Асылбек Исмаиловдун ырлары аялуулугу, гумандуулугу менен эске сакталат. Мисалы анын “Кечиргиле” аттуу ырында автор жалпы улут атынан карылардан кечирим сурайт. Аны менен кошо Ата Журт тагдырынын бүгүнүнө, эртеңине собол таштайт. Мына ушул ырдан үзүндү келтирели:
Кечиргиле
Дүйнөдө не бир сонун өлкөлөр бар
Түндүгүнөн кут түшүп уялаган.
Жамандык бир түнөөгө орун калбай,
Түбөлүк изи сууп кубаланган.
Ойлондук, кыялдандык биздер деле,
А бирок андай турмуш куралбадык.
Кечиргиле энелер, кечиргиле,
Биз силерди бактылуу кылалбадык.
Иш эмес, кур кыялдын тоосун үйүп,
Биринин өтөөсүнө чыгалбадык.
Ошончо осолдук кылып жүрүп,
Бир ирет бетти басып кызарбадык.
Кут үркүп кайдадыр уча качып,
Каргалар каркылдашат төбөбүздө.
Сындырым нанга жетпей азып-ачып,
Карылар калчылдашат көчөлөрдө.
Өрт коюп түркөйлүккө, кереңдикке
Жаркыган таалай жолун чабалбадык.
Кечиргиле аталар, кечиргиле,
Биз силерди бактылуу кылалбадык.
Асылбек Исмаиловдун жары, белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова - өзүнүн укук коргоочулук ишмердигинде Асылбек Исмаиловдун адамкерчилигинин, калыстыгынын, чыгармачылыгында туткан идеяларынын таасири чоң экендигин белгиледи:
- Асылбектин тагдыры кыргыз элинин тагдыры менен чогуу эле. Жакыр адамдардын ою, үнү, Кыргызстандын башынан өткөрүп жаткан оор турмушу – баары анын чыгармачылыгында болчу.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айлынын Касымалы Бектенов атындагы орто мектебинин окутуучусу Жумагүл айым Асылбек Исмаиловду мындайча эскерди:
- Бул кишинин чыгармалары элге көп жайылбай, жең ичинде калып калган. Мисалы “Эврика” пьесасы чет жактарга да чыккан экен. Өзү акырын жүргөн киши болчу, акырын кете берди.
Акын Асылбек Исмаилов “Атпагыла акынды” аттуу ырында акындыкты элдин руханий байлыгы катары даңазалап, элди ал байлыкты коргоого үндөйт:
Атпагыла акынды
Атпагыла акынды, атпагыла,
Акын жаагын ок менен жаппагыла.
Акындар ажалынан коргоно албайт,
Андан көрө эл “кенчин” сактагыла.
Күнөө кылса, анысын актагыла,
Ушак айтып сыртынан сатпагыла.
Бул жарыкка жаралган ырдоо үчүн,
Жашаганды билбесе - какпагыла.
Атпагыла акынды, атпагыла,
Жоготом деп увара тартпагыла.
Атсаңар акын өлөөр, ыры калаар,
Жебе болуп сайылып атканыңа.
Атпагыла акынды, атпагыла
Кандай төгүп талантын чачпагыла!
Өчүргөн сайын өөрчүйт, бу шумдук калк,
Өчүрөм деп увара тартпагыла!
Атпагыла акынды, атпагыла!
Белгилүү сынчы адабиятчы Алым Токтомушев Асылбек Исмаилов менен көп жылдар жолдоштук мамиледе болгон. Ал Асылбек Исмаиловдун чыгармачылыгына төмөнкүчө токтолду:
- Аңгемелеринде ийкемдүү юмор басымдуу келип, а негизи бардык чыгармаларында чындыктан тайбаган “тапан” болчу. Мыкты аңгемелери, повесттери, пьсалары, ырлары бар эле. Өкүнүчтүүсү көзү тирүүсүндө китептери чыкпады.
Төлөйкан Исмаилова жары Асылбек Исмаиловдун чыгармаларын учурда басууга даярдап жатат.