Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Салижан Жигитовду эскерүү кечеси өтөт


11-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде белгилүү акын, адабиятчы жана коомдук ишмер маркум Салижан Жигитовду эскерүү кечеси өтөт. Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн бери “Жаңырык” аттуу чакан ыр китебинен башка кол жазмалары китеп болуп басылып чыга элек.

Салижан Жигитовду эскерүү кечеси 11-февралда эртең менен бейитине гүл коюу менен башталып, чыгармачылыгы боюнча илимий жыйын Чыңгыз Айтматов атындагы Жал кампусунда уланат.

Алгач Салижан Жигитов тууралу 20 мүнөттүк даректүү тасма көрсөтүлүп, андан кийин маркумдун чыгармачылыгы боюнча докладдар жасалат. Докладдар арасында акындын ырларынан студенттер көркөм окушат.

Салижан Жигитовду эскерүү кечеси Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология факультети тарабынан уюштурулуп жатат. Аталган факультеттин мүдүрүнүн орунбасары профессор Лайли Үкүбаева Салижан Жигитовдун чыгармачылыгына төмөнкүчө токтолду:

- Салижан Жигитов татынакай ырларды жазды. Айрыкча, Кыргыз адабият таануу илиминде, сын илиминде 60-70-жылдардан баштап абдан күрдөөлдүү иштеп, Кыргыз адабиятынын ар түрдүү актуалдуу проблемалары жөнүндө эмгектерин жазды. Көркөм котормолордо – түрк акыны Назым Хикметтин, орус акындарынын чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырды. Ал эми эгемен жылдардын башында агай өзүн коомдук-саясий ишмер катары да көрсөттү.

Кечеде белгилүү адабиятчылар Бүбүйна Орузбаева, Сулайман Каипов, Мухитдин Күмүш жана Кемаль Гөздөр Салижан Жигитовдун чыгармачылыгы тууралу сөз сүйлөшөт.

Салижан Жигитов жаңы каза болгондо белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков, кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана акын Олжабай Шакирлер маркумдун кол жазмаларын тактап, басмага даярдамак болуп, анын чыгымдарын Кыргыз-Түрк “Манас” университети көтөрмөк болгон.

Салижан Жигитовдун кол жазмалары тууралу кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов эки жыл илгери мындай пикирин билдирген болчу:

- Кол жазмалары бир беш китептей болот го. Буга илимий эмгектери, кара сөздөрү, пьесалары, публицистикалары жана маектери кирмекчи. Салижан Жигитов айрыкча кийинки 10-15 жылда өтө көп маектерди, макалаларды жаратты. Мен кол жазмаларын карап отуруп дагы бир жолу анын эмгекчилдигине, патриоттугуна, интеллектуалдуулугуна жана улуу инсан экендигине баа бердим.

Салижан Жигитовдун кол жазмаларынын басылып чыгышынын колго алынышы учурда кандай жүрүп жатат деген суроо менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Каиповго кайрылдык:

- Китептин чыгышы азырынча тактала элек. Кол жазмаларын тактап жатканбыз. Алар ар кимдин колдорунда болуп жатат. Кол жазмаларын жыйноо боюнча өзүнчө бир топ түзүшүбүз керек болуп жатат. Муну биз атайын проектиге айландырып иштешибиз керек го. Негизи Салижан Жигитовдун толук чыгармалар жыйнагын басып чыгаруу биздин максатыбыз. Бирок ишке ашыруу жагынан бир аз кечеңдеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG