Кыргыз кинематографисттер союзунун кезексиз чукул чакырылып жаткан курултайы биринчиден союздун төрагасы Таалай Бапановдун Испания королдугунун Кыргызстандагы ардактуу элчиси болуп дайындалганына байланыштуу өтүп жатат. Таалай Бапанов аталган союзда 2 жыл катчы, 5 жыл төрага болуп иштеп келди.
Испания королдугунун Ардактуу элчиси кызматын аткаруу менен Таалай Бапанов учурда “Кыргыз киносун колдоо” фондун түзүп жатканын кабарлады “Азаттыкка”:
- Испания королдугунун Кыргызстандагы Ардактуу элчиси болгонумдан кийин, консулдук Бишкекте эле жайгашкан. Андыктан мен Бишкекте эле болгонуман кийин, атайын “Кыргыз киносун колдоо” фондун түзүп жатам. Ал фонддун максаты – кыргыз киночуларын, өзгөчө ардагерлерин материалдык жактан колдоо жана жаш таланттарга колдоо көрсөтүү. Жаш таланттарга чеберчилик класстарын уюштуруп, алардын кыска метраждуу кинотасмаларды жаратуусуна акча берип, кинопродюссердик борбор ачайын деп жатам. Азыр бул максаттар боюнча иштер баары даяр болуп калды. Курултай болуп бүтсө эле, мен бул иштерге киришем.
Кыргызкино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун пикиринде, курултайдын чукул чакырылышына Кыргыз кинематографисттер союзундагы бир топ маселелердин чечилбей келгени да себеп болууда.
Мисалы, алдыдагы курултайда союз мүчөлөрүнүн социалдык проблемалары, соңку мезгилде жаралган кинотасмалардын оош-кыйыштары каралмакчы:
- Чыгармачыл союздун негизги милдети - чыгармачыл союздун мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо, чыгармачыл союздун мүчөлөрүнүн чыгармачыл жактан өсүшүнө кам көрүү болуп саналат. Менин оюмча чыгармачыл союз бул милдеттерден бир топ четтеп кетти кийинки мезгилде. Мына канча фильмдер тартылып жатат, жеке “Кыргызфильмде” эмес, жалпы республикада, жеке студияларда, чет өлкөлөрдөн тартып келип жатышат. Мына ушуларды талдоо, баалоо болбой калды.
Таалай Бапанов буга чейин кыргыз киносынчысы Владимир Михайловдун “Кыргыз кинолентасы” жана киноишмер Темир Дүйшөкеевдин “Кино изи” аттуу китептеринин жарыкка чыгышына колдоо көрсөттү.
Мына ушундай жеке демилгесин дагы улантарын, Кыргыз киносу тууралу эмгектердин жарыкка чыгышына дагы да колдоо көрсөтөрүн маалымдады аталган киноишмер:
- Мындан ары дагы кыргыз киносу боюнча кандай гана эмгек жазылбасын, ким гана жазбасын мен каржылап китеп кылып чыгарып берүүгө, кыргыз киносун пропагандалоого жардам берүүгө даярмын.