“Эки жоокер, бир тууган” даректүү кинотасмасы Кыргыз кино департаменти менен Маданият агенттигинин биргелигинде “Кыргызфильм” жана “Мурасфильм” киностудиялары тарабынан тартылды.
Аталган даректүү тасманын каармандары Жумгал районунун Чаек айылында жашашкандыктан, фильм ошол жакта тасмага алынды.
Алдыдагы максатыбыз Улуу жеңиштин 65 жылдыгынын алдында аталган кинотасманын каармандары менен жолугушууларды уюштуруу жана фильмдин бетачарын көрөрмандарга тартуулоо деди аталган даректүү тасманын автору жазуучу Абибилла Пазылов:
- Архивдик материалдар даяр. Азыр кинокадрларды топтоо иштери жүрүп жатат. Биздин максатыбыз 9-майга, Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата фильмди элге алып чыгып, фильмдин каармандарын эл менен жолугуштуруп, Бишкекте жана Чаекте атайын жолугушууларды уюштуралы деп жатабыз.
“Эки жоокер, бир тууган” фильминин каармандары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда биринин артынан бири майданга аттанып, бирок кудайдын буйругу менен экөө тең эли-журтуна аман-эсен кайтып келишкен.
Каармандардын согуштан кийинки тагдырына Абибилла Пазылов төмөнкүчө токтолду:
- Азыр экөө тең 90 жашка жакындап калды. Согуштан кийин бир туугандардын бири советтик партиялык кызматтарда, экинчиси элдин сакчылыгында – милицияда кызмат кылып, учурда бири мурдагы берилген идеяларында калса, экинчиси намазга жыгылып, шарияттын жолуна түшкөн. 20 мүнөттүк бул даректүү тасмада мына ушул эки тагдыр тартууланат көрөрмандарга. Анан дагы эң башкысы, ажал ойногон алааматтан экөө тең аман кайтып, тукум уланып, бала-бакыра, небере-чөбөрө “атакелеген” бактылуу тагдыр тууралу бул тасма.
Фильмдин оператору Мурат Алиев, оператордун жардамчысы Бакыт Кыпчакбаев, ал эми режиссер монтаждоочусу Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ракыя Шершенова.
Ракыя Шаршенованын пикиринде Ата мекендин ишине берилген, эл бейпилдигин коргоого алган мындай тагдыр ээлеринин эрдиктери жөнүндөгү кинотасманы айрыкча бүгүнкү жаштарга көрсөтүүнүн – патириоттук тарбиялык мааниси чоң. Өзгөчө батыштын максатсыз урушчул, бүлүндүргүч кинофильмдеринин таасиринде калган айрым жаштар, эл бейпилдигине, адам өмүрүнө жеңил карашууда:
- Көп жаштарыбыз тынчтыктын баасын, кадырын биле беришпейт. Айрыкча батыштын кыйраткыч, бүлүндүргүч фильмдерин көп караган жаштар учурда да көп тополоңдорду, мисалы уурдап-тоноолорду жасашууда. Мурда элге мына ушундай ардагерлерибиздин эрдиктери жөнүндөгү кинофильмдерди киноишмерлери жер-жерлерде кыдырып көрсөтүшчү. Азыр андай тарбия жок болуп калды. Ошондуктан жаштар көп тарбиялуу эмес.