Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Бишкекте Иран фильмдеринин жумалыгы өтөт


8-февралдан 12-февралга чейин Кино үйүндө Иран кинотасмаларынын жумалыгы өтөт жана Ирандын көрүнүктүү кинорежиссеру Шохре Ларисане айымдын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле учурда Түштүк Кореяда өтүүчү кыргыз киносунун жумалыгына 10 кинофильм тандалып алынып, англис тилине которулууда.

Кино үйүндө өтө турган Иран кинотасмаларынын жумалыгынын программасына толук метраждуу беш көркөм фильм кирди. Ал кинофильмдер Иран кино тармагынын соңку мезгилде тасмага алынган эң мыкты фильмдери болуп саналат жана кыргыз көрөрмандарына биринчи ирет көрсөтүлмөкчү.

Бишкекке жакын арада келиши күтүлүп жаткан көрүнүктүү кинорежиссер жана актриса Шохре Ларисаненин да бир кинотасмасы бар.
Жумалыктын алкагында Кыргыз киноматографисттери менен Иран элчилигинин ортосунда кино тармагындагы байланыштар боюнча пикир алмашуулар жүрөт.

Эки өлкөнүн кино тармагындагы байланыштары буга чейин да жүрүп келгенин белгиледи "Кыргыз кино" департаментинин директору Абибилла Пазылов:

- Биз Иран киночулары менен дүйнөлүк кинофестивалдардын алкагында көп кездешебиз. Андан сырткары Тегеран кинофестивалында Кыргыз кинофильмдери, Ысык-Көл кинофестивалында Иран кинолору сыйлыктарга жетишип келатат. Алдыдагы жумалыктын белгиленип калышы да, буга чейинки байланыштардын негизинде келип чыкты.

Адистердин баасында Иран фильмдери коңшулаш турган Пакистан, Индия мамлекеттеринин кинотасмаларынан чындыкка жакындыгы, реалдуу окуяларды чагылдыргандыгы менен айырмаланат жана Ирандын учурдагы алдыңкы кинорежиссерлорунун көрүнүктүүсү катары Махмал Бапты белгилөөгө болот.

Кыргыз киноматографисттер союзунун төрагасы Таалай Бапановдун айтымында, Иран мамлекети соңку 10 жылдан бери өзүнүн кинотармагын идеологиялык курал катары өнүктүрүүгө көңүл коюп келатат:

- Дүйнөдөгү өнүккөн чоң-чоң мамлекеттер кинону идеологиялык курал катары колдонушат. Мисалы Америка, Япония, кийинки учурда Кытай. Иран мамлекети муну билет дагы, ошондуктан кинематографияга көп көңүл буруп жатат. Ошондуктан да Иранда эл аралык кинофестиваль жыл сайын өтүп турат.

Ошондой эле Иран кинематографиясы соңку мезгилде материалдык-техникалык базасын чыңдап, айрыкча аннимациялык фильмдерди жаратууда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен теңтайлашууга жетишти:

- Иран кинематографиясы мультипликациялык фильмдерди жаратууда Голливуддагы “Дисней” тартып жаткан фильмдерден кем калбай келе жатат. Ошолордукундай техникалык каражаттары бар. Былтыр алар ошондой аннимациялык фильмдери менен Бишкекке келип кетишкен.

Учурда "Кыргыз кино" жетекчилиги кыргыз кинотасмаларынын жумалыгын өткөрүү боюнча Түштүк Корея мамлекетинин киноишмерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдиришинче Түштүк Кореяда өтчү жумалыкка 10 кыргыз кинофильми тандалып алынды:

- Өзүбүздүн классикалык фильмдерден – Океевдин, Убукеевдин, Шамшиевдин, Базаровдун кинофильдеринен алып жатабыз. Анан албетте эгемендик жылдарында тартылган Актан Арым Кубаттын, Эрнест Абдыжапаровдун, Бакыт Карагуловдун жана ыңгайы келсе жаштардын да чыгармаларынан алалы деп жатабыз.
XS
SM
MD
LG