Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Жүрөлүчү жүрөк оорутпай


Бишкекте 27-сентябрь Жүрөк күнүнө карата иш-чаралар башталды. Изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда каза болуп жаткандардын 48 пайызы жүрөк кан тамыр ооруларынан көз жумууда.

27-сентябрда Бүткүл дүйнө мамлекеттеринде Жүрөк күнү белгиленет. Бүл күнгө карата Кыргызстанда медициналык иш чаралар башталды. Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борбору Бишкекте “Жүрөктү сактайлы” аттуу акцияларды өткөрөт.

Акцияларды өткөрүүнүн башкы максаты – жүрөк кан тамыр оорулары, анын пайда болушу, алдын алуу аракеттери тууралу калкка маалымат берүү жана каалоочулардын саламаттыгын текшерүү деди Кыргызстандын ички медицина ассоциациясынын президенти Нурлан Бримкулов:

- Изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда каза болуп жаткандардын 48 пайызы жүрөк кан тамыр ооруларынан көз жумушууда. Ошондо аталган дарттан жылына Кыргызстанда 18 миң адам өмүр менен кош айтышат. Бирок медициналык изилдөөлөр жүрөк кан тамыр дарттарын жөнөкөй эрежелерди сактоо менен эле алдын алууга болорлугун да көрсөттү. Бул үчүн адам өзүнүн саламаттыгынын жалпы абалын билүүсү зарыл. Мисалы артериалдык кан басымын, салмагын, ашыкча салмагын жана кандагы кантты текшерип туруусу керек. Ошондой эле чылым тартуудан жана ашыкча тамактануудан алыс болуусу абзел.

Ошондой эле Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунда жүрөк кан-тамыр хирургиясы боюнча аталган институттун алдындагы клиникалык ординатураны эң алгачкылардан болуп аяктаган 4 бүтүрүүчүгө “Жүрөк кан тамыр хирургу” деген күбөлүк тапшырылды.

Мурда мындай күбөлүктү алуу үчүн кыргызстандык адистер Орусияга же Европага барып окуп келишчү. Эми мындай адистикти Борбордук Азияда Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунан алууга болот. Бул демилгени алгач аталган институттун директору, Кыргызстандын башкы кардиохирургу, Иса Ахунбаевдин окуучуларынын бири Калдарбек Абдраманов көтөрүп чыккан болчу:

- Ооба, бизде жүрөккө операция жасоочу кардиохирургдар жетишсиз. Андыктан биздин борбор биринчи жолу "Жүрөк кан тамыр хирургу" деген адистикке ээ болгон 4 адисти даярдап чыгарды. Биздин адистер Орусиянын, Европанын кардихирургдарынан кем калышпайт. Тек гана бизде техникалык база начар. Ошондон улам биз жылына операцияга муктаж кыргызстандык 5 миң жарандын 500 үнө гана операция жасап жатабыз. Учурда биздин борбордо Казакстандан, Түркиядан жаш адистер келип ординатурада окуп жатышат.

25-сентябрда бүткүл дүйнөлүк Жүрөк күнүнө карата Бишкектин борбордук аянтында жана борбордук универмагдын алдында элдин жүрөккө байланыштуу саламаттыгын массалык текшерүү уюштурулат. Андыктан ал күнү аталган жерлерде эртемененки саат 10 дон тарта элдин артериалдык кан басымын, салмагын, боюн өлчөө жүргүзүлөт жана жүрөктү сактоого арналган китепчелер таратылат. 26-сентябрда болсо мына ушундай максаттагы иш чара Кардиология жана терапия улуттук борборунда өтөт.

Кыргызстандын ички медицина ассоциациясынын президенти Нурлан Бримкулов жүрөк кан тамыр дарттарынын алдын алуудагы төмөнкүдөй эрежелерди эскертет:

- Эгер адам аптасына 1 саат чуркаса, анда ал адамдын жүрөк кан тамыр оорусуна кабылуусу 48 пайызга төмөндөйт. Ошондой эле адам күнүнө жарым саат катуу басса, анда жүрөк оорусунун пайда болуусу ал адамда 18 пайызга төмөн болот. Анан эң негизгиси чылым тартуудан таптакыр баш тартуу керек.

XS
SM
MD
LG