Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Ыңкылап күндөгү майрамдык оюн-зооктор жана ат оюндары


 Бишкектеги ат майданында башталган көкбөрү ат оюнунун жыйынтыгы да бүгүн чыгарылмакчы.
Бишкектеги ат майданында башталган көкбөрү ат оюнунун жыйынтыгы да бүгүн чыгарылмакчы.

Бүгүн мамлекеттик опера жана балет театрында 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылаптын 4 жылдыгы ырасмий белгиленет. Ошондой эле 26-мартта Бишкекте ачылганы жаткан дүйнөлүк сүрөткерлердин көргөзмөсү да ыңкылаптын 4 жылдыгына арналып ачылып жатат.

Бүгүн малекеттик опера жана балет театрында салтанаттуу белгиленгени жаткан ыңкылаптын 4 жылдыгына арналган иш чараны мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу ачмакчы. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтымында аталган жыйынга ар тармактан ырасмий өкүлдөр катышат жана Бишкектин маданий жайларында, аймак борборлорунда майрамдык иш чаралар менен коштолот:

- Опера балет театрында өтчү жыйынга саясатчылар, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, Жогорку Кеңештен депутаттардын өкүлдөрү катышат. Өлкөбүздүн аймактарында – жаңы конуштарда, эс алуу жайларында майрамдык оюн-зооктор уюштурулат. Музейлерде, китепканаларда элдик ыңкылапка арналган тематикалык көргөзмөлөр өтөт.

Ошондой эле 21-март Нооруз майрамында Бишкектеги ат майданында башталган көкбөрү ат оюнунун жыйынтыгы да бүгүн чыгарылмакчы.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде 26-мартта саат 16 да ачылганы жаткан “Дүйнө алтындары Кыргызстанда. Учурдагы Жибек жолунун казыналары” аттуу дүйнөнүн 13 мамлекетинен 25 алдыңкы сүрөткердин эмгектери катышкан эл аралык көргөзмө да мамлекеттик музейдин 75 жылдыгынын алдында ыңкылап күнүнө арналып ачылып жатканын “Азаттыкка” кабарлады аталган музейдин директору, Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев. Анын айтымында бул көргөзмөгө Англиядан, Германиядан, АКШдан, Австриядан, Грециядан, Ирандан, Испаниядан жана дагы башка өлкөлөрдөн атактуу сүрөткерлер катышат:

- Мисалы алардын арасында Россиянын белгилүү академиги Маримото, токиолук профессор Ситимуролор бар. Ситимуро заманбап дизайн боюнча өтө таланттуу адис. Ал Бишкекте жаш сүрөтчүлөргө дизайндан атайын окуу өтөт ушул келишинде. Ошондой эле Германиядан Цобел деген чоң сүрөтчү жана Мунштайнер деген көркөм өнөр өкүлү келатат. Бул көргөзмөнүн Кыргызстанда өтүп жатышы маданий чоң окуя. Бир чети аталган көргөзмө Кыргызстандагы ыңкылаптын 4 жылдыгына да арналып ачылып жатат.

“Дүйнө алтындары Кыргызстанда. Учурдагы Жибек жолунун казыналары” аттуу көргөзмөнүн алдында 25-мартта саат 11 де “Кабар” агенттигинде ушул көргөзмөгө эмгектери коюлуп жаткан сүрөткерлер катышкан пресс жыйын өтөт. Аталган көргөзмөнүн башкы максаты – саясаттан тыш, убакыттан кыйла алдыда бараткан чыгыш менен батышты байланыштырган көркөм дүйнөнүн тереңдигин, гумандуулугун көрөрманга тартуулоо.









XS
SM
MD
LG