Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

К. Райымкул уулу: Биз үчүнчү революцияны каалабайбыз


Кыргызстандын Баш мыйзамынын долбоорун эл аралык уюмдар менен бирге талкуулоо учуру, 4-май 2010-жыл
Кыргызстандын Баш мыйзамынын долбоорун эл аралык уюмдар менен бирге талкуулоо учуру, 4-май 2010-жыл

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер жыйын куруп 93-жылдагы Конституцияны референдумга коюу жөнүндө сунуш көтөрүштү. Бул маселенин чоо жайын Коомдук парламенттин мүчөсү, Касымбек Райымкул уулунан сурадык.


- Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер жыйын куруп 93-жылдагы Конституцияны референдумга коюуну сунуштаган экенсиздер. Мындай сунушту эмнеден улам көтөрүп жатасыздар?

- Убактылуу өкмөт келгени отуруп түз эле жерден Конституция иштеп чыгып коюшту. Конституцияны бар Конституциянын негизинде иштеп чыгыш керек эле. Тилекке каршы, Убактылуу өкмөт өзүбүздүкү деп эле иштеп чыгып коюшту.

93-жылкы Конституцияга Кыргызстанда эгемендик алгандан кийин легитимдүү Конституция болуп эсептелет. Ошол 94-жылы Акаевдин Указы менен бузулган, ошондон бери бузулуп келатат. Акаевден кийинки Бакиев да көңүл бурган жок буга, азыркы Убактылуу өкмөт дагы буга көңүл бурбастан өзүнүкүн иштеп чыгып койду. Ошол себептен биз 93-жылкы Конституцияга келиш керек деп атабыз. Мыйзамдуу жолу ушул.

- Сиздердин бул демилге-сунушуңуздарды колдобогондор, айталы ошол эле Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кыргызстан 93-жылдагыга караганда өзгөрдү, ошондуктан ал Конституция туура келбейт дегендей айтты эле. Буга сиздер кандай карайсыздар?

- Туура, биз Ысык-Көлгө барып активдер менен жолукканда айтканы эсимде. Андан бери көп убакыт өтүп кетти, өзгөрдү, көп мыйзамдар чыкты. Мен бир мисал келтирейин, Ф.Куловду, И.Исаковду түрмөдөн бошотуп чыгарышты. Ф.Кулов беш жылдан кийин чыкты түрмөдөн. Бул адамдар экен, алардын укугу корголду.

Ал эми Негизги мыйзам Конституциянын укуктары бузулуп атат. Бул 94-жылы түрмөгө камалган. Эми булар аны түбөлүк жок кылып, өлүм жазасына тартып атышат. Ошол себептен мунун укугу кайрылыш керек. Дагы бир мисал, жакында эле бир мамлекет 73-жылдагы Конституциясына кайрылып келди. Ошол себептен, ырас, убакыттык өткөнүнө каршылыктар бар, бирок негизги мыйзамдуу жол 93-жылкы деп эсептейбиз.

- Азыр сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору эмнеси менен канааттандырбай жатат? Мисалы бир топ эксперттер, эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү аны оң баалап жатышат.

- Биздин коңшулаш мамлекеттер айтып атпайбы, Кыргызстандын ичинде болуп аткан бардык нерселердин баарын өздөрү гана чечет деп. Ошол себептен алар бизге тиги-бу деп айтпайт, колдоо да көрсөткөн жок. Экинчиден, буга чейин деле эл аралык уюмдар шайлоолор, референдумдар жакшы өткөн деп мактап келишкен. Алардын жыйынтыгы эмне болду? Төңкөрүш менен бүттү. Биз эмнени каалап атабыз? Биз үчүнчү төңкөрүштү каалабай жатабыз. Биз Кыргызстандын келечегинде туруктуу, анык Конституция болсун деп атабыз. Ошол себептен биз 93кө келели деп айтып атабыз. 93кө келип, андан ары кетмейинче бул кайра эле кайталана берет.

- Кечээ жыйыныңыздарда алты пункттан турган токтом кабыл алынган экен, анда Баш мыйзамдан башка кандай суроолор болду?

- Биз өтө курч кырдаалда турабыз. Убактылуу өкмөттүн иштеп чыккан Конституциясын рефрендумга чыгарып туруп талкуу жүрүп атат. Бирок элдерде нааразылыктар кайра көбөйүп жатат. Ошону гана биз талкууладык. Азыр биз эң орчундуу маселе деп Конституцияны жана референдум маселесин ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG