми калыстар тобунун курамында кыргыз эл артисттери Жамал Сейдакматова, Керим Турапов, Гулнур Сатылганова жана башка белгилүү маданий ишмерлер бар.
XS
SM
MD
LG