Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

“Манас” дүйнөдөгү бардык кыргыздарга таандык


Кыргыз элинин алп эпосу «Манас» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан кирип калганы кыргыз коомчулугунун намысына тийген окуя болуп жатат.

Чынында «Манас» дастаны кыргыз элине гана таандык экендигин эч ким танбайт. Бирок 22-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында «Айтыш» коомдук корунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан киргизилгенин одоно ката катары баалап, бул катачылыкты оңдоп, өкмөттүк деңгээлде кайра сунуштоо керектигин билдирди.

-“Манас” эпосу Кытай элинин маданий мурасы деген мындай маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланган. «Манас» эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек. Антпесе, дүйнөлүк коомчулук эпостун кайсы элге тиешелүү экендигинен адашып калышы толук мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн биз Кыргыз Республикасынын Президенти, өкмөтү жана Жогорку Кеңешке кат менен кайрылуу жасамакчыбыз. Ошондой эле бул маселеде жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл, - дейт Садык Шер-Нияз.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин айтымында кытайлык кыргыздардын мындай демилгесине баа бергенге болот, бирок «Манас» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши зарыл:

-Себеби, «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга келиши мүмкүн. Бул катачылыкты дароо оңдоп, ЮНЕСКОго кат жолдоп, түшүндүрүү керек. Кол топтоп, ЮНЕСКОго чейин жиберебиз. Кыргыз коомчулугу кайдыгер болуп, жөн жатып калбайт.

Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев “Манас” эпосу Кытай мамлекетинин атынан эмес, кытайлык кыргыздардын унутулуп бараткан эпосу катары дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргендигин, Кытайда “Манас” эпосу 18 том болуп жарык көргөнүн айтты. Тышкы иштер министрлиги ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:

-“Манас” эпосу Кытай мамлекетинин же алардын Тышкы иштер министрлигинин атынан эмес, Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы улуттук коомдук кордун атынан киргизилгендиги жөнүндө маалымат менен кабардарбыз. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлиги макулдашып, ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла турган болду. Биз дагы 16-октябрда эл бул боюнча тынчсызданган катыбызды Тышкы иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Кытай мамлекети “Манас” эпосу кыргыздарга гана таандык экенин танбайт. ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстанды биринчи жазууга, кыргыз элине гана таандык дастан экенин кошумча маалымат менен билдирүүгө да макул.

Чүй мамлекеттик университетинин ректору Жедигер Саалаевдин пикиринде Кытайда жашаган боордош кыргыздар дагы “Манас” эпосубуз менен кыргызстандыктар сыяктуу эле сыймыктана алат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай мамлекетинин атынан киргени намыска тийгени менен бул дастандын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Тактоо иретиндеги маалымат: Кыргызстан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү үчүн өзүнүн билдирүүсүн 2000-жылдары эле берген.

Бирок анда ЮНЕСКОнун катчылыгы «Манас» дүйнөлүк коомчулукка жакшы эле таанымал экендигин белгилеп, буга жакыныраак башка демилгени көтөрүүнү сунуштаган.

Ушундан кийин кыргыздын төкмө акындык жана дастанчылык өнөрү 2003-жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
XS
SM
MD
LG